Коӊшу Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болуп өттү. 26-апрелге белгиленген президенттикке ат салышта Нурсултан Назарбаев шайлоочулардын 97,75 пайызынын добушун алып, жеӊип чыкты. Аны менен теӊ тайлашмакчы болгон 2 талапкер биригип 3 пайызга жетпеген добушка ээ болушту.
«Биз ачык коомдо жашайбыз, ошол үчүн сынга алуу болот. Добуш берүүчүлөрдүн 95 пайызы шайлоого катышты, алардын 97 пайыздан көбүрөөгү мага добушун беришти. Супер демократиялык өлкөлөр үчүн мындай цифралар кабыл алынгыс. Бирок мен эч нерсе кыла албайм. Эгерде кийлигишсем, мен демократияга каршы барган болот элем. Жеӊип чыкканым үчүн кечирим сурайм»,- деди Нурсултан Назарбаев чет жердик өкүлдөр жана байкоочулар менен болгон жолугушуусунда.
Эске салсак, Нурсултан Назарбаев 1989-жылдан тарта Казакстандын алмашкыс өлкө башчысы болуп келе жатат. Бешинчи ирет өлкө башчылыгына келген Нурсултан Абишевичтин инаугурациясы 29-апрелде Астана шаарында болуп өттү.
Айта кетүүчү жагдай, 30-мартта коӊшу Өзбекстанда да президенттик шайлоо болуп өткөн. Аталган өлкөдө 1989-жылдан тарта президенттик тактыны бербей келе жаткан Ислам Каримов шайлоочулардын 91 пайыздан ашык добушун алып, жеӊишке жеткен эле.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg