Жеӊиш күнүнө арналган аскер парады 9-майда өткөрүлөт. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштагы жеӊиштин 70 жылдыгына арналган аскердик парадды 9-майда Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында өткөрүү токтомуна кол койду. Президент өзү 9-май күнү Москва шаарында өтүүчү парадга катыша тургандыгына байланыштуу ал Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоевге аскердик парадды кабыл алууга тапшырма берди. Аскердик парадга мамлекеттин Куралдуу күчтөрүнө кирген аскердик бөлүктөрдүн жоокерлери жана офицерлери катышып, аскердик техника жана курал-жабдыктар көрсөтүлөт.
Буга чейин өлкө башчы 9-май күнү Орусияда болуп калары эске алынып, Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган аскердик парад 7-майда өтө турганы жөнүндө маалыматтар тараган. Бул маалыматтын айланасында коомчулукта кызуу талкуу жүрүп, сын-пикирлер жаралган болчу.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg