27-апрель күнү Алмазбек Атамбаев Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмияновду кызматынан бошотуу боюнча жарлыкка кол койгон. Илмиянов өзүнүн отставкага кетүү ниетин анын ысымынын айланасында жүрүп жаткан сөздөргө чекит коюу үчүн жасалгандыгын түшүндүргөн. Тар чөйрөдө ал парламенттик шайлоодо КСДПнын башкы штабын жетектей турганы жөнүндө сөздөр айтылууда.
Ал эми 29-апрель күнү президент Илмияновдун ордуна Улукбек Мариповду дайындады. Ал буга чейин президенттин жардамчысы болуп иштеп келген. Улукбек Марипов экс-депутат Асамидин Мариповдун уулу экени белгилүү.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg