17-18-декабрь, Спорт Ордосу «ЖЫЛДЫН ЖЫЛДЫЗЫ-2006»

ЖЫЛДЫН ЖЫЛДЫЗЫ КАНТИП ТАНДАЛАТ?
Жылдын супер жылдыздары 18-декабрь күнү аныкталат. Концерттин биринчи күнү, 17-декабрда көрүүчүлөргө жылдын супер жылдызы болууга талапкер ырчылардын тизмеси жазылган анкета таратылат. Көрүүчүлөр жогорку номинацияга татыктуу деп эсептеген ырчысынын тушуна белги коюп, концерттен кийин анкетаны урнага таштап кетишет. Концерттин экинчи күнү, башкача айтканда, 18-декабрда саат 17:00дө сайттагы добуш берүү токтотулат да, андагы пайыздык көрсөткүч анкетадагы пайыздык көрсөткүчкө кошулуп, кимдин пайызы көп болсо, ошол жылдын супер жылдызы болот.
Ал эми сайттагы “Жылдын супер телеалпаруучусу” жана “Жылдын супер ди-джейи” номинацияларына добуш берүү 15-декабрда 12:00дө токтотулуп, кимдин пайыздык көрсөткүчү көп болсо ал супер телеалпаруучу жана супер ди-джей болуп табылат да, 17-18-декабрдагы концертти алып баруу укугуна ээ болот.


ӨЗҮҢҮЗДҮ СУПЕР ЖЫЛДЫЗ БОЛГОНГО ТАТЫКТУУМУН ДЕП ЭСЕПТЕЙСИЗБИ?

Урмат Усенов, “Жылдын супер ырчы мырзасы” номинациясына талапкер:
– Албетте, ар кайсы ырчынын өзүнчө өзгөчөлүгү болот. Менин да балким, бир жагымдан кемчилигим болсо, бир жагымдан башкалардан өзгөчө­лүктөрүм бардыр. Анткен менен мен өзүмдү жогорудагы наамга татыктуумун деп эсептебейм. Анткени, бардык жагымдан элдин 100 пайызына жагам деп ойлобойм. “Супер ырчы мырза” наамына татыш үчүн дагы-дагы эмгектенип, көбүрөөк аракет кылышым керек. Балким, бул жылы болбосо, кийинки жылы “Супер ырчы мырза” атыгып калаармын...

Артык Саитов, “Жылдын супер ыры”
номинациясына талапкер
“Атага кат” ырынын автору жана аткаруучусу:
– “Атага кат” – чыныгы супер ыр. Ырдын жарыкка чыкканына үч ай гана болсо да ырды азыр укпаган, билбеген адам жок болсо керек. Жаш баладан баштап карыган чалга чейин бул ырга кайдыгер карабайт. Жакында бир мектепке жолугушууга барсак, балдар хор менен ырдап жүрүшөт. Муну угуп алып бир чети сүйүнсөк, бир чети аябай таңкалдык. Учурда “Жылдын супер ырына” татыктуу “Атага каттан” башка ыр жок болсо керек.

Мырза Айдаралиев, «Жылдын супер эстрадалык тобу»
номинациясына талапкер «Аза-Универсал» тобунун жетекчиси:
– Ар ким эле өзүн мыктымын деп эсептесе керек. Биз «Көп эстеп» ырыбыз менин ушул жылы өзгөчө популярдуулукка ээ болуп, элдин көңүлүн өзү­бүзгө бура алдык. Ырыбыз да, бийибиз да эч кимди кайдыгер калтырбай, көпчүлүккө жакканын баары эле билишет. Кыскасы, «Аза-Универсалдын» бул жылдын супер тобу болушунан үмүтүм бар.

Неля, «Жылдын супер ырчы айымы» номинациясына талапкер:
– Татыктуумун деп оозумду толтуруп айта албайм. Эмнеси болсо да элдин тандаганы эле туура го. Ошентсе да мен бул жылы чыгармачылыкта башка атаандаштарыма салыштырмалуу көп аракет кылып, катуу иштегенимди айтып коюшум керек.

Чыңгыз Мырзаев, “Жылдын супер ди-джейи” номинациясына талапкер:
– “Өзүн мактагандан өл­гөнчө кач” дешет го. Анын сыңары, мен өмүрүмдө өзүмдү мактап көргөн эмесмин. Ошондуктан, бул жо­лу да өзүмдү кыйынмын дештен алысмын. Менин эмгегимди эл көрүп, эл таразалап жаткан соң, эл эмне де­се мен макулмун.

Назира Айтбекова, “Жылдын супер телеалпаруучусу” номинациясына талапкер:
– Теледе эки сөздүн башын бириктире албаган телеалпаруучуларыбыздын бар экени да жалган эмес. Алардын алдында мен өзүмө өзүм жакшы эле баа берем. Чынын айтсам, “Жылдын супер телеалпаруучусу” деген номинацияга татыктуумун деп тартынбай эле айта алам. Бул жылы өзгөчө дем, өзгөчө күч менен иштегенимди башкалар да байкашса керек. Ошону эске алып, күйөрмандарымдын да мени колдоп, мен үчүн добуш берээрине ишенем.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 213, 1-7-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан