28-апрель күнү президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеӊештин фракция лидерлери, өкмөт жетекчилиги катышкан Коргоо кеӊешинин кезектеги отуруму болду. Жыйында көйгөйү көп энергетика тармагынын абалы, аны мындан ары өнүктүрүү маселеси каралды.
Өлкө башчы «Өткөн кыш оӊой болгон жок, энергетикадагы талуу жерлерибиз дагы бир жолу оркоюп көрүндү» деп билдирди. Мындай жагдай Кыргызстанды коӊшуларга көз каранды кылып, сырттан кымбат электр энергиясын сатып алууга мажбур кылганын кошумчалаган Атамбаев энергетикалык тармактын азыркы башкаруу системи энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга жараксыз экендигин айтты.
Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев тармактын абалын жакшыртуу үчүн башкаруунун бир нече жолун сунуштады. Алардын ичинде бирдиктүү энергетикалык холдинг түзүү маселеси да бар. Жыйында мамлекеттин энергетикалык потенциалын күчөтүүгө багытталган инфраструктуралык долбоорлорго өзгөчө көӊүл бөлүп, аларды ишке ашырууну тездетүү милдети коюлду. Өлкө башчы «мындан ары Кыргыз Республикасында эч кандай жарык өчүрүлбөшү керек» деди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg