Кыргыз өкмөтүн 2014-жылдын апрель айынан тарта жетектеп келген Жоомарт Оторбаев өткөн аптада премьер-министрлик кызматтан баш тартып, отставкага кеткен. Адаттагыдай премьер кызматтан кетерин жар салары менен ордуна ким келет деген суроо кызуу талкуулана баштаган.
Бул аралыкта өкмөт башчылыкка келет деп Экономика министрлигин жетектеп келе жаткан Темир Сариев, Бишкектин экс-мэри Иса Өмүркулов, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп келе жаткан Кубатбек Боронов, вице-премьердин милдетин аткаруучу Валерий Диль жана башка бир катар саясатчылардын ысымдары аталды. «Ата Мекен» фракциясы өкмөт башчылыкка талапкер сунуштоодон баш тартты. Ал эми «Ар-намыс» вице-премьерлик кызматтарды аркалап келе жатышкан Валерий Диль менен Абдырахман Маматалиевди сунуштады. КСДП Темир Сариев менен биринчи вице-премьердин милдетин аткаруучу Тайырбек Сарпашевдин талапкерлиги каралып жатканын билдирди.
Талапкерлердин арасынан Темир Сариевдин парламентте колдоосу көбүрөөк болуп чыгып, 29-апрелде коалициялык көпчүлүк Сариевдин талапкерлигин колдой турганын маалымдады. Коалиция жетекчиси Феликс Кулов өкмөттү жетектөөгө ким, кандай критерийлер менен тандалып алынышы керектиги тууралуу өлкө башчысы менен сүйлөшүү болгондугун, ириде премьерликке келчү адам парламенттик шайлоого катышпашы керектиги сөз болгонун билдирди. Демек, премьерлик кресло үчүн Темир Сариев жана анын партиясы парламенттик шайлоого катышпоо убадасын берген. Шайлоодон кийин борттон сыртта калбайбы деген суроо туулат. Темир Сариев үчүн шайлоодон кийинки мезгил боюнча да жооп табылган өӊдүү.
Баса, Сариев өкмөттүн курамында орду бош министрликтерге жаӊы талапкерлерди да көрсөттү. Каржы министрлигине Адылбек Касымалиев, Экономика министрлигине Олег Панкратов, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Аргымбек Малабаев келмей болууда.
Гезит басууга кетерде Жогорку Кеӊеш өкмөт башчылыкка Темир Сариевдин талапкерлигин жактырды.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg