Икрамжан Илмиянов, Президенттик аппарат башчысынын мурунку биринчи орун басары: «МАГА БААРЫ БИР ДЕП БАСЫП КЕТҮҮГӨ БОЛБОЙТ. САЯСАТТА БОЛОМ»

Алыскы Лейлек районунун Катраӊ айылынан Ак үйдүн 7-кабатына чейин жеткен Икрамжан Илмиянов – учурдагы кыргызстандыктар эӊ көп сөз кылган персона. Өзү тууралуу «...мага пара сунуштап келгенине өкүнүп, көчөдө калгандар азыр өтө көп. Мен ошондой жеп жүрүп көнгөн адамдардын кекиртегине кептелген кылканга окшошмун» дейт. Ажону жандаган сырдуу бул адам тууралуу айтылган кептердин кайсынысы чындыкка дал келет?
«Супер-Инфого» маек берем дегем. Убаданы аткаруу убактысы келди» деп тосуп алган Икрамжан Илмиянов менен болгон баарлашуубузда жогорудагы суроолордун баарына жооп айтылды. Эки саатка созулган маектешүүдөн кийин анын кызматтан бошотуу боюнча арызына президент кол койду.

ИЛМИЯНОВ ИКРАМЖАН САТТАРОВИЧ

1975-жылдын 1-июлунда Баткен облусунун Лейлек районунун Катраӊ айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Экономист адистиги боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.
Бир нече жылдар бою «Кыргызавтомаш» жана «Электротехник» акционердик коомдорунда айдоочу болуп иштеген.
2009-2010-жылдары «Медиа-Форум» ачык акционердик коомунда экономист.
05.2010-07.2011 – Убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басарынын жардамчысы.
12.2010-12.2011 – Кыргыз Республикасынын премьер-министринин жардамчысы.
12.2011-10.2012 – Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары.
11.2012-04.2015 – Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары.
«Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеӊешчиси» класстык чини бар.
7 бир тууган, азыр алтоо. Бир иниси райондук салык кызматкери болуп иштейт, калгандары жеке ишкердик менен алектенет.
Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы. Келинчеги Анаранын кесиби финансист, учурда кенжетайын карап үйдө.

– Икрамжан Саттарович, «Кыргызалтындын» жетекчиси, каржы министри, транспорт жана коммуникациялар министри, өкмөт башчы өз арызы менен кызматтан кетти. Эми сиз отставкага кетүү боюнча арыз жаздыӊыз. Мамлекеттик башкаруунун жогорку эшелонунда кырдаал курчуп келатабы?
– Жеке менин кызматтан кетүү арызым боюнча алсак, өкмөттүн отставкасы менен жөн гана дал келүүчүлүк болду. Негизи, каржы министри Ольга Лаврова кызматтан кетүүнү 2 ай мурун эле суранган. Маанилүү бир иштерди жыйынтыктоо зарылчылыгынан улам президент эми бошотту. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Дүйшөн Ирсалиев жеке пикиринен улам кызматтан кетти. Дегеле отставкага кетип жаткан министрлер өз кызматтарын жакшы аткарып келе жатышкан.
Кайрадан мага келсек, кызматтан кетүүгө өтүнүч берип отурганым биринчи жолу эмес. Бир нече жолу ушундай учурлар болгон.
– Кайсы учурларда, кандай окуялардан улам арыз жаздыӊыз эле?
– Президенттик аппаратта иштеп жатканыма 4 жылдай болсо, анын 2 жылы мен үчүн жаӊы болгондуктан ишти өздөштүрүүгө кетти. Көп иштер жасалды. Буга чейин өкмөттө да иштебедимби. Ал жак аткаруучу бийлик. Ал эми Президенттик аппаратта жоопкерчилик чоӊ экен. 15 мүнөттү талап кылып чечилген бир иш бүтүндөй бир айыл өкмөтү үчүн чоӊ чечим болушу мүмкүн. Айтор, көп иштер бүттү, жасалды. Бирок бир да журналист, бир да басылма жакшы иштерди жасады деген жок. Мен тууралуу эмнелер гана айтылбады. Канча деген жоромолдор, калп кептер айтылып-жазылып жатты. Эӊ эле акылга сыйбасы – чет жердик маалымат булактарына «Борбордук Азиядагы «серый кардиналдардын» бири» деп жазылып чыкканы болду. Ойлонуп калдым. Таӊ калдым. Жергиликтүү басылмалар «Мамлекетти президент эмес, шоопур башкарып жатат. Мындай мамлекеттин келечеги барбы?» деп чыгышты. Көп кишилер айтып жаткандан кийин өзүӊдө да суроо жаралат экен. «Туура иштеп жатамбы? Президенттин мага артылган чексиз ишенимин актап жатамбы? Балким, мага ишеним артканы үчүн «кызматтан кет» деп айта албай жаткандыр...» деген. Ошондой учурларда кызматтан кетүү өтүнүчү менен арыз жазгам.
– Бирок президент ал кезде сизди кызматтан бошоткон жок...
– Ооба. Арыздарымдын кабыл алынбаганы мага кайра күчтүү иштегенге негиз болду. Чынында, мен жөнүндө жазылып жаткан кептердин бири да чындыкка дал келбеси биздин командага белгилүү. Ооба, элге 100 пайыз жагуу кыйын. Айрыкча бизге. Анткени бизде кызганыч, көрө албастык абдан күчтүү өнүккөн. Саясатчылар ажонун ишенимине кирген адамды алсыз кылганга катуу аракет кылышат экен. Ошондой аракеттерге жол бербей, чын дилим, чын жүрөгүм менен эл үчүн, президент беттеген багыт үчүн, ошону ишке ашырууга аракет кылып иштеп жаткан команда үчүн жан дилим менен иштеп бердим. «Алмашкыс, териси калыӊ...» коомчулукта ушундай ат калбашы керек. Отставканы суранып дагы кайрылганым ушундай жеке жыйынтыгыма байланыштуу.
– Акыркы кызматтан кетүү чечимиӊизди президенттин чөйрөсүндөгү таасир талашкан күчтөрдүн күрөшү жана анда Илмиянов жеӊилүүгө мажбур болду деп кабыл алууга болобу?
– Ушинтип менин намысыма тийип, чукуп айткандар да болду. Бул чечимимди – чоӊ соккуну буруу, багытты түздөө деп кабыл алууга болот. Президенттин алдына койгон багыты аксабашы керек. Бул биз үчүн эӊ маанилүү.
– Сиз тууралуу ар кандай кептер маалымат булактарында айтылып келе жатат. Бир да жолу бирөөнү төгүндөп же ырастап үн катпадыӊыз. Көмүскөдө жүрүүӊүздүн сыры эмнеде?
– Мен Кудайга ишенген адаммын. Милдет кылганды жаман көрөм. Эмне деген гана кептер жазылбады. Ошонун бирине да көӊүл бөлүп, жооп кайрыбадым. «Мындай жакшы иштерди жасадым, канчалаган адамга жардам бердим» деп тизмектеп баштасам милдет кылып калмакмын же мактануу болуп калмак. Шариятта да «садага чапсаӊ да бир Алланын ыраазычылыгы үчүн де» деп айтылат. Пенделигиӊди салып, мен жасадым, баланча үчүн жасадым деген болбойт.
Анын үстүнө интервьюларга убакыт коротконду туура көрбөй келдим.
– Президент арызыӊызды канааттандырып, кызматтан бошотсо, мындан ары да сизди саясаттан көрөбүзбү (ред. маектешүүдөн 3 сааттан соӊ Илмиянов кызматтан бошотулду)?
– Мүмкүн, мен чоӊ саясатчы эместирмин. Бирок журналисттер сыртымдан жазып жүрүп эле чоӊ саясатчыга теӊеп коюшту. Бир чети чындык. Күн сайын ири маселелер чечилген саясаттын чордонунда келе жатам. Мамлекет жаӊы жолго түшүп баратканда эки колду чөнтөккө салып, мага баары бир деп кайдигер басып кеткен болбойт. Жаӊы жолду, жаӊы заманды баштадыкпы, эми Кыргызстаныбызды чыныгы эркиндикке, бакубаттыкка жеткирүү үчүн иштешибиз керек. Андыктан саясатта болом.
– «Атамбаевдин шоопуру – Икрамжан Илмиянов». Бул сөз ар кандай легендалар менен коштолуп, оппоненттериӊиз тарабынан ырааттуу түрдө калыӊ элге таратылып турду. Сиз тууралуу өз оозуӊуздан айтылган маалымат жокко эсе. Кандайча Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдарынын бирине айланып калдыӊыз эле?
– Алмазбек Шаршенович менен 1998-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда иштеп жүргөнүмдө таанышып калдым. Кийинки жылы Атамбаевдин колуна шоопур болуп «Кыргызавтомаш» заводдорунун бирине иштөөгө келдим.
Жумуш издөө убаракерчилиги менен жүргөн кезим да. Атамбаевдин шоопуру болгонго чейин саясатты деле түшүнчү эмесмин, кимиси оппозиция, ким позицияда... Анан 2000-жылдар келди. Шайлоолор, кысымга алуу, бизнести тартып алуу, мандатты тартып алып коюу деген иштер башталды. Ошондой күндөрдө көп жагдайды түшүнүп-билдим. Атамбаев сабырдуу, анан абдан кечиримдүү киши. Канча адамдын жамандык кылганына күбө болуп, «ушуну эч качан кечирбесе керек...» деп ойлочумун. Жок. Бир күнү кечирчү. Өзү канчалык кыйынчылыкта жүрсө да башкаларды унутчу эмес. Заводдо иштеп жүргөн катардагы жумушчунун да ал-акыбалын байкап, кимде эмне маселе болуп жатканын билип, колдоосун көрсөтүп турчу.
Иштеп баштагандан тартып эле мамилебиз тыгыз түзүлдү, көп кызматын алып жүрдүм. Үй-бүлөсү, дос-тааныштары, тууган-уруктары – баары менен бир туугандай катыштамын. Баштан өткөн оор күндөр, мүшкүл маселелер биздин мамилени жылдан-жылга бекемдеп жүрүп отурду.
– Ошондой себептерден улам ушунча жылдан бери бирге келе жатасыздар...
– Көп кыйынчылыктан өттүк. 2000-жылдардын тегереги эле. «Атамбаевди өлтүрүүгө киллер жалданыптыр» деген сөздөр болгон. Атүгүл «каршы көрсөтмө бер» деп сабалган учурларыбыз болду. «Ошонун жанынан кетсин» деп жакындарыма буйрук кылышкан күндөр болду. Бийликтин кысымын жакшы эле көрдүм. Аны эми айтып отуруунун зарылчылыгы жок. Анткени агасынын иштери үчүн иниси, жакындары кысымга алынчу заман өтүп кетти.
– Өз жарандарына ушундай кордукту көрсөткөн режимди «жакшы болчу» деп мактап, эӊсегендер сизде кандай сезим жаратат?
– Андай болушуна жол бербейбиз. Эртеӊ кайра ошондой жашайбыз деп күткөндөр азыр да бар. Ак үйдө да отурушу мүмкүн. Жогорку Кеӊеште, өкмөттө. Атамбаевдин бийлиги эски күндөрүн эӊсеген көп адамга жакпайт. Андай пикирлерди калыӊ калкка жармаштыруунун кереги жок. Калк кечээки күн менен бүгүндү салыштырып, кайсы заман жакшы экенин билип алат.
– «Илмияновдун кабыл алуусун зарыгып күткөндөр көп. Мамлекетте каржылык тармагындагы иштерди чечүүчү «серый кардинал» дешет сизди. Ушул чынбы?
– Менин эшигиме көп киши келет. Аппарат кызматкерлери, депутаттар, саясатчылар, карапайым кишилер. Кабылдамада кезек күтүп отургандарды көрүп «бул ишинен жыйынтык чыгарып жатат, иштеп жатат» деп туура ой жүгүрткөндөр да бар. Чынында, карапайым элден көбүрөөк маалымат алам.
Бир жагдайды баса белгилеп кетким келет. Бизде аппараттагы ар бир бөлүм башчы, атүгүл кызматкер дагы жасап жаткан иштери боюнча түздөн-түз президенттин өзү менен байланышта болуп иштейт. Киргизбей, жакындатпай коюу дегендей бюрократия жок.
– Сизди жакындан билгендер «сөзүнө турат, бетке айтат, өзүн-өзү өстүргөн киши» дешет. Мындай адатка жетүү үчүн канча кыйынчылыкты басып өттүӊүз?
– Чынында, болбогон ишти болот деп үмүткөр кылганды жаман көрөм. «Сенин бир эле звоногуӊ керек...» деп келишет. Эгер ишке ашпай турган нерсе болсо дароо эле «болбойт, мындай кылбайм...» деп айтып салам. «Бир чалуусун аяды» деп ал адам сени ошол күнү жаман көрүшү мүмкүн. Бирок мен болбочу ишке чекит койгон болом. Ал эртеси үмүт артпай калат.
Негизи, 17 жылдан бери Алмазбек Шаршеновичтин жанында жүрүп көп сабак алдым. Башымдан өткөргөн көп иштерден улам турмуштан алган сабактарым, таржымалым, тарбиям сиздер айткандай, «сөзүндө турат» деген сөзгө татыктуу кылып келе жатса керек.
– Бийликтеги адамга тегерегиндеги кишилер реалдуулукту айта беришпейт. Тайсалдашат же кошомат кылып айтпайт. Чындыкты бетке айтып, кыйшайып баратсаӊыз түздөп турчу киши барбы жаныӊызда?
– Кечинде, Ак үйдөн жумуштан чыгарым менен эле мени тээ бала кезимден бери коштоп келе жаткан адамдардын жанына барам. Алар жакындарым, классташтарым, досторум. Бардыгы карапайым адамдар. Арасында «өзү менен кошо бизди деле кызматка алып келсе болмок» деп мага таарынгандары да бар. Ошолор бетке айтышат. Алардан чиновниктерден укпай турган да көп маалыматтар чыгат.
– Чоӊ кызматтагы адамда паракор болуп кетүү азгырыгы да чоӊ болот...
«Мурда бул кабинетте далай иштер бүтчү» деп эски адатына салып өтө чоӊ кызматтарда жүргөн кишилер конвертин көтөрүп келген күндөр өттү. Же бизге билдирбей ары жактан ушундай иштерди жүргүзүүгө аракет кылгандар болот. Ошолорго такыр жол бербегеним үчүн, макул болбогонум үчүн мени кечире албай жаткандар бар. Ушундай иштер үчүн бирөөлөрдү кызматтан кетирген күндөрүм да болду. Чынын айтайын, мага пара сунуштап келгенине өкүнүп, көчөдө калгандар азыр өтө көп. Мен ошондой жеп жүрүп көнгөн адамдардын кекиртегине кептелген кылканга окшош болдум го.
– Падышаны анын чөйрөсү жаратат дешет. Ошондой милдеттин өтөсүнө чыгып жатабыз деп ойлойсузбу?
– Өтөсүнө чыгып жатабыз. Ажонун баласы мындай иш кылды, аялы тигиндей кылып жатат, же тууганы мындай туура эмес иш жасады деген сөз барбы? Жок. Мамлекеттик иштерге үй-бүлөнү ким кириштирбей кармашы керек? Албетте, биринчи кезекте президент өзү, ошондой эле президенттин тегерегиндеги кызматкерлер. Мурунку президенттердин чөйрөсүндөгүлөрдөн көп катачылыктар кеткен. Атасына айтпай баласын эркелетип жүрүшкөнүнүн кесепетин алар эмес, бүтүндөй эл тартты. Азыркы президентке эч ким антип айып тага албайт. Анткени андай иштер жасалган жок. Мына ушунун өзү дагы президенттин чөйрөсүнүн туура иштеп жатканы деп билем. Бизге Алмазбек Шаршенович «ушундай иштерге жол бербегиле» деп өзү эскертип турат.

ПАРАКОРЧУЛУК ТУУРАЛУУ
– Мамлекеттик кызматка жаӊы аралашканыбызда Алмазбек Шаршенович «Жемкорлуктан алыс бол. Эӊ жаманы ушул иш» деп эскерткен. Бирөө да келип «ушундай иш кылган» деп бетиме коё албайт, анткени андай жамандыкты жасаган жокмун. Ошон үчүн да менин дарегиме канчалык балит кептерди айттырып-жаздырышпасын камырабайм.

ЧОӉ СЕКИРИК
– Турмушта кээде теория менен практика дал келе бербейт. Чоӊ кызматка келүү үчүн ага чейинки бардык тепкичтерди басып өтүү керек дегендерге кошулбайм. «Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет» деп коюшат. Турмушта башымдан көп нерсени өткөрдүм, көптү көрдүм. Мамлекеттик кызматка келгичекти эле чоӊ иштерди жасап жүргөм. Андыктан «көчөдөн келип жетекчи болду» дегендер менен макул эмесмин.

КЕМПИР-ЧАЛДЫН БАЛАСЫ
– Чоӊ атам менен чоӊ энемдин колунда өстүм. Кемпир-чалдын баласымын. Атам менен апам классташ экен. Мектепти бүткөндө эле үйлөнүшүп, мен төрөлгөндөн кийин атам аскерге кетиптир. Жеӊелер «солдат бала» деп тергегенин көп уксам керек да, айтор, эс тарткыча атамды солдат деп, энемди жеӊе деп жүргөм. Аларды ава-эне дегенди мектепти бүткөндө өзүмдү кыйнап жүрүп араӊ үйрөндүм. Ата-энем азыр да айылда турушат. Атам айылдын мектебинде мугалим.
Өзүм мектепти бүткөндөн кийин Ош шаарына окууга тапшыруу үчүн бардым. Бирок өтпөй калдым. Көрсө, чоӊ атам үйлөнтүп коёлу деп атама «окууга өткөрөм деп чуркабай эле кой» деп койгон экен. Ошентип 1 жыл окууга да тапшырбай, үйлөнбөй да калып калдым. 1993-жылы окуйм, иштейм деп үйдөгүлөргө таарынып Бишкекке келе бердим. Улуттук университеттин география факультетине өттүм. Мугалим болом деген максатым жок эле, болгону мен жактырган факультеттерге байланыш, колдоосу жок өтүү кыйын экен. Эптеп илешип шаарда калуу керек болду. 3 жыл контракттык негизде окуп, кийин сырттан окууга которулдум.

ЖЫЛКЫ ЖАНА МЕРСЕДЕС
– Мамлекеттик кызмат, саясаттан тышкары да кызыгуулар бар. Алардын эӊ башкысы – жылкылар! Улакка чабыла турган аттарды багам. Жаш кезде улак да тартчумун. Кийин чоӊ атам «балам, сени шаардын бөлкө наны жок кылыптыр...» деп чычалатып жүрдү. Негизи колумдан келе турган иш менен алектенүүнү туура көргөн адаммын. А жылкы багуу, табына келтирүү деген иштерди жакшы билем.
Дагы бир хоббим катары автоунаа айдоону көрсөтө алам. Рулда жүргөнүмө көп болду. 6-7-класстарда эле мектепке мотоцикл айдап барчумун. Анткени биздин үйдөн мектепке чейинки жол бир топ алыс болчу. Жогорку класстарга келгенде далай жолу мектепке атамдын машинасын уурдап айдап барган күндөрүм болгон.
Убагында Жигулиге да жетчү эмеспиз. Азыр эми Кыргызстанда Жигули айдаган адам саналуу болуп калбадыбы. Өзүмө бышыктыгы, коопсуздук жагынан Мерседес жагат. Көп учурда айдоочусуз жүрөм, жогорку ылдамдыкты жактырбайм.

ЭРКИНДИКТИ ЭӉСӨӨ
– Бишкекке жаӊы келгенде шаардын бир башынан экинчи башына чейин жөө баскан күндөр, бир бөлкө нан таппай калган мезгилдер өткөн. Айрыкча оппозицияда жүргөндө ээн-эркин бастырбай, жасайын деген ишиӊди жасатпай, тергеп-тескей беришкенде эркиндикти эӊсечүмүн. Кудай мага эӊсегенимден эселеп көп жакшылыктарды берди. Азыр ошол күндөр бизди чектен ашырбай кармап турат, ошол күндөрдү унутпоо керек.
Элибиздин пейили оӊолсо, журналисттер да акты ак, караны кара дегенди үйрөнүшсө деген ойлор көп келет. Өзбекстан, Тажикстанда жашаган досторум бар, алар мага «ушундай жакшы жашоону көрбөсөӊөр көр болосуӊар, Кудай мындан айрыса, ошондо көрөсүӊөр» деп калышат.

Эльвира Караева
Адилет Бектуров
politika@super.kg
Айрым сүрөттөр И.Илмияновдун өздүк архивинен алынды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (43)
Seitbek.93
2015-05-05 02:50:17
Ашыкча эле Атамбаевдикин ###### ХХХ аяш ава?
Бакиевдин убагында дал сиздин ордунузда Канибек Жороев иштеген,ал Исфанадан оз айылына чейн асфальт кылды?
и еще ошол мезгилде депутат Дербишовада оз айылына чейн асфальт кылдырган.
Отуруп алып жомок айта бербей жок дегенде барып Катырандын жолун корсонуз боло.
+2
chabarman
2015-05-20 16:29:58
Seitbek.93, Ээ, братишка! Уктап жатат окшойсун ээ! Барып көрсөң. Көрбөй эле чалкандан шым токуй бербей. Каныбек Жороев атасынын үйүнө чейин асфаоьт кылып, андан жогорусуна бир метр да өткөн эмес.А, Икрам болсо Коргондон баштап Катыранга чейин 12 кмди асфальттаткан. Азаматсын Икрам!
0
kairat.
2015-05-05 08:58:23
ээ кыргыздар кыргызтанда жебеген.айтканын аткарган. эли учун тике туруп кызмат кылган адам барбы.ал эмес айыл башчыга бирнерсе сурап барсан бир бутылка алып келекой анан иш бутуробуз деп турат
+2
haker_9500
2015-05-05 14:12:08
Кыргыздар озубуз ушундайбыз бирибизди бирибиз коро албайбыз эгер президентибиз ислам каримдай болгондо ун чыкмак эмессинер ун чыккан кундо эмне болушунарды билбейм карочи уятда мындай жамандаганынар иштей алсанар иштегиле мына ошол байкечелик
0
outlook
2015-05-05 19:35:27
Ким хан болсо боло берсин вазир Лейлектен болот.(Акаев-Шадиев, Бакиев-Жороев, Атамбаев-Илмиянов.)
+2
kalysbek.89
2015-05-08 02:23:05
outlook, ХХХ ХХХ
0
admin_media
2015-05-08 09:55:55
kalysbek.89,
Жеке айтышууларга, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат! Эскертүү! Порталдын эрежелерин сактаңыз!
0
outlook
2015-05-05 19:36:12
Ханда чыгат
0
mela
2015-05-05 22:47:59
Дароо жогорку кызматка келсе болот дейт.Келиши го келет,мамлекетти артка тартып жатышпайбы ошондойлор.....
0
avat_samarkandek
2015-05-07 09:29:23
Икрам аваны бут лейлек,баткен жалпы эле ават-кыргыз эли колдойт. Икрам ава биз сиз менен!
0
Gulnaz.GS
2015-05-07 15:54:22
Биринчи жолу кордум.шоферун тартыптырда кыскасы Алмаз Атамбаев.жашыруун бищ билбеген жаман нерселерин да баарын билсе керек
0
Gulnaz.GS
2015-05-07 15:55:56
Атамбаев да Баткендик деп угуп калып атам.биографиясын жазып койсонор жакшыы болмок Супер инфо
0
admin_media
2015-05-07 16:31:42
Gulnaz.GS, саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз: http://www.super.kg/jylnaama/event/18033
0
edu.kg.
2015-05-08 00:34:12
Баткендик туугандарга жуда жагыптырго Икромжон ака. Мага баарибир деп басып кетуумо болбойт ошондуктан саясатан кетпейм,дегени кулку келеерлик чооооон бир маанилуу кыргыз элине иш кылгансып суйлоптурго азыркы бийликтин кадры.
0
kalysbek.89
2015-05-08 02:30:44
Биринчи президент и СССР мезгилинде биринчи Катчы Баткендик эр жигит и патриот бул Искак Резаков болгон ХХХ ХХХ алга ош ош
0
Asan-aka
2015-05-09 11:07:24
Ыыы болунуп жарынмай башталдыбы дагы илмиян болмоктон омар хаям болсо да оозу менен оттогон адам экен да
-1
iliaz-sng
2015-05-10 01:38:11
Кыйратып иштегендерди кууп жиберип булардын мактанганын кара элге пайдасы тийбегендер.
0
albina2010
2015-05-10 13:47:19
жакшы Аллага шугур канча кысымдарды кордук деп жатпайбы эми жакшы иштээр
0
chabarman
2015-05-20 16:19:02
Мышык майга жетпей "пуф саасык" дешет. Колунардан келбейт, келгенди көрө албайсыңар. Ушунунарды качан токтотосуңар. Кыргызда "Аккан арыктан суу агат" деген таамай сөз бар. Ошол сыяктуу Икрамдын бабасы Кошбак Кокон хандыгында эшага болуп, ошол учурда Лейлек, Баткен, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Сүлүктү аймактары боюнча хандыктын өкүлү болуп турган. "Ичин күйсө туз жала" дегендей болосунарда.
Икрам жарайсын. ЖКнын спикери болосун Куда кааласа. Оомийн!
0
№ 652, 1-май-7-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан