Кудайдын жамгыры 26-апрелде чакалап куюп турду. Ага карабай милдетимди аткаруу үчүн кол чатырымды көтөрүп алып, Назиранын концертине филармонияга жөнөдүм. Жамгырда суу болгуча жылуу үйдө плед жамынып отурайын деп эл Назиранын концертине келбей коёбу деп ойлогом. Жок, жаш ырчынын талантын баалайм деп келгендер залдын 95 пайызын ээлешти. Ошентип концерт да башталды. Концерттин алып баруучулук тизгини
Чыӊгыз Мырзаевге тийиптир. Ак таӊдай акындар
Азамат Болгонбаев менен
Аалы Туткучев ырчыны куттуктайбыз деп чыга келишти. Аалы өнөктөшү Азаматты мактап-жактап эле туруп алды.
«Азаматтын кечесине келген окшойм» деп чочуп кетиптирмин. Бир топто барып анан Назира темасына кайрылып келген Аалы адаттагыдай залды жарып салды.
Токонованын филармониянын алдындагы Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин ырчысы болгонуна бир жыл болуптур. Аны концерт учурунда
«биз, кесиптештер бири-бирибизди көрө албай буттан чалбайбыз, жаӊы келген ырчыларды дайыма колдоп келебиз» деген оркестрдин аттуу-баштуу ырчылары айтып өттү. Ачыгын айтайын, күндүн
күнөөкөрүнүн эстрада жанрында эле ырдаганын укчумун. Бул саам анын оркестр менен жандуу ырдаганына күбө болуп абдан ыраазы болдум, вокалы да күчтүү экен. Вокалдан сабак берген устаты
Улукмырза Полотов шакиртине насаат айтып, атайын ага арнап жазып келген ырын окуду.
«Р тамгасын кооз айтат. Мен тандап уккан ырлардын арасында Назиранын чыгармалары да бар» деген кесиптеш эжеси
Алтынай Нарбаева да куттуктап келгендердин санын толуктады.
Элдин чоӊ алкышына, кол чабуусуна татыган жигиттерди айтпай кетсем болбос. «Каганат» аттуу топтун комузчулары аспаптарын капталынан, жантыгынан, жерге коё коюп, төбөсүнө көтөрүп, айлалары кеткенде бири-бириникин чертип жатышты. Алардын өнөрүнө эл өтө ыраазы болду.
Ырчы сахнанын жасалгасына да өзгөчө көӊүл буруптур. Кандай жанрдагы ыр болсо, ошого жараша көп жолу өзгөрдү. Гитара менен сүйүү, комуз менен насаат, оркестр менен элдик ырларды аткарган Назиранын дүбүртү катуу экен, бали дедим. Ырчы өзү Чыӊгыз аттуу жигиттерге жакын окшойт. Шоу-бизнесте эки Чыӊгыз болсо, экөө менен теӊ,
Турдубеков менен да, Мырзаев менен да дуэт ырдаптыр.
Ата-энесине чапан, гүл берип эл алдында ыраазычылыгын билдирди. Сахналаш жакыны
Добр көрүнбөйт го деп отурсам, аны сары майдай сактап концерт соӊуна катып коюптур. Ошентип концерт Назира менен Добр экөөнүн аткаруусундагы «Жашоо бир келет» деген дуэт менен аягына чыкты.