ТЕӉИР-ТОО ЖАШ ТАЛАНТТАРЫ 18 ЖАШТА

Жаздын келиши менен Теӊир-Тоо жергесинде жыл сайын өнөрдүн ар кыл багыттары боюнча облустук «Жаш таланттар» сынагы өткөрүлүп келет. Быйыл туура 18 жашка толуп отурган бул иш-чаранын туруктуу уюштуруучусу, «Балтаттуу» бейөкмөт уюмунун жетекчиси, саясат таануу илимдеринин доктору Гүлмира Мамбеталиевага бир нече суроолор менен кайрылдык.

– Гүлмира Сулаймановна, ишиӊиздин көптүгүнө карабастан 18 жылдан бери жаш таланттарды колдоп келе жатасыз. Ушул жылдар сизге эмне берди?
– Көптөгөн толкундоолорду, толгонууларды, ошондой эле айтып жеткире алгыс сыймыктануу сезимдери менен кошо канааттанууларды берип келе жатат. Бул жылдар, албетте, түйшүктөр жана көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн кыйынчылыктар, утурумдук убаракерчиликтер менен коштолсо да, аягында балдардын ыр-бийлери, шаӊдуу күлкүлөрү ошолордун бардыгын унуткарып, кандайдыр бир жагымдуу маанай тартууласа, сөзсүз бала менен бала болуп сен дагы кубанасыӊ. Алардын ийгилигине ийип, кемчилигине кейип дегендей... Бул иш-чаранын алкагынан көптөгөн таланттар өсүп жетилишти. Алардын айрымдары учурда өздөрү тандаган өнөр жаатында таанымал адамдардан болушту. Алып айтсам, Аскат Мусабеков, Силима Абдылдаева, Жийдеш Идирисова, Алтынбек Каленов, Талант Карагулов жана башка улан-кыздарды учуруп чыгардык.
6 жашында биздин сынакка катышып, андан кийин Стамбул шаарында 28 өлкөнүн жаш таланттары таймашкан эл аралык «Түрк дүйнөсү» сынагында баш байгени ээлеген Канат Токтобек уулунун ошондо кичинекей көчөт болсо дагы Кыргызстанга намыс, сыймык алып бергенин ар дайым кубануу менен эскерем. Канат азыр кадимкидей эр жетип, комузда абдан чебер кол ойноткон чыгаан талантка айланды. Түркияга болгон кийинки сапарларыбызда ал жактагы уюштуруучулар Канатты сурашып, кийин дагы бир жолу ардактуу конок катары чакырышты. Андан соӊ дагы көптөгөн жаш таланттар байгелүү орундарды ээлеп келишкендиги биздин ишибиздин жөн эле эмес экендигин айтып турат деп ойлойм.
– Өткөн жылы «Жаш таланттар» сынагына катарлаш эле ушундай өнөрлүү балдардын «Мен – жылдыз» аталыштагы республикалык сынагын өткөрдүӊүздөр. Ушул тууралуу айтып берсеӊиз?
– Ооба, өткөн жылы республиканын 7 облусунан 300гө жакын ар кандай жанрдагы жаш таланттарды жыйнадык. Мындай иш-чара мурда «Мээрим» фондусунун демилгеси менен өтүп келип, 2005-жылдан бери токтоп калган эле. Балдар өз өнөрлөрүн гана тартуулап тим болбостон, бири-бири менен жакындан таанышып, достошуп, жеӊгени да, жеӊилгени да абдан ыраазы болуп кетишти. Демек, ушул жагын жандандырууну өлкө башчылары колго алса дурус болор эле.
– Ал эми быйылкы «Жаш таланттар» сынагы тууралуу кошумчалай кетсеӊиз?
– Жогоруда белгилегенимдей, сынак 18 жылдан бери салттуу түрдө өтүп жатат. Нарын облусунун бардык райондорунан 700гө чукул таланттуу балдар келишти. Адаттагыдай эле «Манас» эпосунан, элдик дастандардан айтуу, көркөм сүрөт, кол өнөрчүлүк, ыр-бий, улуттук аспаптарда ойноо номинацияларында ат салышышты. Жыл сайын сынактын деӊгээли жогорулап бараткандыгы байкалат. Быйыл сүрөт тартууга кызыккан балдар чыгармачыл эргүү менен катышкандыгын белгилегим келет. Ак-Талаа районунан келген комузчулар ансамбли абдан жогорку деӊгээлде өнөр тартуулашты.
Ошентип быйыл дагы жеӊүүчүлөрдүн жаӊы ысымдары аталып, сынактын баш байгесин – плазмалуу телевизорду Нарын шаарындагы №1-Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептин «Наристе» бий тобу жеӊип алды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 10 миӊ сом байгесине Жумгал районунан келген балдар ээ болушту. Манас айтуу боюнча 1-орунду Нарын районундагы М.Мамбетов атындагы мектептин окуучусу Сыймык Сагынов, дастан айтуу боюнча Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинен келген Темирлан Жумабек уулу, улуттук аспаптар боюнча Кочкор райондук балдар музыкалык мектебинин «Жаш тилек» комузчулар ансамбли, сүрөт номинациясынан Кочкор районундагы А.Жалпатеков орто мектебинен Эркайым Жайлообек кызы, кол өнөрчүлүк боюнча Нарын шаарындагы балдарга билим берүү борборунан Фарида Муратбекова жеӊип, баалуу белектерге ээ болушту. Бул иш-чаралар белгилүү меценат Аскар Салымбековдун демөөрчүлүгү астында өткөндүгүн баса белгилеп кетмекчимин. Иш-чара жеӊүүчүлөрдүн жана Бишкектен барган артисттердин катышуусундагы чоӊ программадагы гала-концерт менен жабылды.
– Гүлмира Сулаймановна, куруп берген маегиӊиз үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы иштериӊизге да ийгилик каалайбыз.

Мирлан Өмүралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nurchelo
2015-05-13 17:05:46
Мага ушул эже абдан жагат. супсуллу озунун курагына, абдан адамкерчиликту жана токто, которумду, ХХХ ХХХ ХХХ, Аскар Салымбеков ошол учун Гульмира эжени суйуп жана абдан сыйлайт да
0
admin_superstan
2015-06-10 09:56:00
Nurchelo, кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз! Эскертүү!
0
№ 653, 8-май-14-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан