«Ата Мекен» социалисттик партиясынын жаштар канатынын өкүлү, «Дасмия» холдингинин ээси Турусбек Мамашовдун кызы Айсулуу Мамашова «Супер-Инфонун» суроолоруна жооп берди.
– Айсулуу, өзүӊүз жөнүндө бир аз айтып берсеӊиз...
– Фрунзе шаарында туулгам, ата-энем ушул шаарда окуп жүрүп жолугушуп баш кошушкан. Атам Турусбек Мамашов Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулса, апам ысык-аталык. Мен таята жана таенемдин сүйүктүү небереси элем.
№6-гимназияда окугам, Ф.Шубин атындагы мектепте фортепиано классында 7 жыл окуп, музыкалык билим алгам. Бул апамдын өз кыздарына музыкалык билим берүү боюнча кыялынын ишке ашышы. Жогорку билимге Кыргыз улуттук университетинин кыргыз-европалык факультетинде окуп ээ болдум. Окуп жүрүп эле атам менен бирге иштеп, үй-бүлөлүк ишканага жардам берчүмүн.
– Сизди тарбиялоодо кимдин ролу чоӊ болду?
– Ар бир эле баланыкындай мени тарбиялоодо апам чоӊ роль ойноду окшойт. Жаш кезибизден эле ал бизди тарбиялоодо тыкыр мамиле жасап, «ар бир адамдын тагдыры өзүнүн колунда» деп үйрөтчү. Адам турмушун өзү кандай элестетсе, ошондой болот.
Биздин үй-бүлө улууларды сыйлаган, кичүүлөрдү ызаттаган патриархалдык үй-бүлөлөрдөн. Албетте, бир заматтын ичинде апабыздан айрылып калышыбыз турмушубузду кескин өзгөрттү. Мен 15 жашта, сиӊдим 13 жашта эле, атам бизге баарын алмаштырды. Кайгы атамды сындыра алган жок, ал өзгөчө ажайып киши. Турмушунда бир эле учурда мээримдүү да, зарыл болгон учурда жетишерлик деӊгээлде кайраттуу мүнөзүн да көрсөтүп коёт.
Апамдын өлүмү жыл өткөн сайын жан дүйнөбүздү жанчып келет, бул орду толгус жоготуу. Мына, 11 жылдан бери биздин арабызда сүйүктүү апабыз жок. Атабыз ушул кезге чейин үйгө ылайык аялзатын тапкан жок. Апам абдан жакшы киши, тим эле периште эле. Ушул кезге чейин ал жөнүндө дайыма жакшы сөздөрдү, алкоолорду угуп келебиз. Андай учурларда жан дүйнөбүздө жагымдуу маанай түзүлөт. Мен апамды ар күнү эстейм, ал дайыма биз менен бирге.
Атамдын мүнөзү мага өткөндөй, иш мени тез өсүп-жетилүүгө шарттап, адегенде өзүмө, андан кийин айланамдагыларга бекем мамиле жасаганга үйрөттү. Атам менин тирегим, анын кеӊеши жана насааттарысыз бир дагы чечимди кабыл албайм. Ал абдан таланттуу жетекчи жана менеджер, ишке жан дили менен киришет жана дайыма чыгармачылык изденүүдө жүрөт.
– Ишкерлер чөйрөсүндө жүргөн белгилүү адамдын кызы болуш жооптуу болсо керек?
– Бир гана нерсени айта алам, белгилүү ишкердин кызы болуу абдан жооптуу. Атамдын кадыр-баркы өтө жогору, демек, ошого жараша ата-энемди уят кылбай, алардын ишин татыктуу улантууга тырышам.
– Сиз «Ата Мекен» социалисттик партиясынын мүчөсү, жаштар канатынын өкүлүсүз. Бул сиз үчүн эмне? Атаӊыздын каалаганыбы же өзүӊүздү чоӊ саясат айдыӊында сынап көрүүбү?
– Мага «Ата Мекен» деген аталыш абдан жагат. Адамды келечекке чакырган, дем берген аталыш. Мен коомдун бир бөлүгү болгон үй-бүлөм үчүн гана эмес, ошондой эле өлкөм жана Ата Мекенимдин өнүгүшү үчүн өз салымымды кошууну ойлоп жүргөм. Өз өлкөмдүн мекенчили катары республиканын өнүгүшүнө салымымды кошкум келет.
– Партиянын өкүлдөрү менен Москвага барып келдиӊиздер. Эмне иштер жасалды?
– Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаганына 70 жыл болгондугун белгилөө алдында «Ата Мекен» социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана партиянын жаштар канатынын өкүлдөрү менен биргеликте Москва шаарына барып келдик.
Көптөгөн пайдалуу жана кызыктуу жолугушуулар болду. Алардын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун Орусиядагы ардагерлери менен жолугушуу болду. Алар «Ата Мекен» партиясынын жаштар канаты аркылуу кыргызстандык согуш ардагерлерине жылуу саламдарын айтып жиберишти. Биз Москвадан ардактуу миссия менен кайттык, фашизмди жеӊүүдөгү башкы символ болгон «Георгий тасмасын» кыргызстандык согуш ардагерлерине алып келдик. Ушул жерден орусиялыктар кыргыз жоокерлеринин Жеӊиш үчүн кошкон салымдарын баса белгилегенин айтып кетишибиз керек.
– «Ата Мекен» эмне үчүн «Георгий тасмасын» коргоп чыгып жатканын кененирээк билсек болобу?
– Лидерибиз Өмүрбек Текебаев белгилегендей, «Георгий тасмасы» өзүнчө тарыхка эгедер. «Туурасы «Гвардиялык» деп аталган бул тасманын өзүнчө тарыхы бар. Тасма «Германияны жеӊгендиги үчүн» медалын алган, аны 15 миллиондон ашык Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары алган. Бул тасма «Даӊк» орденин кооздоп турат. Тасма совет элинин фашизмге каршы күрөштөгү калктын каармандыгынын, баатырдыгынын, эрдигинин тумары катары туюлат. Тасманы эч ким расмий түрдө бекитпесе да, бул жеӊиштин тумары. Бул биздин аталардын жана чоӊ аталардын күжүрмөндүгүнүн жана даӊкынын тумары»,- деп айтты бизге Өмүрбек Текебаев.
Лидерибиз айткандай, бул тасманы тарых өзү тастыктады. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеӊиштин 70 жылдыгын белгилөө – бул биздин стратегиялык өнөктөшүбүз Орусия Федерациясы үчүн дагы бир жолку сыноо. Кыргызстан Орусиянын ЖККУ, ШКУ боюнча өнөктөшү катары дайым колдоп келген жана колдой бермекчи.
– Адатта активдүү ишкердик жана саясий ишмердик үй-бүлө курууга тоскоолдук кылат деп коюшат, бул боюнча сиздин оюӊуз кандай?
– Менин оюмча, иш жүзүндө аялзаты бир эле учурда 100 ишти аткара алат, ошол эле учурда ал үй-бүлө курам десе эч кандай активдүү ишмердик тоскоолдук кыла албайт. Бир гана нерсени эске алуу зарыл, эч убакта жумуш менен жеке турмушту аралаштырбоо керек. Жумушта иштешиӊ керек, а үйдө сен болгону үй-бүлө ээсисиӊ. Сен бирөөнүн кызысыӊ, аялысыӊ. Жумуш күнүмдү толугу менен ишке арнасам, үйдө үй-бүлө түйшүктөрү менен алектенемин. Айтылып жүргөндөй, «тайм-менеджментти» азырынча эч ким алып сала элек.
– Сиз жаш, ийгиликтүү, сулуу кыздын эӊ жакшы мисалысыз. Өз мүмкүнчүлүгүн ишке ашырууга дилгир жаш жигит-кыздарга кандай каалоо-тилек жана кеӊеш берер элеӊиз?
– Бир гана каалоо – эмгектенүү, эмгектенүү жана эмгектенүү. Биринчи кезекте билимдүү адам болуп жана такай окуп туруу зарыл. Бир гана мектеп жана университеттин билими менен токтолуп калбаш керек. Ар күнү окуу абзел. Дайыма алдыга умтулуп, жаӊы билимдерди алууга умтулуу зарыл. Эгерде жумушта баарына жетишсеӊиз сизди баалашат жана өз мүмкүнчүлүктөрүӊүздү ишке ашыра аласыз.
– Сиздин партия улуттук каада-салттарга кандай мамиле кылат?
– Мен биздин маданиятты абдан баалайм. Билгениӊиздей, атам мекенчил адам. Чыныгы патриот жана өз элинин уулу. Ал өзүнүн кыялын ишке ашырып, дүйнөдөгү жападан-жалгыз чоӊ боз үйдү салды. Мына ушунун өзү эле үй-бүлөбүздүн улуттук дөөлөттөрдү баалай тургандыгын билдирет. Биз кыргыздарга таандык каада-салттарды, дөөлөттөрдү сакташыбыз керек. Кыргыздарды өзгөчө кылып көрсөткөн маданий баалуулуктарыбыз толтура. Биздин партиянын жаштар канаты үй-бүлөлүк салттардын сакталышы үчүн күрөшөт. Бирок биз кыз ала качууга каршыбыз. Биз сүйүү үчүн!
Мирлан Өмүралиев