«ЭМГЕК» ПАРТИЯСЫНАН МАЙ. ЭМГЕК. ТЫНЧТЫК

«Эмгек» партиясы кыргызстандыктар үчүн 1-Май – Эмгекчилердин тилектештик күнүнө карата майрамдык чоӊ концерт жана эстрада жылдыздары менен футбол ардагерлеринин футболдук таймашын уюштурду. Майрамдык салтанат Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо болуп өттү. Ага келгендердин саны 12 000 адамдан ашып, келген коноктор чыныгы спорт менен ыр-бий жылдыздарынын жогорку чеберчиликтеги шоусуна ыраазы болушту.

1-Май күнү Бишкекте күн да ачык болуп, май майрамын сагынгандарга чыныгы жазгы маанай тартуулап турду. «Эмгек» партиясы бул майрамга азыркы учурга жарашкан
жаӊыча түс берип, кайра жандантканын эл кубануу менен кабыл алды. Мындай ыраазычылык стадиондо чогулган элдин маанайынан жана эмгек майрамын майрамдоону кайра жандантып жаткан «Эмгек» партиясынын лидери Аскар Салымбековго ыраазылык билдирген сөздөрүнөн байкалып турду.
Майрамдык салтанатты «Эмгек» партиясынын жаштар канатынын активисттери марш менен ачканда, чогулган эл аларды дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алып, «Эмгек!», «Тынчтык!», «Май!» деген ураандарды чакырып турду. «Эмгек» партиясынын асманга окшош көк туулары желбиреп, шаӊдуу музыканын коштоосунда асманга көкөлөгөн ар түстөгү шарлар менен гүлдөр стадионго чогулган миӊдеген жарандардын көӊүлүн көтөрүп, майрамдык кубанычка бөлөдү.
«1-Май – дүйнө жүзүндө Эмгектин жана Тынчтыктын күнү деп белгиленет» деп сөз баштады «Эмгек» партиясынын лидери Аскар Салымбеков. «Бул символдорду биз ыйык тутуп, учурга жараша улантышыбыз керек. Бүгүн бул майрамды биз менен чогуу тосуп, таланттуу ырчылар тартуулаган жагымдуу ыр-бийлерди көрүп, футболдук таймашты сүрөөгө миӊдеген кыргызстандыктардын келгенине мен абдан кубанычтамын. Бул «Эмгек» партиясынын эмгекчилерге тартуулаган белеги. Күжүрмөн эмгекчилердин укугу менен кызыкчылыктарын коргоо биз үчүн ардактуу милдет! Жашасын «Эмгек» партиясы!»,- деп куттуктоосун арнаганда, анын сөзүн стадионго чогулган жалпы эл кубаттады.
Партия лидеринин куттуктоосунан кийин Омар, Арсен, Аяна Касымова, Урмат Усенов, Сема, Мирбек Иманбеков жана башка эстрада жылдыздары, «Назик», «Well’ be» бий топторунун жана Жан Воинов менен кичинекей бийчи Касеновдун ыр-бийлери элди толкутуп турду.
Андан соӊ «Дордой» футбол клубунун ардагерлери менен Кыргыз эстрада жылдыздарынын «Өнөр» курама командасынын ортосунда «Эмгек» кубогу үчүн таймаш күйөрмандардын кызуу сүрөөсүн пайда кылды. Улам бир команда чабуулга өтүп, аларга жан тарткан күйөрмандардын сүрөөсү стадионду үч көтөрүп турду. Чыгармачыл топтун «Өнөр» командасында ойногон Эрмек Нурбаев, Улан Барпиев, Омар, Арсен, Урмат Усенов, Сема, «Well’ be» тобунун бийчилери чапчаӊдык кылганы менен, ардагерлердин тажрыйбалуулугу футбол майданынын ээси ким экендигин айгинелеп койду. Жыйынтыгында «Эмгек» партиясынын Кубогун «Дордой» футбол командасынын ардагерлери 0:2 эсеби менен утуп алды.
Футболго удаа «Тамашоунун» жигиттери тамашалары менен элди күлкүгө бөлөсө, Неля, Кундуз, Анжелика жана бий топтору конокторду ыр, бий менен узатышты.

Айдай Уланбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
tilek-x
2015-05-13 08:43:00
Асманда Жылдыз коп , Кыргызтанда партия коп, биринин да пайдасы жок дегендейда бул партия да!
0
№ 653, 8-май-14-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан