КАН ТАМЫРДЫ ТАЗАЛОО ИНФАРКТ МЕНЕН ИНСУЛЬТТУН АЛДЫН АЛАТ

Адамдын организминде вена, капиллярдык жана артериялык кан тамырлар бар. Алардын жалпы узундугу миӊдеген чакырымды түзөт. Мына ушундай узундукка ээ кан тамырларды кантип жана эмне үчүн тазалоо керек? Муну билүү үчүн Улуттук госпиталдын кан тамырлар хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Байсекеевге кайрылдык.

«КАН ТАМЫРЛАРДЫ ХОЛЕСТЕРИНДЕН ТАЗАЛОО КАЖЕТ»
– Кан тамырларды тазалоонун 2 чоӊ себеби бар: холестерин жана жаракатка кезиккенде уюп калган кан.
Холестеринден тазалоо
Холестерин (байыркы грек сөзү, бизче «катуу өт») – табигый майлуу спирт. Анын 80 пайызын организм өзү иштеп чыгарса, 20 пайызы тамак-аш аркылуу кирет.
Холестерин бөйрөк үстүндөгү бездердин гормондорду иштеп чыгаруусу, нерв системинин калыптагыдай иштеши, D витамининин иштелип чыгышы үчүн керек. Кан тамырларда кан менен кошо зыяндуу жана зыянсыз холестерин да болот.
Зыянсыз холестерин жогорку, ал эми зыяндуу холестерин төмөнкү тыгыздыктагы липиддер. Зыяндуулары кан менен жылып жүрүп бир жерге туруп калат да, үстүнө дагы башка зыяндуу холестериндер топтолуп, акырында май түйдөкчөсү (бляшка) жаралат. Эгер артериялык кан тамыр бүтөлүп калса, анда жүрөктүн миокардынын инфаркты
же инсульт күтүлөт.
Чоӊ адамдагы холестериндин өлчөмү 1 литр канда 5,5 миллимоль (ммоль/л) болушу шарт. Кандагы жалпы холестериндин санын зыянсыз холестериндин санына бөлгөндө 6 санынан аз сан чыкса, жакшы көрсөткүч. Эгер андан көп ашса, анда холестериндин өлчөмүн азайтуу үчүн дары-дармек алуу же ооруканада жатып дарылануу зарыл.
Адам кан тамыр ооруларынын алдын алып 1 жылда 1-2 ирет врачка кайрылып, текшерилүүсү зарыл. Тамеки чегүү, ичкилик ичүү да кан тамыр ооруларын жараткандыктан аларды таштоо керек.
Дары-дармектер. Врач диета кармоону сунуштап, холестеринди акырындап эритип жок кылуучу дары-дармектерди берет. Аларга липримар, амвастан, аторис жана башкалар кирет.

УЮГАН КАНДАН ТАЗАЛОО
Катуу жаракат алганда ошол жерде кан уюп калат. Ал уюган кан үзүлүп, кан менен жылып, организмдин каалаган бөлүгүндөгү кан тамырда туруп калышы мүмкүн. Айталы, бөйрөктүн кан тамырында. Уюган кан турган жер сезгенип, акырындап гангренага айлана баштайт. Андай кезде операция жасалып, сезгенген кан тамырдын ошол бөлүгү алынып, жасалма кан тамыр коюлат. Гангренанын очогу чоӊ болсо, орган бүтүндөй алынышы ыктымал.
Эгер адам убагында операция жасатпаса, гангренадан улам сепсис (канга инфекция өткөндөн улам кандын бузулушу) башталып, адам каза табат.
Эгер уюган кан артерияны толук бүтөп калса, кан жетпеген органдар өлө баштайт. Дароо операция жасалбаса, адам көз жумат.
Андыктан жаракат алганда дароо врачка көрүнүү кажет. Уюган канды эритүүчү дары-дармектерге гепарин, клексан, тромбо АСС, варфарин жана башкалар кирет.

ЭЛДИК МЕДИЦИНАДА
Нурлан Мамыров, табып: «Сыйкырдуу алтылык»
Бул дары кан тамырларды, ал тургай ичегилерди тазалап, кан айланууну жакшыртат. Керектүүлөр: лимондун, сабиздин, кызылчанын, кара түрптүн, сарымсактын ар биринен 1 стакандан жаӊы сыгылган ширесин алып, ага 1 стакан бал кошуп, аралаштыруу кажет. Баарын 2 литрлик банкага куюп, муздаткычта сактап, күнүгө 1 аш кашыктан 3 маал тамактан кийин ичүү сунушталат. Дары түгөнгөндө дарылануу курсу да бүтөт. Күзүндө жүзүм бышкан кезде дарыга 1 стакан жүзүм ширесин кошуп ичсе, андан да жакшы.
Эскертүү: боордун циррозу, өтүндө жана бөйрөгүндө ташы барларга, кант диабети менен жабыркагандарга, кош бойлууларга, бала эмизгендерге, ашказан жана ичегисинде жарасы барларга сунушталбайт!
Анар ширеси менен тазалоо. Анардын жаӊы сыгылган ширесин күнүгө 100-150 граммдан ичип жүрсө, кан тамыр тазаланып, гемоглобин да көтөрүлө берет. Каалоочулар 50 граммдан сабиз ширесин кошуп алышса болот. Эске алчу нерсе, ашказан, ичеги жана уйку безинде оорусу барларга колдонууга уруксат эмес!

Болот Мураталиев, табып: «Пияз жана бал менен»
– Пияздын 100 грамм ширесине 100 грамм бал кошуп, тамак алдында 1 аш кашыктан 3 маал ичилет. Муну 1-2 айлап иче берсе зыяны жок. Иммунитетти да көтөрөт. Ашказанында жана ичегисинде жарасы барларга болбойт!
Аркар оту менен тазалоо.
Аркар отун (душица обыкновенная) ар жерде ар кандай аташат. Мисалы, күрөӊ чай чөп, көк чай чөп, кийик оту деп. Бул чөптүн күздө казылып алынган тамырын абдан жанчып, андан 100 грамм алып, үстүнө 3 литр суу кошуп, 1 саат жай отто кайнатуу кажет. 2 күн тыныктырган соӊ сүзүп алып, күнүгө 3 маал 3 аш кашыктан ичилет. Дарылануу курсу 2 апта. Муну кош бойлуулар ичсе бойдон түшүү күтүлөт, андыктан аларга болбойт. Ашказан, ичеги, жогорку кан басым жана жүрөк оорусу барларга сунушталбайт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
temirov76
2015-05-11 14:45:21
Ото жакшы кенештер экен рахмат суперчилер.мындай кенештерди мындан ары да кобойто бериниздер.
0
aikarus8384
2015-05-12 08:57:36
Жакшы кенештер берилип жатат, рахмат силерге супер инфо жамааты.
0
Talant0906
2015-05-14 12:19:53
Сары май канча% холестирин?
0
kumushai-kg
2015-05-14 21:15:54
Жакшы кенештер иншаллах! Рахмат сиздерге супер инфо!!!
0
№ 653, 8-май-14-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан