Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Күн артынан күн өткөнүн Исхак унчукпас кароол нан таштаганынан болжолдойт.
«Дүӊ-ӊ...» деп алыстан күӊгүрөнүп шоокум келди бир күнү. «Дүӊ-ӊ!» Дагы алыстан келип, таман алды биртке титиреп кетти.
– Замбирек! Замбирек атылып жатат!..
– Эй! Э-ээй, ким бар?!
Күрт-күрт шарпа угулуп зындандын темир капкагы шарак этип ачылды.
– Эмне, келме айтып коёюнбу?
– Жо, тууган, келмем оозумда...Тышта эмне болуп жатат? Ыя, замбирек атылып жатабы?..
– Сага эмне кереги бар, мусулман? Бу дүйнөнүн көйү бүткөн го сага! Эмнесин сурайсыӊ? Бу дүйнө кумкуут. Газават...
Исхак нестейе түштү.
– Ким баштады?
– Ким тарыса ошол баштайт да чатакты...
– Ордо баштаган экен! Абдырахман баштаган экен! Жыландын куйругун баскан экен, кайран өлкөнү түгөтмөк болгон экен... Эй, баатыр,- деди буйрук кыла Исхак, – Иса
оулияны чакыр, тез келсин, айта турган сөзүм бар!..
– Кой, дөөрүбө, мусулман, сүйлөшүүгө болбойт, ачуума тийсеӊ капкакты жаап коём.
Жапса жаап коёт да! Исхак унчуга албай калды. Зындандын беш-алты кадам түбүндө ичи түтөп, күӊкүлдөп ары-бери баса берди. Кароол кызыктыбы, таӊыркадыбы, иши
кылып эӊкейип карап калды.
– Эй... Сен кимсиӊ өзү?..
– Баары бүлүнө турган болуптур го?! Эми менин ким экенимди билип эмне кыласыӊ, тууганым?! А сени Абдырахман! Териӊди тескери сыйрыбай...
Абдырахман кайда, бу кайда? Кароол карс-карс күлдү.
– Эрегиш эмне болду? Тарап кеттиби?
– Кайсы эрегиш? Хазрети аскер башы көтөргөн эрегишпи?
Исхак баш чайкады.
– А-а... Болот хан баштаган көтөрүлүшпү, Болот хан өзү Макка-туллага зыяратка кеткен дейт го. Кураган аскерин хазрети Абдырахмандын амирине таштаган экен, жармы ыкрар кылса, жармы ыкрар кылбай кумкуут болуп жатышат имиш.
Бир күнү бейтааныш бирөө үн салып, шаты түштү жанына. Сарбаздар эч сөз айтпай аны бектин турагына алып келишти. Иса оулия жалгыз отурган экен. Жай отуруп сүйлөшөлү деген ал учурдагы абалдан кеп салды. «Насирдин үмүттү актабады. Касам уруп үмүттү актамак гана турсун, жарым эс атасынын жолоюна түшүп, чүрчүт жарымпашага сүйөнүп, миӊ башыга каяша көрсөтө баштады...»
– Бу миӊ тукуму адамдан ач көз болуп кетти, өзүлөрү болсо болду, өлкөнүн өрттөнүп кеткени менен кылдай иши жок, булар баш болуп турганда бу ордо эч качан бирикпейт, эч качан жамиятка убайы болбойт дебедик беле?!
Жообу кайсы? Иса оулия унчукпай отуруп укту.
«Бабабыздын бейити тепселди, мазарыбыз булганды, о, мусулмандар, аттангыла! Көтөргүлө Пайгамбардын көк туусун!» деп Абдырахман жар салдырып, аракетин тез кылды. Көпчүлүктүн толкуну «жат акимден жерди, элди бошотуп алууга» бурулуп, август айынын башында чек ара болуп эсептелинген Аблык кыштагына кирип барышты. Он миӊ кол курама уездин каптап, бат эле Ташкен-Кожон почта линиясын алып, орус аскери турган Түлөө чебине чабуул койду. Кожон багытын каптаган кол бул шаарга 12 чакырым жердеги Дигмай кыштагын бошотту. Сир-Дарияны бойлоп жүрүш кылган кол Ташкенге 40 чакырым жакын кирип барды. Кожон багытында Оро-Төбө почта линиясын бузуп, Кожон шаарынын өзүн камоолго алышты. Тийишүүгө шылтоо гана күтүп турган Ташкендеги генерал-губернатор фон Кауфман генерал Головачёвдун командасы астында толук куралданган 1500 кишиден турган аскер аткарды. Кожондо полковник Скобелев бошоткучтардын алдын тосуп чыкты.
Фон Кауфман жеӊ ичинен Насирдин хан менен байланыш түзүп, аны Абдырахманга каршы ойготууга жетишти. Насирдин хан жааты орус аскерин пайдаланып, Кокондон Абдырахмандын жаатынан да, ээн баш элдин эрегишинен да кутулууну көздөп Ташкенге жашырын кат жиберген. Өлкөнүн «анык ээси» Насирдин хандын суранычы боюнча Кауфман орус аскерин Фергананын чек ара кыштактарына каптатып түшүргөн болчу.
Мына ушундай жагдайда Иса оулия Исхакты түн жарымында зындандан алдырып, жумшактап сүйлөшкүсү келип отурган.
– Менин кеп урушуп отурганымдын мааниси ушул ки, углум... Элибиз эки аран, күчүбүз бөлүштү болуп жатат. Бириктирели, углум. Газаваттын ыйык көк туусунун алдына элди бириктирели. Миӊ тукуму эми жерге кирсин! Баш коёлу азирети миӊ башыга...
Исхак мелтейип тиктеп калды . «Бу кыйды чал эмнени имерип отурат?»
– Углум, эстүү жансыӊ... «Ата Журт үчүн, тууган эл үчүн, дин үчүн газаватка кошулгула, азирети миӊ башынын амирине ыкрар кылгыла, мен көндүм» деп Бекназарга кат жаз углум...
Иса оулия чөйчөккө куюп сунган шарап бүткөн боюн чымыратып, Исхак көпкө жооп бербей отурду.
– Өзүӊө өзүӊ чыккынчылык кыл дейсизби?! Ошондой зарылдык болуп турса, бек, жол меники болучу, өзүӊүз билесиз, майли, менин амириме силер көнгүлө, менин туумдун түбүнө силер келгиле!
Иса оулия заматта иреӊи сууп, тымпыйып отуруп калды. Ымга келеринен түӊүлдү белем, алаканын шак-шак коюп, келген күзөтчү сарбаздарга туткунду кошуп берди.
Ошол түнү полковник Скобелев көп аскер менен келип сепилди камоого алды.
Замбиректин огу мээге кирчүдөй ышкырып, чырылдап ат кишенеп, кокуйлап, апалап өкүргөн үндөр угулуп жатты.
– Өкүрбө! У энеси талак! Өрттү! Суу чачкыла! Кийиз менен баскыла! У энеси талак...
Зиркилдеген бул үндү Исхак тааныды. Абдырахман! «Алдастап калган экенсиӊер го?!» Ичи өрттөнүп чыкты. «Куйтулар! Өлкөнү куруттуӊар, окшошкон куйтулар!»
Бир маалда зындандын капкагы ачылып, бирөө үн салды:
– Өй, барсыӊбы?
Тырп этип аркандын учу түштү.
– Өй, барсыӊбы, арканды карма... Бол эрте...
Ал зындандын оозуна тырмышканда үӊкүйүп турган бир кишинин сөлөкөтү көрүндү.
– Эмне болдуӊар?
– Кыӊ дебе, Кудай жалгагыр...- деп тиги бүрүшө түштү. Экөбү бузулган дубалдарды аралап, өлүктөргө чалынып отуруп сепилдин кырына чыгышты.
– Шашпа... Ме, муну карма, акырын...
Сырдуу киши колуна аркандын учун карматты. Буту жерге тийгенде бүткөн бою дүркүрөп, жаӊы кубат алгандай каны толкуп кетти. Суудан аптыга жутуп, жээкке чыкты да
ылдый жүгүрүп жөнөдү. Алдынан чоӊ караан көрүндү.
– Сен кимсиӊ? Тоспо жолумду, тоспо!
Караан бери жүгүрдү.
– Исхак! О, кайраным...
Исхактын жүрөгү солк этти. Бекназар! Жигиттер ак боз аргымакты алдына туура тартып, Бекназар Исхакты аргымактын үстүнө ыргытып салды. Ак боз аргымак булактап, Бекназар Исхакты колтугунан сүйөй, жигиттер түрмөгүн бузбай жарыша Фаргана түзүнө сиӊип кетишти.

ххх

Абдылла бек, Исхак, Бекназар Курманжан датканын өргөөсүнө келип түшүштү. «Зындандын сызы өткөн экен» деп датка эртеси күнү тамырчы алдырды. Тамырчы бүжүрөгөн абышка экен, жанынан кетпей, бир аптанын саналуу күнүндө калыбына келтирип койду. Эки көзүнө жалтырап нур кирип, иреӊине чырымтал кызыл жүгүрүп, тарамышына кубат толуп көз-көрүнөө оӊолду Исхак.
Күтүүгө болбойт эле. Абдылла бек, Бекназар үчөвүнүн башы кошулуп кеп башталды. Анын зиректиги, ар нерсеге өз болжолу, өз аракети барлыгы керээт датканы ыраазы кылды.
– Өз алынча мамлекетин сактап калыштан кымбат иш жок, жакшы, азамат, көздөгөн айкын максатыӊ бар экен. Мына, бири жол башчыӊ, бири кол башчыӊ, көмөк жактан камтама болбо, кошуун, оокат берилет.
– Ыракмат, датка эне, көтөрүлүп турган үч тайпа элиӊиздин алдында, көрүп турган Кудайдын алдында сизге милдетдарбыз.
Датка айым ойлуу тартып жер тиктеп калды. Тээ баягыда, ордону колго алмакчы болгон өз байы Алымбек келди көз алдына. Аны аттан түшүрбөй, кайрат айтып, дем айтып, уяткарып, ордо күрөшүнө кайрап, кайра кайтарып жибергени, ошондогу туталанган өз үнү угулду кулагына. «Мейли, кайран бек канын төккөн улук үмүт, ким тарабынан болсо да иши кылып жүзөгө ашсын, мейли...»
– Болду,- деди ал, жашыл көзү түркүн кубулуп, – бир кечиктирсеӊер мезгил колдон чыгып кетет, салгыла бул азаматты ак кийизге. Кошуун өзү көтөрсүн. Өзү «кан» деп көтөргөн азаматтын артынан баш бурбай ээрчигидей болсун. Эми айтып коёюн, ак кийизге жумуру баштын каны чачылбасын, Алла Таала курмандыкка өзү буюрган ыйык мал өтөт ырым үчүн, эсиӊерден чыкпасын.
Ак боз жоргонун тизгинин кармап, колтугунан сүйөп Исхакты кадырлуу датка энеси өзү аткарды.
– Кана... О-омийин, бир Алла жолуӊарды ачсын...
Бир убакта ушинтип бата берип турган Шер датканын сөлөкөтү көз алдына келип, каӊырыгы түтөгөн үнү кулагына угулгансып, бу батанын милдети, кара тер, кан менен жооп бергиле деген оорчулугу ансайын сезилдиби, эт-жүрөгү калтылдап турду Исхактын...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 653, 8-май-14-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан