ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (11-майдан 17-майга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Кой жылдызынын алдында төрөлгөндөр бул аптада жаӊы таанышуулардан абайлаганы дурус. Кимдир бирөөнүн алдамчы тузагына илинип калышыӊыз мүмкүн. Шаршемби күнү сизди жакшы көргөн, урматтаган адам күтүлбөгөн сюрприз жасашы ыктымал. Бул сизди кубанычка бөлөрү турган иш. Агрессивдүү адамдардан алыс болуп, токтоолук кылганыӊыз оӊ. Азыр сизге уруш-талаштын таптакыр кереги жок.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада чоӊ суммадагы акча керектелет. Тиричилик үчүн коротсоӊуз жакшы, бирок пландалбаган нерсеге жумшагандан алыс болуӊуз. Акчаӊыздын аягын таппай, өкүнүп калышыӊыз мүмкүн. Жума күнү жакын адамдарыӊыз менен баарлашып, өзүӊүзгө жакшы энергия топтойсуз. Бул сизге бир топко чейин күч-кубат берет. Жылдыздар сизге  аптада активдүү болуу менен көп нерсеге жетишериӊизди эскертишет.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Сизге чыгармачылык жактан бут тоскон адамдардын бети ачылат. Ачууга алдырып алар менен урушпай, маселени сабырдуулук менен чечкенге аракет кылыӊыз. Аптанын ортосунда маянасы жакшы, жоопкерчиликтүү иш орунун сунуш кылуулары мүмкүн. Ошондой эле гардеробуӊузду жаӊырта турган маал келип жетти. Жонуӊузду жаӊыртып, өзүӊүзгө жакшы маанай тартуулайсыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада элди таӊ калтырып, элпек жана жумшак болуп чыга келесиз. Бул учур эл менен болгон мамилеӊизди кайрадан карап чыгууга, жыйынтык чыгарууга жардам берет. Өтө чарчаганыӊызды байкашыӊыз мүмкүн. Жумуштан, күнүмдүк тиричиликтен тажасаӊыз, өзүӊүзгө эс алуу уюштурсаӊыз жакшы. Сулуулук салонуна, массажга барып эс алсаӊыз, энергияӊыз калыбына келет.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада ишиӊиз жүрүшкөнү менен, үй-бүлөлүк мамилелерде жарака кетиши мүмкүн. Сабырдуулук менен абалдан чыгып кеткенге аракет кылыӊыз. Бул аптада ички туюмуӊуз өтө күчтүү болот, андыктан ага кулак салып иш алып барыӊыз. Шаршемби күнү жакындарыӊыздын бири жардам сурап кайрылат, кол сунуп жардам берүүдөн кайра тартпаӊыз. Эс алуу күндөрү ойдогудай өтөт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бийкечтерди алдыда эӊ жакшы апта күтмөкчү. Көптөн бери максат коюп келген ишиӊиздин жемиши ушул аптада билинет. Өзүӊүз дагы бардык ишке оптимисттик көз карашта карайсыз. Бирок энергияӊызды абайлап үнөмдөбөсөӊүз, чарчап калышыӊыз ыктымал. Апта аягында ден соолугуӊузга кам көрүп, дарыгерлердин кабылдоосунда болушуӊуз мүмкүн. Өз алдынча дарыланбай, дарыгердин көрсөтмөсү менен дарыланыӊыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сиз үчүн олуттуу чечим чыгара турган апта. Көптөн бери чечилбей жаткан маселенин аягына чекит коюуӊузга туура келет. Бул үчүн сизден улуу, тажрыйбасы мол адамдар менен акылдашып туруп чечим чыгарганыӊыз оӊ. Киреше кире турган убак. Күтүүсүз чоӊ суммадагы акчалуу болуп кубанасыз. Ошону менен эле бейтааныш адамдар сизге каршы пикирлерин айтып, көӊүлүӊүздү суутушу ыктымал.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Сүйүүгө муктаж болуп турган чаяндар ким менен болсо да мамиле курууга даяр. Бирок абайлап мамиле курбасаӊыз, кийин өкүнүп каласыз. Жылдыздар машина айдоодо, техника менен иш алып барууда сак болушуӊуз керек экенин эскертишет. Аптанын соӊунда маанайыӊызды көтөрө турган досторуӊуз менен кезигишиӊиз мүмкүн. Спирт ичимдиктерин ашыкча ичкенден алыс болуӊуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Кесиптештериӊизге кылган мамилеӊиз тууралуу ойлонуп, кылдат талдап чыкканыӊыз оӊ. Анткени аптада жумуш боюнча маселелер жана интригалар тынчыӊызды алат. Каражат маселеси алдыӊкы планга чыгып, карызга акча алышыӊыз ыктымал. Бул маселелердин соӊунда сизди чет өлкөгө чыгуу бактысы күтүп турат. Эс алуу күндөрү убактыӊызды досторуӊузга арнаӊыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кыйын кырдаал жаралып, сиздин чечүүӊүздү талап кылат. Бардык ишке сабырдуулук менен мамиле кылсаӊыз, жообу табылат. Аптада маанайыӊызды буза турган адамдардан алыс болгонго аракет кылыӊыз. Жардам сиз ойлобогон тараптан келиши да мүмкүн. Шаршемби – алдыга койгон максаттардын орундалышына өбөлгө болчу күн. Дем алыш күндөрүн жакындарыӊыздын курчоосунда өткөрүӊүз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Ишиӊиз алга жылып, ийгиликтер кубанта турган апта. Каржы жактан пайдасы тие турган адамдар чыгып, алардын көмөгүн алышыӊыз мүмкүн. Иш менен эле жүрө бербестен, үй-бүлөӊүзгө да көӊүл буруп, аларга убакыт бөлгөнүӊүз туура. Анткени алар сиздин камкордугуӊузга муктаж. Аптанын акыркы күндөрү ишиӊиз көп болуп, эс алууга убактыӊыз жетпей бушайман болосуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Балык жылдызындагылар аптада рухий байлык топтогонго муктаж болушат. Табият коюнунда жакшы көргөн китебиӊизди окуп же медитация кылуу менен теӊ салмактуулукка келе аласыз. Бейшемби күндөрү алыстан келген кабар сизди кубандырышы мүмкүн. Ошондой эле бул аптада ашыкча акча коротуудан алыс болуӊуз. Аптанын аягында жакындарыӊыздын курчоосунда эс алганыӊыз туура.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 653, 8-май-14-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан