КУМАР АЗАБЫ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Акыл акчаны чын эле утуп алдым деп ойлоду. Ичинен жакшы болбодубу, атамдын короосунан кой-эчки уурдап сатып акча кылчу элем. Эми минтип ичип-чеккенге оӊой эле акча таап алам деп кудуӊдады. Үйгө кеч келип, мектепке барбай, тентектик кылып жүргөн уулунан чочулаган атасы аны үйлөндүрүүнү ойлоп, жубайына ичиндеги сырды айтты.
– Уулубуз окуусун аяктаса, дароо үйлөнтөлү. Антпесек токтолбойт окшойт,- деп оор үшкүрүнүп койду.
– Эрке кылган өзүбүз. Үйлөнгөндө эле токтолуп калмак беле?- деди Жылдыз.
– Токтолот. Аялынын жанында болсо көчөгө чыкпайт,- деди Садыр ишеничтүү. Жылдыз «Андан көрө шаарга окууга жиберели. Билим алсын, эл-жер көрсүн» десе, жолдошу каршы чыгып көнгөн жок.
– Шаарга барса мындан бетер бузулат. Жаман балдарга кошулуп, дареги билинбей кетсе кайдан табабыз? Же сен уулумдун ууру болуп, тентип кетишин каалайсыӊбы?!- деп ачууланды.
– Анда аскерге жиберели. Ата-эне кадырын түшүнсүн. Качанкыга чейин тигинтет-минтет деп капаска салып коргой беребиз?
– Аскер эле жыргап жатыптырбы? Ал жактан жарым жан болуп же өлүп келет. Жубайы жолдошунун мындай сөзүн уккандан кийин өзүӊ бил дегенсип үн катпады.
Акыл акыл токтоткон жок. Мурдагыдай эле кеч келет, күндүз кечке уктайт. Мектепке барууну такыр эле унутта калтырды. Быйыл 11-классты аяктайт. Ал теӊдүүлөр келечектеги кесиптери тууралуу талкуулашып, окуучулук күндөрүнүн акыркы көз ирмемдерин кызыктуу өткөрүүнүн камында.
Бир күнү классташтары анын үйүнө келишип, достук кеӊешин айтышты. Акыл алардын сөзүн такыр уккусу келген жок. Кичинесинен бери бирге чоӊойгон Адыл күйүп-бышып, досу менен жеке сүйлөшүп да көрдү.
– Досум, бул жол менен кеткениӊ туура эмес, эмитен ичкениӊ жарабайт,- деди.
– Кайсы жол туура же туура эмес экенин сенден сурабайм. Же көзүӊө мадыра баш бала көрүнүп турамбы?- деп каяша айтты.
– Деги сага эмне жетишпейт? Корооӊор толо мал, заӊгыраган үйүӊөр бар.
– Сен эмнени түшүнмөк элеӊ? Менин жеке турмушума кийлигишпей эле койчу. Андан көрө кечинде Кеӊеш акеникине кел.
– Кайсы?- деп суроолуу караган досуна.
– Кумарчы Кеӊеш. Өткөндө чөнтөктөрүнө сокур тыйын калтырбай утуп кеткем. Бул жолу да көйнөктөрүн тескери кийгизип кетпесем,- деп билегин түрдү.
– Эй, сен эмне деп эле дөөрүп жатасыӊ? Акыл-эсиӊ жайындабы?
– Эмне, досуӊдун өнөрүнө күбө болгуӊ келбейби? Колдоо көрсөтүп, анча-мынча сырларымды үйрөнөсүӊ,- деп көзүн кысып, мыйыгынан жылмайды.
– Акыл, токтотсоӊчу. Кайсы кыйраткан ишиӊе жылмаясыӊ? Ары жок адам турбайсыӊбы?! Ачууланып ары-бери басып, көздөрү кызарып чыкты. Адыл боорукер, түз жүргөн жакшы бала. Жаш болсо да акылы тетик. Ага жооп кылып Акыл кайра тескери сүйлөй баштады.
– Азыркы заманда ойноп, ичип-жеп алыш керек. Ансыз да жашоо кыска. Силер али чоӊоё элексиӊер да. Жашсыӊар, өтө жашсыӊар,- деди эрдемсип. Өзүн баарын түшүнгөн чоӊ кишидей сезди. Улуу адамдар менен бирге ичип, алар менен кумар ойногонун эрдик көрдү.
– Акыл!
– Эмне! Менин сунушумду кабыл албасаӊ, мага тоскоол болбо!- деп кесе жооп узатты.
– Жыргаган нерсени тапкансып сунуш деп коёт.
– Досум, ойносоӊ кел. Болбосо өз арабаӊды тарт, мага тарбия берчү сен эмессиӊ!- деп басып кетти.
Адыл досунун тескери сүйлөгөнүнө жаны ачып, ичинен сени менен айтышкан мен дагы акмак экенмин деп, андан көрө кумарчылардан Акылды арасына кошпоосун суранууну ойлоду. Башында жашоо тууралуу кымындай ою жок бара жаткан досуна «токтосоӊ!» деди кыйкырып.
– Макул, кечинде жолугабыз. Биринчи менин сүйлөшкөн кызыма жолугуп, анан сенин барчу жериӊе барабыз. Өзүӊдү ушунча чоӊ киши элестетсеӊ, анда кыз жандасаӊ боло,- деп каткырып күлдү. Анын «сүйлөшкөн кызыма барабыз» деген сөзү кулагына башкача угулду окшойт, бир азга муюй түштү да:
– Сен ким менен сүйлөшүп жатасыӊ?- деди кызыгып.
– Көрдүӊбү, мектепке барбаганыӊдын кесепети. Кечинде көрөсүӊ. Ага чейин сыр болсун. Адыл классташы Бермет экөө кыз-жигит болуп жүргөнүн ал биле элек эле. Бүгүн көрсө ичинен бир эзилип кыйналышы мүмкүн. Анткени аны сыртынан Акыл дагы жактырып жүрчү.
Кеч кирери менен адатынча көчөгө жөнөдү. Апасы «тамактанып ал» десе да уккан жок.
– Шашып кайда бара жатасыӊ? «Көп баскан аяк бок басат» болбосоӊ эле болду деген Жылдызга:
– Дагы кейип баштадыӊбы? Апа, мен жаш бала эмесмин го!- деп корс этип басып кетти. Досунун үйүнө барып, экөө Берметтин үйүн көздөй жөнөштү. Адылдан «Айтсаӊ, ким менен сүйлөшүп жатасыӊ? Кайсы кыз?» деп кызыгып сурады. Адыл «азыр көрөсүӊ» деп көз кысып койду. «Жүрү, бул көчө менен баралы» деп Берметтин үйүнө жакындай бергенде түшүндү.
– Бул Берметтин үйү да.
– Ооба, аяшыӊ ошол,- деп кубанычтуу айтты. Акылдын өӊү өзгөрүлүп, ичин бир нерсе сыдырып кеткенсип алкымы буула түштү. Досум деп жүрсөм кылган кылыгын кара,- деди ичинен. Адыл «Азыр чыгат, болжогон саатыбыз жакындап калды. Сен эмнеге унчукпай калдыӊ? Оюӊ бир жерде эмес го? Сен деле бирөөнү сүйбөйсүӊбү? Кечинде барасыӊ, гүл бересиӊ. Сүйүктүүӊдүн бетинен өөп алсаӊ андан да сонун, кийинки жолугушууга чейин тишиӊ көрүнүп жылмайып жүрөсүӊ. Мына минтип» деп оозун ачып тишин көрсөтүп, каткырып күлдү. Акыл «мен кетейин, экөөӊөргө тоскоол болуп калам» деп күйпөлөктөдү.
– Тура тур, азыр чыгат. Бат эле сүйлөшүп алып кетебиз. Чогуу барабыз дедим го.
– Жок, мен кетишим керек. Адыл колунан тартканына карабай басып кетти.
– Тура турбайсыӊбы,- деп артынан сүйлөнүп калып калды.
– Сениби, шашпа! Сүйдүргөндү көрөт экенсиӊ. Бермет менин жубайым болгондо сага каткырганды көрсөтөм,- деп сүйлөнүп келе жатты. Жини келип кадамын катуу таштап, тез эле Кеӊештин үйүнө жете келди. Оӊой олжо менен оозанган кумарпоздор анын келишин күтүп турушкан эле. Бөлмө ичи түтүн. Колдоруна карта кармап, кээ бирлеринин алдында акча, кээ бирөөсү утулуп калып ким чотур бере коёт деп отурат. Алды ичимдикке кызып калган. Акыл кирери менен Кеӊеш:
– Тааныбаганыӊар билип алгыла, бул Садыр сараӊдын баласы. Өткөндө бизди утуп кеткен,- дегенде ары жактан бирөөсү:
– Колуна жакшы чыгат экен. Бүгүн дагы шыпырып кетет го,- деп калп эле көӊүл көтөрмөккө ооз кыбыратты.
– Кел, отур. Кумар жөн оюн эмес. Бул оюнду мен деген эркек ойнойт. Баштадыӊбы, эми артка жол жок. Антты бузсаӊ, мына бу бычак жүрөгүӊдү жара кесет,- деп бычакты дасторкондун ортосуна сайды Искен.
– Биздин катарга кошулганга каршы эмессиӊби?
– Каршы эмесмин.
– Анда оюнду баштадык. Картаны тарат,- деди Кеӊеш. Акыл картаны таратты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Swallow
2015-05-11 11:13:00
Мм дагы бир жума кутмой ((
0
Aikowa_kg-8
2015-05-11 22:27:52
ууф неге ...кутпой башка жерден окуй албайбызбы???
0
Ledi89
2015-05-13 10:14:23
Кызыксыз боло баштадыго.
0
jypar.i
2015-05-13 18:33:22
Мына ушинтип кыйынсынып атып, ата-энесин шорго малат да. Ушундай баланын барынан жогу. Ошон үчүн "баланы башынан, аялды жашынан" дешет да
+1
№ 653, 8-май-14-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан