Айя Садырова: «ӨЗҮМ КУРАКТУУ ЖИГИТТЕРДИ ЖАКТЫРЧУ ЭМЕСМИН»

Бул ырчы кызыбыз кыргызча кыйналып сүйлөсө да, өзүн кыргыздын патриотумун деп эсептейт. Башка ырчылардан айырмаланып той-топурларда көп ырдабайт. Сүйгөн шаары Бишкектен башка жерде жашагысы келбейт. Ошондой эле жолдошунун ысымын аябай жашырып келет. Анда сөз Айя Садыровада.

«КӨПКӨ СҮЙЛӨШПӨЙ ЭЛЕ ТУРМУШКА ЧЫККАН ЖАКШЫ»
– Айя, жаңы курган үй-бүлөңдүн пайдубалы бекем болсун!
– Рахмат.
– «Жолдошум жөнүндө айтпайм да, сүрөтүн бербейм» дегениңе караганда, белгилүү адамга турмушка чыккансың го... Дегеле кантип таанышкансыңар?
– Жолдошум белгилүү деле эмес. Катардагы жеке ишкер. Мындан бир топ жыл мурун чыгармачылыгыма байланыштуу бир компания менен иштешчүмүн. Бир күнү болочок жолдошум ал жерге жумуштары менен келиптир. Курбуларым мени тааныштырып калышты. Алгач ал мага эч кандай деле көңүл бурган жок. Баарыбыз чогуу тамактандык. Бир маалда официанттар келип менден кол тамга сурап калышты. Ошондо анын “муну кандайча түшүнсө болот?” деген суросуна “мен анча-мынча ырдап коём” деп жооп бергеним эсимде. Мына ушул окуядан кийин ал менин ырчы экенимди билип, мага кызыга баштаптыр. Алгач жөн гана жакшы достордон болуп жүрдүк. Чынын айтсам, бир жыл эле кыз-жигит болуп жүрүп анан баш кошуп алдык. Негизи, көп сүйлөшпөй эле турмушка чыксам деп кыялданчумун.
– Сендей кыздын жүрөгүн кантип багындырды экен?
– Бара-бара экөөбүздүн ортобуздагы достук мамиле чыныгы сүйүүгө айланып кетти. Мен да чыныгы махабатыма жолукканымды сездим. Баарынан кызыгы, экөөбүздүн мындай мамилебизди эч ким үйлөнгөнгө чейин билген жок. Мен дагы өзүмдүн жеке жашоом тууралуу көп айта бергенди жактырбайм. Жолдошумдун да мүнөзү ушул жагынан мага окшош. Экөөбүз дайыма эл жок жерлерге, мисалы, жаратылыш коюнуна көп барчубуз. Ал эми жолдошумдун жашы менден улуу болгонун жактырдым.
Мен жигиттерди сын көз менен карап калган кезден баштап эле өзүмдөн бир топ улуу, мага акыл-насаатын айта билген адамга турмушка чыксам деп кыялдана берчүмүн. “Жаштын тилегин берет” деген туура экен. Жолдошум менден бир топ эле улуу.
– Кайындарың ырчы кызды кандай кабыл алышты?
– Буга чейин айтылып калбадыбы, кыргыздын салт-санаасы менен той өткөрүлдү деп. Чынында эле орус чалыш болуп жүрө берип кыргыздын жакшынакай салт-санааларына көңүл бурбаптырмын. Эки жак бири-бирине кийит кийгизишип, күйөө баланы жүгүнтүп, кыскасы, кыз узатуудагы бардык каада-салттар жасалды. Кайненем Майя абдан түшүнүктүү, динди бекем туткан адам. Буюрса, келечекте өзүмдүн апамды жана кайненемди Меккеге жөнөтөлү деп жатабыз.
– Кайсы жердин келини болдуң?
– Бишкекке эле келин болдум.
– Идеалдуу адам болбойт да, жолдо­шуңдун кайсы жери жакпайт?
– Чыныгы кыргыз да (күлүп). “Мына жетип калдым” деп айткан соң бир сааттан кийин келет. Ал эми калган сапаттарынын баары идеалдуу десем жаңылышпайм. Колунан баары келет.

«ЖАКЫН ДОСУМ – «ГЕЙ»
– Чыгармачылыгыңда эмне жаңы­лыктар болуп жатат?
– Турмушка чыккандан кийин иштей баштадым. Негизи, сүйүүдөн башым айланып жүргөн кезде иштебей калгам. Апам да “сен сүйүүңдүн артынан баарын таштап салмай болдуң” деп көп айтып калды. Учурда бир топ жаңы ырларды жаздырдым. Анын ичинен Диксон аттуу таланттуу рэпер менен “Кел, унутабыз” деген дуэт жаздырдык. Андан сырткары Саша Брокер аттуу москвалык ди-джейге музыкасын жаздыруу үчүн бир ырдын текстин жөнөттүм. Учурда шоу-бизнестеги бир айымды каарман кылып, роман жазып баштадым. Бирок башында эле айта кетейин, чыгарма өзүм тууралуу эмес.
– Шоу-бизнес демекчи, бул чөйрөдө кимдер менен дос, кимдер менен кассың?
– Баарына эле көргөн жерден салам бергенден башка мамилем жок. Ал эми акыркы кабарларды жакын досум стилист Олег Бедадан угам. Турмушка чыга электе Зарина Хасанова менен кошуна болгондуктан, кирип-чыгып кабарлашып турчубуз.
– «Акыркы кабарларды Олег Беда менен бөлүшөм» деп жатасың. Аны айрымдар «гей» деп да жүрүшөт го. Деги эле “лесбиянка”, “гей” дегенге кандай карайсың?
– Мындайларга эч кандай сын айта албайм. Алар өз каалоосу менен “гей” же “лесбиянка” болуп калышкан жок. Андай адамдарды табияттын өзгөчөлүктөрү деп түшүнөм. Ал эми жакын досум Олег боюнча айтсам, шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт.
– Баса, конуш кут болсун!
– Рахмат, жаңы квартирага жакында эле көчүп кирдик. Квартирабыздын мурдагы кожоюну көп жылдан бери батирге берип жүргөндүктөн, азыр оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүп жатабыз.
– Эркек бир туугандарың үйлөнө элекпи?
– Жеңелүү, келиндүү болуу убактысы чукулдап калды.
– Эне болуу бактысын күтүп жатып­тырсың, кыйналган жоксуңбу?
– Бактылуу көз ирмемдерди сүрүп жатканда кыйналганың бир тыйынга тете болуп калат экен. Буюрса, жакында эне болуу бактысына ээ болом.
– Айя, маегиңе чоң рахмат. Аман-эсен көз жарып ал.

АЙЯ КҮЙӨӨСҮ ТУУРАЛУУ

  • Жолдошум ысытылган тамакты таптакыр жебейт. Ал эми мен котлеттин түрүн жасап кубандырып жатам.
  • Өтө кызганчаак. Кыз-жи­гит болуп жүргөндө бир жолу күйөр­мандарымдын айынан өзү белек кылган телефонду талкалап салган.
  • Ырым-жырымдарга көп ишенет.
  • Белек бергенди жактырат. Бир жолу Францияга иш сапары менен барып, мага 300 еврого көз айнек сатып келиптир. Бирок мага жарашпай калып тагынбай койгом. Эми акчалай белек кылганга өттү.
  • Көбүнчө жаным, баклажаным деп эркелетет.

ЭҢ ЖАКШЫ КӨРГӨН...
Сүйүктүү брендимОлег Беда.
СуусундугумСүт коктейли.
Асем буюмум Жолдошум салган сөйкө.
Көркөм тасмам“Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен”.
ӨңүмКөк жана ак.
БуюмумДайым жанымда жүргөн тумарым.
Жаныбарым – Мышыгым.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
korea
2009-12-21 19:20:29
Baktyluu bolgula!!!
0
kyrgyzska
2009-12-22 08:13:08
Aya ochen pohoja na moiu sestru!aj sama udevilas kogda uvidela ee!horoshii chelovek sredi zvezd....!!!
0
санирабегим
2009-12-22 15:48:29
желаю огромной любви.ёще хочу сказать в шоу-бизнесе очень много звезд у которых рождаются маленькие детишки или родятся в скором времени. например:кундуз жена кубаныч сатаева,неля,асема,айя,назира айтбекова,анжелика и так далее!
0
Robingud
2009-12-22 17:56:38
Baktyluu bolgula!!!Anan kuyoosunun "baklajan" dep erkeletkeni 4yndykka jakynday
0
jazka
2009-12-23 00:58:45
kyrgyzska!эжен Айяга окшош болсо супердин сынагына катыш дебейсинби?!:)Биз деле коруп калалы!
0
№ 372, 18-24-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан