Робот дегенде Японияны гана элестетип келсек, эми өлкөбүздүн таланттуу жаштары да роботторду жасоодо. Борбор калаабыздагы Чыӊгыз Айтматов атындагы Кыргыз-түрк лицейинин окуучулары кыргыз бийин бийлеген роботту курап чыгышты.
«БААСЫ 3 МИӉ ДОЛЛАР»
Аталган лицейдин 11-классынын окуучулары Айткул Макенов менен Бекболот Кудайбердиев алгачкы роботун 2 жыл мурун жасашкан. «Ал атайын белгиленген аралык менен жүрүп, кайра өзү токтоп калчу» деп белгилешет жаш конструкторлор. Ал эми азыркы робот атайын Түштүк Кореядан алынып келинген тетиктер менен куралган.
– Роботторду жасоого 9-класстан бери кызыгып келебиз. Кичинекей машина роботторду жасап отуруп, эми татаал роботторду жасоого белсендик. Учурдагы роботтун жабдыктары Түштүк Кореядан алынып келинип, 20 мотор менен иштейт. Алар зымдар менен байланыштырылган. Роботтун артында батарейка орун алган. Бою – 40 сантиметр, салмагы 2 килограммдан ашат. Жабдыктарынын жалпы баасы 3 миӊ АКШ долларын түздү. Батарейкасы эле 70 доллар турат. Аны көп убакыт колдонбой койсо иштебей калат экен. Тетиктерди алууга лицей жетекчилиги жардам берди.
Роботубуздун аты «Кожомкул». Роботтор арасында күрөш мелдеши орун алмак, ошондуктан айтылуу кыргыз балбанынын ысымын ыйгардык.
«Кожомкул» роботунун жабдыктарын куроо оӊой болгону менен, анын теӊ салмактуулугун сактоо, бастыруу бир топ эле кыйынчылыкты туудурду. Мындан тышкары бийлей турган же башка кыймылдарды жасаттыруу үчүн атайын программа түзүү бул эӊ негизги жумуш болду. Программаны иштеп чыгуу жана аны роботко киргизүү 3-4 ай убакытты талап кылды. «Кожомкул» күрөшкө түшөт, «Кара жорго» жана «Gangnam style`га» бийлей алат. Ошондой эле гимнастика менен машыгып, буту-колу менен сокку узатат. Бул ишибиздин башталышы гана. Келечекте мындан да инновациялык, заманбап, өзгөчө роботторду жасоо тилектерибиз бар,- деп айтып беришти окуучу балдар.
«БАРДЫК ҮЛГҮДӨГҮ РОБОТТОРДУ ЖАСАЙ АЛЫШАТ»
Лицейдин жетекчисинин тарбия иштери боюнча орун басары Эмил Рыскулов төмөнкүлөргө токтолду:
– Биздин лицейде 2 жыл мурун техника ийрими ачылган. Анда балдар ар кандай технологияга байланышкан шайман, тетиктерди жасашчу. Кичинекей роботторду куроодон баштап, бара-бара татаал роботторду жасап башташты. Бизди көрүп башка лицейлердин окуучулары да жасоого өтүштү. Жакында эле республиканын бардык кыргыз-түрк лицейлер арасында роботтор мелдеши өткөрүлдү. Ага жалпысынан 6 робот катышып, күрөш, бий, сумо боюнча күч сынашышты. Келечекте эл аралык роботтор мелдешине катышсак деген тилектерибиз бар.
Мурда мындай роботторду чет өлкөдөн эле көрүп келсек, эми биздин эле балдар курап башташканына сыймыктанбай коё албайсыӊ. Балдарыбызга шарт түзүп берсек, бардык үлгүдөгү роботторду жасай алышат.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg