БИШКЕКТЕ ЖАӉЫ SAMSUNG ELECTRONICS ФИРМАЛЫК ДҮКӨНҮ АЧЫЛДЫ

Жакында белгилүү Samsung Electronics дүйнөлүк бренди менен Ultra Technics биргеликте ачкан эки кабаттуу тиричилик жана электр техникасынын биринчи техномаркет дүкөнү борбор калаада пайда болду.

Соода аянты 500 чарчы метрди түзгөн биринчи кабатты түштүк кореялык өндүрүүчүнүн продукциясы ээледи. Муздаткычтын 40, сыналгынын 30, кир жуучу машинанын 30 түрү, буга катар микротолкундуу мештер, аба соргучтар (вытяжка), чаӊ соргучтар жана Samsung смартфондорунун, планшеттеринин заманбап жана премиум класстагы түрлөрү өтө чоӊ соода аянтында жайлуу орун алышты.
Кыргызстандагы Samsung Electronics компаниясынын аудио-видео жана тиричилик техникалары боюнча менеджери Бакыт Мукамбетов: «Ар ким мүнөздөмөсү, каалоосуна туура келген моделин тандай алат. Бул үчүн каталогдорду барактап, тандаган товарды качан алып келип берет деп күтүп отуруунун кажети жок. Бардык товарлар дүкөндө бар. Чоӊ дүкөндүн артыкчылыгы мына ушунда. Мындан тышкары биз бул брендшопту ачып жатып сатып алуу процессине жаӊыча көз караш менен карап, аны болушунча ыӊгайлуу кылууга аракет жасадык. Экинчи кабаттагы башка фирмалардын продукциялары сатылган жайында чакан Smart-кафе дагы бар. Кафеде отуруп кофе ичкенче үй-бүлө мүчөлөрү менен сатып алчу товарды талкуулап, эс алууга болот»,- деген оюн айтат.
Техномаркетти үй-бүлөлүк деп атоого толук жооп берет. Дүкөндүн ачылышы учурунда улуулар сатыктагы товарлардын түрлөрү менен таанышып, кеӊеш берүүчүлөр менен пикир алышып жаткан учурда жаш муун дүкөн текчелерине коюлган жаӊы мобилдик гаджеттердин иштөө функциялары менен таанышып жатышты. Көптөгөн сыналгылардын сүрөт чагылдыруу сапаттарына да күбө болушту.
«Бул жерде бир гана кеӊири таанылган моделдер эмес, премиум класстагы товарлар да сатыкка коюлду. Буга мисал катары ийилген сыналгыны атасак болот. Мындай өзгөчө жана чоӊ экран айкын картинаны чагылдырып, таза үн менен ээсин канааттандыра алат. Анткени Samsung Electronics ар качан техника жаатында иштеп чыккан моделдери боюнча кыйла алдыда жүрөт эмеспи»,- дейт Бакыт Мукамбетов.
Брендшопто сунушталган техникалардын арасынан жаӊычылдык катары Samsung Eco Bubble кир жуучу машинасын көрсөтүүгө болот. Ал Wi-Fi түйүнү аркылуу башкарыла
тургандыгын айта кетпесек болбос. Ошондой эле жылдын флагманы болгон Samsung Galaxy S6 жана Galaxy S6 Edge жаӊы смартфондору да сатыкка коюлган. Бул телефондорду элге сунуштоо аземи жакында эле, тактап айтсак, 17-апрелде болуп өткөнүн эскерте кетели. Эми бул телефондорду дүкөндөн бардык каалоочулар сатып ала берсе болот.
Дүкөн сатыкка коюлган товарлар менен кардарлардын жакындан таанышып чыгуусуна абдан ылайыкташкан. Техниканы түшүнгөн кеӊешчилер, мыкты жарык берүү, системдешкен жыйнактуулук жана товарлардын түрдүүлүгү эӊ кежир кардарды да кайдигер калтырбайт. Алар үчүн Samsung Electronics компаниясы атайын бонустарды даярдап койгон. 1-майдан 25-майга чейин ар бир сатып алуучуга алган товарынын баасына жараша купондор берилет. Купондун ээси автоматтык түрдө 30-майда ойнотулуучу лотереянын катышуучусу болуп калат. Ойнотулуучу байгелердин ичинде муздаткычтар, кир жуучу машиналар, чаӊ соргучтар жана башка көптөгөн тиричилик техникалары болмокчу. Ал эми башкы байге – 3 миӊ доллар өлчөмүндөгү сертификат. Сертификатка ээ болгон кардар бул суммага компаниянын каалаган товарын тандап алуу укугуна ээ болот.
Сөз болуп жаткан жаӊы дүкөн борбор калаанын чыгыш тарабында Киев көчөсү 190, Турусбеков көчөсү менен кесилишкен жакта жайгашкан. Бул дүкөн Samsung Electronics компаниясынын Бишкек шаарындагы төртүнчү фирмалык дүкөнү экенин эскерте кетели. Башка дүкөндөр Ахунбаев көчөсү 94, Ибраимов көчөсү 113 жана Чүй проспектиси 155 даректеринде жайгашкан.

Премиум класстагы товарлардын катарына кирген ийилген сыналгылар.

Дүкөн сатыкка коюлган товарлар менен кардарлардын жакындан таанышып чыгуусуна ылайыкташкан.

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 653, 8-май-14-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан