«КЫЛЫМДЫН БЕТТЕШИ» же кантип 36 мүнөттө 300 миллион $ тапса болот?

2-май күнү (Кыргызстан убактысы боюнча 3-май) бокс тарыхында жаӊы барактар ачылды. Себеби бул күнү Мухаммед Али – Жорж Форман, Майк Тайсон – Леннокс Льюис сыяктуу беттештердин сабында турчу беттеш орун алды. АКШнын Лас-Вегасында учурдагы жарым орто салмак категориясындагы мыктылардын мыктылары – Флойд Мэйвезер менен Мэнни Пакьяо беттешке чыгышты.

5 ЖЫЛГА КЕЧИКТИ
Акыркы 5-7 жылдан бери жарым орто салмактагы бул эки мушкерге теӊдешкис эч ким табылбай келген. 2008-2009-жылдары эки мушкер теӊ бардык атаандаштарын жеӊип, кезек экөөнө жеткен. Бирок алардын ортосундагы сүйлөшүүлөр эч жыйынтык берген эмес. Бири акчанын бөлүштүрүлгөнүнө ичи жылыбаса, экинчиси допинг-тесттин өткөрүлүшү боюнча бир ойго келе алган эмес. Арадан жылдар өтүп, ушул жылдын январь айында Мэйвезер менен Пакьяо жекеме-жеке сүйлөшүп, беттеш болору аныкталган. Ортого Флойддун WBA (Super) жана WBC Дүйнө чемпиондук куру жана Мэннинин WBO чемпиондук куру коюлду. Серепчилер бул беттешти «кылымдын беттеши» деп аташты.

Флойд Мэйвезер (кичүүсү)
Мекени – АКШ
Жашы – 38
Салмагы – 66 кг
Бою – 173 см
Кулачынын узундугу – 183 см
Профессионалдык рингде – 47 беттеште (26сы нокаут менен) 47 жеӊиш

Беттештин жүрүшү
ТАКТИКА ЧЕБЕРИНЕН МАСТЕР-КЛАСС
Бокс серепчилери бул беттеште Мэйвезер кантип мушташарын какшап келишкен. Бул алгачкы раунддарда коргонууда мыкты болуу жана атаандаш чаалыкканда көп соккуларды узатуу. «Кылым беттешинде» дал ушундай болду. Буттардын керемет кыймылы жана атаандаштын соккуларын эбак аӊдап-билүү. Мэйвезер дал ушундай манерада беттеш жүргүздү. Ал убагы келгенде качып, контрчабуул өткөрүп жатты. Жеӊиш үчүн эмне керектигин эбак сезген Флойд түрө качырып чабуулга да барган жок. Флойд атаандашын тактикалык жактан жеӊип койду.

Беттештен соӊ
Флойд Мэйвезер: «Мэнни мыкты мушкер. Мен коргонууда мыкты болгондугумдан жеӊишке жете алдым. Эми бир жумадан кийин кайра машыгууларды баштайм. Сентябрда акыркы беттеш өткөрүп, карьерамды жыйынтыктайм. Бардык чемпиондук курларды тапшырып, башка боксчуларга да мүмкүнчүлүк берүү туура болот деп ойлойм».
Мэйвезер (улуусу), Флойддун атасы: «Флойддун кийинки беттешиндеги атаандашы Амир Хан болушу керек. Бул Флойддун акыркы рингге чыгышы болот жана аталган беттешке британдык боксчу эӊ ыӊгайлуу болмок».

Мэнни Пакьяо
Мекени – Филиппин
Жашы – 36
Салмагы – 66 кг
Бою – 169 см
Кулачынын узундугу – 170 см
Профессионалдык рингде – 64 беттеште 57 жеӊиш (38 нокаут менен), 5 жеӊилүү, 2 теӊ чыгуу

Беттештин жүрүшү
МАЙНАП ЧЫКПАГАН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР
Машыктыруучусу Фредди Роуч баштаган командасы менен Пак Мэн ринг алдына биринчи кадам шилтеди. Жүзүнөн күлкү кетпеген Мэннинин өзүнө ишенип турганы билинип турду. Ооба, ал биринчи раунддан тарта өз стилине салып, чабуул менен баштады. Алгачкы алты раундда атаандашына караганда көбүрөөк кыймылдап, соккуларды да көп узатты.
Бирок мындай ыргактагы бокс көпкө узаган жок. Беттештин экинчи жарымында Мэнни чаалыга баштады. Жыйынтыгында анын ылдамдыгы жоголуп, соккуларынын саны да азайды. Мындай учурда бир гана нокаутка учуратчу таамай соккуга үмүт артуу керек эле. Бирок майнап чыккан жок.

Беттештен соӊ
Мэнни Пакьяо: «Бул беттеште жеӊип чыктым деп ойлойм. Чабуулдарым алда канча майнаптуу болуп жатты. Беттешке бир жума калганда ийинимден жараат алып калгам. Ага карабай рингге чыгууга туура келди. Мындай беттештен баш тартып коюу туура эмес болмок. Жыйынтыгында 3-раунддан баштап эле ооруксунуу сезилип, оюмдагыдай кыймылдай алган жокмун».
Фредди Роуч, машыктыруучусу: «Мэнни үчүн башкы тоскоолдук Флойддун боюнун жана колунун узундугу болду. Эми Пак Мэн бул утулуудан кийин эле карьерасын жыйынтыктап калбайт. Ал бери дегенде 2016-жылдын аягына чейин рингге чыгарына көзүм жетет. Ошондой эле Флойд менен реваншка чыгууга аракет жасайбыз».

Узатылган соккулар:
Флойд: 435 соккудан 148 таамай.
Мэнни: 429 соккудан 81 таамай.

Калыстардын эсеби:
Калыстардын бирдей чечими менен Флойд жеӊишке жетишти: 116-112,116-112, 118-110.

ОЙ-ПИКИР
Бул беттеш бокс дүйнөсүндө кызуу талкууга алынып, атактуу кыргыз мушкерлери беттешке чейин SUPER.KG порталына өз пикирлери менен бөлүшүшкөн.
Орзубек Назаров, WBA версиясы боюнча Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону:
– Менин оюмча, алгачкы 3-4 раундда Пак Мэн атаандашын нокаутка же нокдаунга учуратса, жеӊишти камсыздаганга мүмкүнчүлүгү болот. Эгер беттеш 12 раундга созулса, анда Мэйвезер кийинки раунддарда баарын көзөмөлдөп алат.

Алмазбек Раимкулов, профессионалдык рингде 30 беттеш өткөргөн мушкер:
– Бул эки мушкер бири-биринен стилдери менен айырмаланат. Беттеш 12 раундга созулат да, жеӊишти упай менен Пакьяого ыйгарышат деп ойлойм. Мэйвезер менен Пакьяонун ортосундагы беттешти миллионерлердин оюну деп баалайм.

Урмат Рыскелдиев, профессионал мушкер:
– Мен Пакьяо же Мэйвезер утушу керек деп айта албайм. Айтуу да өтө оор. Эгер беттеш 12 раундга созулса, анда Мэйвезер упай айырмачылыгында жеӊишке жетишет.

Азат Усеналиев, мушкер:
– Менимче, Флойд Мэйвезер утат. Себеби мушкердин куулугун, узатылчу соккуну алдын ала сезе билгенин белгилегим келет. Ошол эле учурда беттеш Америкада өтөт жана Флойд бир да жолу утулган эмес.

БЕТТЕШ ТУУРАЛУУ:

• «Кылымдын беттешинде» Мэйвезер 180 миллион АКШ долларын алса, Пакьяо 120 миллион доллар гонорар алды (бокс жаатындагы рекорд). Салыштырып көрсөк, Флойд 1 мүнөт рингде жүргөнү үчүн 5 миллион алды. Же болбосо, 5 мүнөт ичинде Лионель Мессинин бир жылдык маянасын таап койду.
• Билеттердин баасы 15 000 доллардан 87 500 долларга чейин жетти.
• Билеттер сатыкка чыккан 1-мүнөттө эле сатылып кеткен.
• Мэйвезердин 48-жеӊиши катталды. Ал бир да жолу теӊ чыгып же утулуп көргөн эмес. Эгерде дагы бир ирет жеӊишке жетишсе, «түбөлүк рекорд» Рокки Марчианонун рекордун кайталайт (ал 49 беттештин бардыгында жеӊишке жетишкен).

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
hayley
2015-05-11 10:18:50
Ушул беттеш кишилерди озуно аябай конулун буруп жана жаны кинотеатрларга чыккан кинолордун биринчи уикендинде жетишээрлик киреше топтой албай анын куноосу ушул беттеш деп жазышкан
0
Pantherka
2015-05-11 17:07:46
вай не деген акчалар...
0
berdibek05
2015-05-11 18:03:52
пакьяо татыкту болчу
0
Nuranna_93_kg
2015-05-11 22:37:50
Биздин мушкерлерибизге да ийгилик!!!Ушулардын даражасына жетишинерге тилектешмин...
0
bazarkyl
2015-05-12 10:36:44
майвезердин бокстан кеткени жаман болду. топоштолгонун коргум келчи эле.
0
BAIELER81
2015-05-14 01:52:32
Пакмэн женген болчу бирок Мейвезерди змея дешет ото кыйтыр боксер
0
chupachups-89
2015-05-15 04:38:11
Билеттер сатыкка койулган куну эле эн арзаны $4000 болуп кетти. Баралы деп аябай катуу даярданып жатканбыз. Хотя бы $1000 болсо да бармакпыз
0
ere
2015-05-15 13:55:03
видеосун кайдан корсок болот экен???
0
http
2015-05-15 15:06:04
Jakub911
2015-05-20 23:14:58
"Кылымдын беттеши" умутту актаган жок. Пакмэн жакшы аракет кылып жатты бирок, контр чабуулдарды откоруп койду. Элдер Мейвезерди 2-номер менен ойноп, кызыксыз беттеш откорду дейт. Бирок бул тактика результат берди. Мейвезерге азыркы учурда достойный соперник жок. Амир Хан жон эле ХХХ. 100% утат. Интрига 0.
0
admin_superstan
2015-05-21 09:57:32
Jakub911, кимдир бирөөнү мазактоого жол жок! Эскертүү!
0
№ 653, 8-май-14-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан