ОРУСИЯНЫН ШОУ-БИЗНЕСИНДЕ «КИСЛОРОД КАНДАЙ БУУЛАТ?»

Дүйнөлүк шоу бизнестин жылдыздары продюсерлердин эрки менен жанып, алардын каалоосу менен өчүп жатканын көрүп жүрөбүз. Бул жагдай Орусияда кандай?

ЕЛЕНА ТЕМНИКОВА
топтон кеткени үчүн продюсерине миллиондорду төлөдү
Елена Темникова «Серебро» тобунан жана продюсери Максим Фадеев менен эки жолго түшкөндүгү коомчулуктун көӊүл чордонунда болууда. Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузганы үчүн миллиондогон каражаттарды төлөсө да, продюсери ырчыны ток-шоулорго чакырттырбай, эфирге чыгарттырбай, «кислород бууп жаткандыгы» тууралуу кептер да айтылууда.
Е.Темникова бул тууралуу: «Ден соолугума байланыштуу келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуп, топтон кетүүмө туура келди. Топтогу кыздар менен мамилебиз начар болчу, пикир келишпестиктер көп орун алчу. Келишим бар болгону үчүн гана аргасыз иштеп келгем. Ооруканага жатканга чейин бир ай мурун Максимге чалып, келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуш керектигин айттым. Ал мени менен сүйлөшпөстөн, жактоочу жалдап келүүмдү айтты. Жактоочум менен келип концерттин санын, келтирилген чыгымдын суммасын эсептедик. Жыйынтыгында мен миллион сумманы продюсериме төлөп бердим. Бардыгы «эмнеге төлөдүӊ?» деп жатышат. Мен бизде болгон карьерага жакшы из калтырайын дедим. Ири суммадагы акчаны эрте кеткеним үчүн төлөдүм. Максим күйөрмандарым менен коштошууга мүмкүнчүлүк бербей койгонуна кейийм. Жактоочулар менин суранычым боюнча бул вариантты да ага сунушташкан. Ал менин эч жерден чыкпоомду каалап жатат. Эмне үчүн улуу киши жаш энени жайына койбой жатканын түшүнбөйм»,- деп билдирген.

СТАС ПЬЕХА
Игорь Крутойду соттон утуп чыккан
Стас Пьеханы «Жылдыздар фабрикасы-4» долбоорунан чыкканын билебиз. Андан бери 10 жылдан ашуун убакыт өтсө да, Игорь Крутой менен Стас Пьеханын ортосундагы кастык азыркыга чейин уланып келет. Пьеха: «Экөөбүздүн ортобузда олуттуу сүйлөшүү болгон. Мен кетсем продюсерим Игорь бут тоспоорун убада кылган. Мен ага ишенип, расмий түрдө продюсер Дробыш менен иштеше баштагам» дейт.
Мындай чечим Игорь Крутойдун ачуусун келтирип, Стас Пьеханы сотко берген. Бирок көптөгөн түшүндүрмөлөрдүн күчү менен Пьеха жеӊип чыккан. Крутой: «Стас чыныгы саткын. Ал оюнда Биринчи канал мени жок кылат деп ойлогон. (ред. Ошол маалда Биринчи канал И.Крутойдун «АРС» холдингин менчиктештирүүнү көздөп жүргөн) Ошондуктан ал телеканал менен болгон конфликттин башында эле мени сатып, башкага кеткен»,- деген.



КАТЯ ЛЕЛДИН
ар бир ыры 30 миӊ доллар турат
Катя Лель менен продюсери Александр Волковдун ортосундагы чыр дээрлик 5 жылга созулган. Чыр ырчынын келишимдеги пункттарды аткаруудан баш тарткандыгынан келип чыккан. Мындан улам продюсери Катяга хит ырларын аткарууга тыюу салып, сотко берген. Анткени Волков бул ырлар үчүн Максим Фадеевге ири каражат берип жаздырган. Лелдин «Мой мармеладный», «Муси-пуси», «Долетай» сыяктуу хит ырлары 30 миӊ доллардан кем эмес бааланган. Анын альбомундагы чыгармаларга кеткен чыгымды санай келгенде болжол менен жарым миллион доллардан ашуун акчаны чапчыйт. Бул чырдан Волков жеӊип чыгып, Катя репертуарындагы ырларды аткаруу укугунан ажыраган. 2008-жылы Волков рак оорусунан каза тапканда, ырчы анын акыркы сапарга узатуу зыйнатына келген эмес.



«ПРЕМЬЕР-МИНИСТР»
хит ырларынан ажыраган
«Премьер-министр» тобунун ырчылары продюсери Евгений Фридлянддан 2005-жылы кеткен. Топтун солисти Питер Жейсон тартипсиздигинен улам топтон четтетилгенде, жигиттер продюсерден кетүү чечимин кабыл алышкан. Мындан кийин таланттуу ырчылар Вячеслав Бодолика, Питер Жейсон, Жан Григорьев-Милимеров жана Марат Чанышевди жеӊил жашоо күтүп турган жок. Себеби Фридлянд чабуулга өтүп, биринчиден, экс-солисттерге «Премьер-министр»деген аталышты колдонууга тыюу салып, укугун соттон жеӊип чыккан. Жигиттер «ПМ» тобу деп чыгууга аргасыз болушкан. Экинчиден, экс-продюсер топтун репертуарындагы хит ырларды ырдоо укугунан да ажыраткан. 2005-жылдын сентябрынан баштап 2014-жылга чейин сот иштери «ПМ» группасынын мырзалары менен продюсердин башкы ишмердүүлүгүнө айланган. Евгений Фридлянд бул учурда «Премьер-министр» группасына Тарас Демчук, Сергей Демянчук, Амархуу Борхуу жана Василий Киреев деген жигиттерди алып сахнага чыгарган. Бирок харизмасы жок вокалисттер күйөрман талаасында, медиа айдыӊында сүймөнчүлүккө ээ боло алышкан жок.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
fittoniya
2015-05-11 11:42:31
Серебронун ушул кызы жакчу кеткени жаман болуптур.Стастын Валерия менен ырдаган дуеттери жакчу.
0
AFRODITA-89
2015-05-11 11:49:12
ырчыларга деле кыйын экен продюсерлер кыйын турбайбы андан коро оз алдынча чыгып ырдыса же башка кесип менен эле иштесе жакшы экен.
0
kuba.kq8705
2015-05-11 15:07:37
кыргыз ырчыларын да жазып койгулачы супер инфо
0
jazeera
2015-05-12 11:26:42
ЭХ!!!! премьер-министр сонун группа болчуда!!!! Жалко ушундай топ тарап кеткени .,.
+1
A3A
2015-05-12 12:24:12
Серебро групасында кыздар суп сулуу кыздар го, эмнеге мамилелери жаман болду экен?

Баса теманын аталышындагы сөздөр жаргон болуп эсептелбейби?
0
rozka
2015-05-12 13:37:04
Коп жанылыктан артта калган турбаймынбы ЕЛЕНА Темникованы кооп бууйт эми Фадеев
0
Nuranna_93_kg
2015-05-13 14:55:48
Иннаны дагы ушинтип ырдатпай коюшуп азыр башка мамлекеттин атынан чыгып,популярдуу ырчылардын катарын толуктап журот.
0
diana_9393
2015-05-13 15:07:51
Елена Темникова кеткенден кийин топ ийгилектерди да багынта албады, баштагыдай популярдуу да боло албады. Топтон коркун ачкан ушул кыз эле. Кеткени окунучтуу.
0
daniel87
2015-05-14 15:13:30
Супер инфо;кыз бурактан кеткен кыздар ырдоо укугунан ажырайт деген айын кептер бар.канчалык денгээлде чындыгы бар иликтоо жургузуп койсонуздар алдын ала Ырахмат!мисалга Аида макамбаева ж.б.у.с кыздар.
0
admin_media
2015-05-14 18:05:14
daniel87, саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат!
0
jypar.i
2015-05-15 20:29:57
Мага экс Премьер-Министрлер абдан жакчу. Чынында эле, алардын харизмасы өтө жогорку деңгээлде болчу, жана сахнанын көркүн ачып турушчу. Аларды мурункудай теледен көрө албаганыбыз өкүнүчтүү.
+1
№ 653, 8-май-14-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан