АЛАР МЕКЕН ҮЧҮН КҮРӨШКӨН

Мындан туура 70 жыл мурда кандуу Ата Мекендик согуш жеӊиш менен аяктап, фашисттик баскынчылар талкаланган. Эркиндик, келечегибиз үчүн күрөшкөн ата-бабаларыбыз майтарылбас эрдиктери менен келечек урпактарга тынчтык белек кылган. Жеӊиш оӊой-олтоӊ эле келген эмес. Ата-бабаларыбыздын көбү кырчындай курагында өз жанын берсе, кээ бири ден соолугунан ажыраган. Дагы канчалаган мекендештерибиз оорукта бел чечпей күн-түн эмгектенип, тапканын өздөрүнөн аяп фронтко жөнөтүп турушкан.



Улуу Ата Мекендик согуш (1941-1945-жылдар) – совет элинин фашисттик Германия жана анын союздаштарына каршы согушу. Экинчи дүйнөлүк согуштун маанилүү жана чечүүчү бөлүгү болуп саналган бул согуш фашисттердин жеӊилүүсү менен аяктаган.

«БАРБАРОССА» ПЛАНЫ
Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Германиянын СССРге кол салуу боюнча «Барбаросса» планы 1940-жылдын 18-декабрында Гитлер тарабынан бекитилген. Бул план боюнча СССР 4-5 айдын ичинде тизе бүгүшү керек эле. Бирок «чагылгандай тез согуш» 4 жылга созулган.

ЖЕӉИШ ОӉОЙ КЕЛГЕН ЭМЕС

  • 1941-жылы 22-июнда таӊкы саат 4тө башталган согуш 1418 күнгө созулган.
  • Фашисттер биринчи эле күнү 1200 советтик учакты жок кылышкан.
  • 34 миллион 476 миӊ советтик жоокер согушка катышкан. Анын 500 миӊдейи аялдар.
  • Дээрлик төрт жылга созулган Улуу Ата Мекендик согуш зор кыйроолорго алып келген. Согуш жылдарында СССРде 1710 шаар, 70 миӊден ашуун айыл, 32 миӊден ашуун завод-фабрика жана 98 миӊдей колхоз талкаланган.

УТУШУ
СССР тереӊ кризиске батканы менен, дүйнөлүк саясий аренада таасири күчөп, улуу державага айланган. Ошондой эле СССР Батыш Украина, Чыгыш Пруссиянын бөлүгү Кёнигсберг (азыркы Калининград) шаары менен, бир нече Куриль аралдары жана Туванын жерин кошуп аймагын кеӊейткен.

ЛЕНИНГРАД БЛОКАДАСЫ
Улуу Ата Мекендик согуштун эӊ эсте калган учурларынын бири – бул 872 күнгө созулган Ленинград блокадасы. Анда каза болгондордун саны АКШ жана Улуу Британия биригип Экинчи дүйнөлүк согушта жоготкондорунан да көп. Ленинград блокадасында 1 жарым миллионго чейин адам (алардын көпчүлүгү ачкачылыктан) каза болгон.
Блокадада өлгөн адамдарды көмүүгө жетишпей калышкан жана каннибализм (киши жегичтик) да катталган.

УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН УЛУУ КОЛ БАШЧЫЛАРЫ
Улуу Ата Мекендик согушту жеӊиш жаратуучулардын бири деп тарыхта калган, 4 жолу Советтер Союзунун Баатыры наамын алган, маршал Георгий Жуковсуз элестетүүгө болбойт. Ошондой эле жеӊишти алып келген кол башчылардын катарына Иван Конев, Константин Рокоссовский, Александр Василевский жана башкалар кирет. Алардын чечиминен миллиондогон адамдардын тагдыры чечилген.

СССРДИН БАШКЫ ДИКТОРУ
Фронттогу жоокерлер менен тылдагы элди байланыштырып, фронттогу жаӊылыктар менен тааныштырып турган башкы диктор Юрий Левитанды эстей кетпесек болбос. Улуу Ата Мекендик согуштагы радионун маанилүүлүгүн Гитлер Левитанды №1-душман эсептегени менен эле түшүндүрсө болот. Анын башы үчүн Гитлер өтө көп суммадагы акча сайып, атайын кызматтар артынан аӊчылык кылган. Ал эми Левитанды өӊүнөн саналуу гана адамдар тааныган.



НЕМИС АРМИЯСЫН БИРИНЧИ ТОКТОТКОН ПАНФИЛОВЧУЛАР
Тарых беттеринде алтын тамгалар менен жазылып калган улуу эрдиктерди көрсөткөн Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарынан түзүлгөн атактуу Панфилов дивизиясын кимдер гана билбейт. Константин Рокоссовскийдин 16-армиясынын курамына кирген генерал-майор Иван Панфилов жетектеген 316-аткычтар дивизиясы 1941-жылы Волокаламск шоссесинин алдында Москвага жулунган фашисттердин 5 дивизиясынын мизин кайтарып, эрдиктин, каармандыктын үлгүсүн көрсөткөн.
Мындай эрдиктери үчүн дивизия «Кызыл-Туу» ордени менен сыйланып, 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы болуп өзгөртүлгөн. 18-ноябрда фашисттердин миномётунун огунан каза тапкан генерал-майор Иван Панфилов бул даӊктуу учурду көрбөй кеткен. Ал каза болгондон бир нече сааттан кийин анын дивизиясы ардактуу гвардиялык деген наамга ээ болгон. Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизия эрдиктери үчүн 1942-жылы март айында «Ленин» ордени менен сыйланган. Ошондуктан да аталарыбыз «мен панфиловчумун» деп сыймыктана айтып келишкен.
Волоколамсктын алдында панфиловчулар менен согушкан вермахттын Эрих Гёпнер аттуу генералы жетекчилигине «туткунга түшпөгөн жана өлүмдөн коркпогон «жапайы дивизияга» туш келдим» деп жазган.

ГИННЕСТИН КИТЕБИНДЕ
Берлинди алуу операциясы тарыхтагы эӊ ири согуш катары Гиннестин рекорддор китебине кирген. Эки тараптан 3 жарым миллиондой киши, 52 миӊ замбирек, 7750 танк жана 11 миӊ учак катышкан.

ЖЕӉИШ ТУУСУ
Тарых барактарында Рейхстагга Жеӊиш Туусунун сайылышы боюнча айырмачылыктар бар. Биринде Жеӊиш Туусу 1945-жылдын 1-майында түнкү 3төр чамасында Алексей Берест, Михаил Егоров жана Мелитон Кантария аттуу жоокерлер тарабынан Рейхстагдын имаратына сайылган делсе, экинчисинде Рахимжан Кошкарбаев аттуу казак жоокери менен Григорий Булатов тууну сайган деп айтылат.
Ал эми Рейхстагга туу сайган боюнча сүрөттөр Берлинди советтик жоокерлер басып алып атышуу токтогондо, 2-майда тартылган жана сүрөттөгү тууну сайып жаткан жоокерлер биринчи тууну сайган жоокерлер эмес.

ЖЕӉИШ ПАРАДЫ

  • 1945-жылдын 24-июнунда Москванын Кызыл аянтында Улуу Ата Мекендик согушта СССРдин Германияны жеӊгенинин урматына карата жеӊиш парады өткөрүлгөн.
  • Парадды маршал Рокоссовский жетектеп, маршал Жуков кабыл алган. Ал эми Сталин Лениндин мавзолейинин трибунасында карап турган.
  • 122 мүнөт жаан астында өткөн парадга 24 маршал, 249 генерал, 2536 офицер, 31 116 сержант, жоокерлер жана 1850 аскердик техника катышкан.
  • Сталиндин жеке буйругу менен Жолборс аттуу сапёр итти анын кителине көтөрүп параддан өтүшкөн. 7 миӊден ашуун мина, 150дөй снаряд тапкан Жолборс согуш аягында жарадар болуп калгандыктан параддан өз алдынча басып өтө алган эмес.


Жеӊиш, бүгүнкү бейпил жашообуз кандай баа менен келгендигин унутпашыбыз керек. Бизге ушундай келечек тартуулаган баатырларга түбөлүк даӊк жана таазим! Эл-жер үчүн күрөшкөн эр-азаматтарыбыздын өлбөс-өчпөс эрдиктери түбөлүккө сакталып калмакчы.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 653, 8-май-14-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан