Ырчы Кенже Дүйшееванын кызы Томирис Карибаева: «МАМАМ ЧОӉ БОЛСО ДА ПАПАМА ЭЙКЕЛЕЙ БЕЙЕТ»

Бала менен баарлашуу аруу, таза дүйнөгө жетелейт. Ырчы Кенже Дүйшееванын кызы менен маек куруп жатып, таттуу балалыкка барып келгендей эле болдум.

– Салам, жөжө! Кел, таанышабыз, атыӊ ким?
– Ики, мен жөжө эмесмин, мен плинцесса (принцесса) Томилисамын.
– Канча жаштасыӊ, фамилияӊды айта аласыӊбы?
– 3 жастамын, скоро 4 болом. Мен Кайибаева Томирис Талгатовнамын.
– Жакшы, ханбийке, сен кимдин кызысыӊ?
– Мени мамам «ханышам», «балапаным», «шийиним» дейт. А папам «плинцесса», «кишкинтайым» дейт. Мен папанын кызы, маманын дагы. Мамам Кенже Дуфая (Дүйшеева) «Аялзат» деп ыйдап телезойдон чыгат.
– Томирис, сен чоӊойгондо апаӊа окшоп ырчы болосуӊбу?
– Ооба, анан мода болом, машина айдайм. Мама «Найодный айтист Казакстан, Кыйгызстан» десе, мен сонун көйнөк кийип, көзүмдү боёп ыйдайм. Когда большо-ой болгондо папа болом.
– Сен кыргызсыӊбы же казак кызысыӊбы?
– Я – Казакстан. Мен Казакстан десем папам жыйгап күлсө, мамам «папаӊды асмандын 7-кабатына учуйуп ийдиӊ, доча» дейт да.
– Папаӊ жакшыбы же мамаӊбы?
– Папа жакшы, мен папам менен уктайм. Папам йогуйт, банан, сок сатып бейет. Папа үйгө келбей калса мен оойуп калып, келсе сакайып кетем. А мама катуу кыйкыйат.
– Мамаӊ кимге кыйкырат?
– Папага, мага, Медей, Самат, Кама деген менин ыйчы балдайыма кыйкыйат. Анан мен да «байдайым, укпай жатам, катуу ыйдайбыз!» деп лепитися (репетиция) кылабыз.
– Ушул балдарыӊдын кимисин жакшы көрөсүӊ?
– Медей жакшы, мен аны ыйдатып бүткөндөн кийин ал мени кө-өп ойнотот.
– Мамаӊ алдей алып келсе ойнотосуӊбу?
– Маманын ичинде ляля бай экен. Мен ичине чыгып секийип ойнойун десем, «секийбе, ичимде ляля бай» деди. Когда я малисинкий была, маманын ичинде лежала.
– Бала бакчага барасыӊбы?
– Ооба, Алматыда, Бискекте менин 2 садигим бай. Бул жактагы садик мага жакпайт. Оюнчуктайы аз эле. Алиханды эле жакшы көйөм да.
– Мамаӊ папаӊды жакшы көрөбү?
– Экөө любовь да, «жан, жанусь, жанко» деп чоӊ болсо да эйкелей бейет папама.
– Кимисинин акчасы көп?
– Мамада доллар акчалайы бай, тойдон алып келет. А папанын кайманына батпаган теӊгелейи чачылып кетет да.
– Кайсы тамакты жакшы көрөсүӊ?
– Мен көп тамак жесем толстый болуп кетем. Когда үйгө тойт (торт) алып келсе, менин ден йаждениям болот. Анан биз тост айтып, стакандайды «тайс» деп өбүштүйүп, анан шампанский ичебиз. Анан ыйдайбыз. Мен эми кийешки жемеймин, ал зыяндуу экен.
– Азыртадан эмне зыян экенин билген Томирис кыз, бактылуу бол!

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
Positive
2015-05-11 20:00:14
мынча татына кыз бактылуу таалайлууу кыздардан болсун. Кенже эжеге уй-булолук бакыт каалайым
+1
nargizka.kg
2015-05-11 21:37:13
Иииий ширин кыз, бееерилип окудум. Омуру узууун,акыл-эстуу кыз болуп чонойсун!
Супер видеосу жок гооо
+2
admin_media
2015-05-12 10:29:25
nargizka.kg,
Саламатсызбы! Тилекке каршы видеоверсиясы жок.
0
Sharipa-asia
2015-05-12 02:33:35
Папасынын копиясы го, , омурлуу болсун !
0
belka
2015-05-12 03:36:01
Супер интервью,өмүрлүү бол ширинтай.
+1
jypar.i
2015-05-12 22:21:45
belka,видеосу болгондо сонун болмок экен ээ
0
Zubi91
2015-05-12 12:43:05
Теле ширин бактылуу бол момпосуй
+1
Mukan89
2015-05-13 00:15:57
Videosu jokbu super info?
0
admin_media
2015-05-13 10:39:26
Mukan89,
Саламатсызбы! Тилекке каршы видеоверсиясы жок.
0
Nuranna_93_kg
2015-05-13 13:29:55
Омурун берсин ширинтайдын,папасына окшош экен чын эле.Медей жакшы ыйдадып буткондон кийин мени ойнотот дегени жакты...)))Медерде балалык сезимдерим калып кеткен менин да ).
0
Cholponaiym
2015-05-13 16:36:06
бал тилинден сенин,ыймандуу кыздардан бол!
0
aralk
2015-05-13 21:42:37
Аяабай ширин кыз экен бактылуу бол,Кенже эжеге уй булолук бакыт каалайм.
0
Gulya.akbaralieva
2015-05-14 17:20:32
Аябай чоноюптур. Кенже эже ийгилик. Сизге рахмат таттуу кызды белек кылганынызга. Коз тийбесин. Корей кыздарына окшоп татынакай го
0
timur.peri
2015-05-14 22:26:04
Чон болсо да эркелей берет дегенин, аябай ширин кыз экен омурун берсин коз тийбесин. Ыймандуу кыздардан болсун...
0
ere
2015-05-15 10:04:22
жакшы маек куруптур
0
zuura15
2015-05-20 11:15:28
Кен келечек!
0
BubleGum
2015-05-21 18:27:12
кулгону биздин эле эжешага окшош!!! Бактын, омурун, ыйманын, омурун берсин Аллахым!
0
gulnara2014
2015-06-02 16:33:38
Ырчылардын мактанганы жакпайт
0
№ 653, 8-май-14-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан