СУМО

Дүйнөдө оор салмактагы балбандар массалык түрдө катышкан сумодон башка күрөш түрү болбосо керек. Сумо Японияда уруш өнөрлөрүнүн катарына кирет. Ал гана эмес, чиркөөлүк кызмат, шоу жана цирк бизнесине айланган.

СУМОГО БАШКА ӨЛКӨЛӨРДӨ ТЫЮУ САЛЫНГАНБЫ?
Сумо – тарыхы тереңде жаткан япондордун улуттук күрөшү болуп саналат. Ал тууралуу маалыматтар япон тарыхында VII кылымда “сумаи” аталышы менен эскерилет. Ошондо императорго корей элчиси келип, анын урматына эки өлкөнүн балбандарынын ортосунда биринчи мелдеш өткөрүлгөндүгү айтылат. Учурда сумо боюнча профессионалдар арасында мелдештер бул күрөштүн мекени болгон Японияда өтүп келет. Ал эми дүйнөнүн калган өлкөлөрүндө сумо сүйүүчүлөрүнүн ортосунда гана таймаштар болуп турат. Башка өлкөлөрдө сумого тыюу салынган эмес, жөн гана азырынча күрөштүн бул түрү популярдуу боло элек. Андыктан сумо менен алектенгиси келген башка улуттун өкүлдөрү Японияга көчүүгө аргасыз. Японияда жергиликтүү улуттун өкүлдөрүнөн башка америкалык, орусиялык жана болгариялык мыкты сумочулар бар.

КИЛЕМДИН ОРДУНА ДОХЁ
Сумодо күрөш бийиктиги 60 сантиметрден ашпаган помостто өтүп, анда килемдин (диаметри 4,5 метр) ролун кум аралашкан кадимки топурак аткарат. Балбандар күч сынашчу бул майдан дохё деп аталат. Дохёдо кум чоң кызмат аткарып, анын жардамы менен балбандардын денеси жерге тийген же тийбегендиги аныкталат.

ЭРЕЖЕЛЕРИ
Сумодо күрөш калыстын белгиси боюнча 2 атаандаштын бири-бирине атырылып кагылышуусунан башталат. Бул “жолугушуу” татиай деп аталат. Арабызда тасмалардан ошол учурда балбандардын катуу кыйкыргандарын көргөндөр болсо керек. Көрсө, ал атайын эреже эмес жана эч кандай маани бербейт экен. Болгону, айрым балбандар андай жол менен өзүн күрөшкө даярдайт.
Сумодо атаандашынын таманынан башка каалаган жерин биринчи болуп жерге тийгизген балбан жеңүүчү аталат. Анан дагы сумодо так аныкталган раунддар каралган эмес. Анткени адатта күрөш бир нече секундга созулат. Узакка созулган сейрек беттештерде балбандар эс алууга укук алышат.
Эмнеге тыюу салынган? Атаандашын урууга, тебүүгө, муунтууга, бармактарды кайрууга, чачты жулууга, кулакты үзүүгө. Эгерде аталган эрежелер сакталбаса, эреже бузганы шарттуу түрдө дароо жеңилет.
Кайсы ыкмаларды колдонсо болот? Алакан менен чабуу, көтөрүп чабуу, буттан чалуу, түртүү сыяктуу ыкмаларды колдонууга болот.

СУМОДО САЛМАК КАТЕГОРИЯЛАРЫ БОЛБОЙТ
Сумонун дагы бир өзгөчөлүгү – анда салмак категориялардын жок болгондугу. Сумо боюнча мелдешке катышуу үчүн минималдык салмак 100 килограмм болуп саналат. Мелдештерде 120 килограммдагы балбан менен 200дөн ашык салмактагы балбандар да күрөшүп калышат. Мында жеңиштин кайсы тарапта болуусун алдын ала айтуу кыйын. Анда биринчиси шамдагайлыгына ишенсе, экинчиси оор салмагына ишенет. Ошол эле учурда салмагы 200 килограмм болгон балбандардын аракеттенүүсү бир аз жай болсо, жеңили үчүн мындай салмакты кулатуу эрдикти талап кылат. Айтор, сумодо салмак чоң мааниге ээ эмес деген кеп бекеринен айтылбаган.

МЕЛДЕШТЕР ТУУРАЛУУ
Японияда жылына сумо боюнча 6 мелдеш болот. Алсак, Токиодо 3 жолу (январь, май, сентябрь айларында) жана Осака (март), Нагоя (июль), Фукуоке (ноябрь) шаарларында бир жолудан өтөт. Ар бир мелдеш 15 күнгө созулган майрамга айланат. Сумочулар мелдештер арасында өлкөгө саякатка чыгышып, түрдүү кайрымдуулук иш-чараларга жана салтанаттарга катышышат.

ДЕН СООЛУККА ЗЫЯНЫ КАНЧАЛЫК?
Сумодо оор салмактагы спортчулар кагылышууга аргасыз болушкандыктан, анда жаракатка кабылуу коркунучу чоң. Ал жаракаттар бокстогу нокдаун же нокаутка кабылгандай эле таасири бар. Кеңири жайылган жаракаттардан (мээнин чайкалышы, каштын жарылышы, бут жана колдун түрдүү жаракаттары) тышкары сумого гана таандык ден соолукка зыяндуу жактары бар. Ал ашыкча салмактын айынан келип чыккан организмде зат айлануунун бузулушу, кан басымынын жогорулашы жана башка өнөкөт оорулар.

СУМОЧУНУН ЖАШООСУ
Сумочулардыкындай денеге ээ болуу өзүнчө бир өнөр. Сумочунун күн тартибинин баары салмагына байланышкан. Алсак, сумочу күн чыккандан баштап 5 саат бою ачка машыгат. Машыгуу жылуу ванна менен аяктайт да, узакка созулган тамактануу (машыктыруучунун кылдат көзөмөлү менен) башталат. Башка спорт түрүнөн айырмаланып, сумодо спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынбайт. Тескерисинче, колдоого алынат. Тамактануудан кийин кайра уйку, машыгуу жана кечки тамактануу. Андыктан күжүрдөнө машыгып, чемпион болуу менен шарап ичип, уктап жүрө берсе болот.

“МАЙЛУУ” ФАКТЫЛАР

  • Элиталык дивизиондогу сумочулардын айлык акысы орто эсеп менен 8 миң долларды түзөт. Андыктан сумочулар Японияда суктандырган бойдоктордун катарына кирет.
  • “Маваси” – балбандар күрөшүү үчүн кийген жалгыз кийим болуп саналат. Ал белди айланта жана алаадан өткөрүлүп оролот.
  • Сумочуларга өз алдынча автоунаа айдоого тыюу салынган. Адатта алар такси жана кичиавтобустар менен жүрүшөт.
  • Японияда сумо боюнча профессионалдык мелдештерге 23 жаштан өйдө гана балбандар катыша алышат.


Эл аралык кабарлардан

Футбол

МЕССИ-РОНАЛДУ ТИРЕШҮҮСҮ УЛАНУУДА
21-декабрда ФИФАнын версиясы боюнча 2009-жылдын мыкты футболчусу белгилүү болду. Күтүлгөндөй эле бул наамга 22 жаштагы аргентиналык Лионель Месси татыды. Ал добуш берүүдө аталган сыйлыктын былтыркы ээси Криштиану Роналдуну 721 упайга артта калтырган. Ал эми аялдар арасында жеңүүчү деп бразилиялык Марта аталды. Ошондой эле быйылтан баштап жаңы түптөлгөн Ференц Пушкаш атындагы “Жылдын мыкты голу” сыйлыгы да өз ээсин тапты. Португалиялык Роналду бул сыйлыктын 1-жеңүүчүсү катары тарыхта калмай болду. Криштиануга мындай сыйлыкты былтыр УЕФАнын ЧЛсынын чейрек финалында “Портунун” дарбазасына киргизген голу алып берди.

БЕКХЭМ «МЮГА» КАРШЫ ОЙНОЙТ
18-декабрда УЕФАнын группалык баскычынан ийгиликтүү өткөн командалар жарым чейрек финалдагы атаандаштарын табышты. Чүчүкулактын жыйынтыгында чемпиондукка башкы талапкер болушкан Англия менен Италиянын мыкты өкүлдөрү өз ара туш келип калышты. Алсак, “Челси” – “Интер” жана ”Милан” – “Манчестер Юнайтед” тирешүүсү күйөрмандарды кайдыгер калтырбоосу анык. Өзгөчө Бекхэмдин экс-клубунун “МЮга” каршы ойноосу зор кызыгууну туудурууда. Спорт күйөрмандарына Бекхэмдин январда “Миланга” келип кошулары маалым.

УЕФАнын ЧЛсынын 1/8 финалындагы атаандаштар:
“Милан” (Итал.) – “МЮ” (Анг.)
“Олимпиакос” (Грец.) – “Бордо” (Фран.)
“Бавария” (Гер.) – “Фиорентина” (Итал.)
“Порту” (Пор.) – “Арсенал” (Анг.)
“Лион” (Фран.) – “Реал” (Исп.)
“Штутгарт” (Гер.) – “Барселона” (Исп.)
“Интер” (Итал.) – “Челси” (Анг.)
ЦСКА (Орус.) – “Севилья” (Исп.)


Жергиликтүү кабарлардан

Оор атлетика

АГАНЫ КӨРҮП ИНИ ӨСӨТ
18-23-декабрда Бириккен Араб Эмираттарында өткөн жаштар арасында Азия биринчилигинде өлкөбүздүн туусу желбиреди. Буга даңазалуу спортчубуз Улан Молдодосовдун бир тууган иниси, келечектен көптү үмүттөндүргөн оор атлетикачыбыз Султан Молдодосов себепчи болду. Ал 62 килограмм салмакта жалпысынан 260 килограммды багынтып, байгелүү 3-орунду ээлеп кайтты. Мелдешке Султандан тышкары өлкөбүздүн атынан Изат Артыков (56 килограмм) да катышып келди.

КЕНЖЕСАРИЕВ КАЙТЫП КЕЛЕБИ?
Декабрдын башында мындан 4 жыл мурда Казакстанга кетип калган “Абдыш-Атанын” тарбиялануучусу “Эмил Кенжесариев Кыргызстанга кайтат” деген маалымат тараган эле. ФИФАнын жаңы жобосуна ылайык, футболчуларга курама команданы алмаштырууга тыюу салынгандыгы маалым. Андыктан “Кенжесариев кайрадан улуттук курама командабызга кайтышы мүмкүнбү?” деген суроо жаралат. Бул суроо менен улуттук курама командабыздын машыктыруучусу Анарбек Ормонбековго кайрылганыбызда ал: “Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул суроого, буюрса, январдын алгачкы күндөрүндө жооп ала аласыздар”,- деп билдирди.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 373, 25-31-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан