2-май күнү кечке маал дүйнө жүзү Кембриж герцогинясы Кейт Миддлтон менен Британиянын ханзаадасы Уильямдын жаӊы төрөлгөн кызы менен таанышты. Наристени эл алдына Кейт өзү көтөрүп чыкты. Ымыркайдын жүзүн жашырышкан жок. Герцогинянын бакытка балкып турганы сезилип, жүзүнөн жылмаюу кетпей, колун булгалап жатты. Лондондогу Ыйык Мария госпиталынын алдына чогулган миӊдеген британдыктар жана журналисттер аларды чыдамсыздык менен тосуп алышты. Уильям апасынын жана чоӊ энесинин урматына кызына Шарлотта Элизабет Диана деген ысым ыйгарды. Эске салсак, Кейттин тун уулу Жорж азыр эки жашта.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg