Асел Турдалиева эжекебиз мезгил да өзгөртпөгөндөй дайыма жапжаш бойдон. Анын «жаз жамгыры жаайт экилеп тахти-тахти-тах-тах» деген ыр саптары биздин балалыгыбызды эске салат. Жамгыр ырчыны өзгөчө сүйөт окшобойбу. Асел айым бизге маек берип жатканда да жамгыр себелеп жатты.
– Кандайсыз, Асел айым? Эки жумушта иштеп, аны менен кошо чыгармачылыкка кантип жетишип жатасыз?
– Кандайсыӊар, учурда Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде декан болуп иштейм. Ал эми Коргоо министрлигинин алдындагы ансамблде иштебей калганыма бир жыл болду. Анткени жетишпейт экенсиӊ, эки жумуштун жоопкерчилиги, ага чыгармачылыктын түйшүгү кошулуп чачырап кеттим. Бирөөнү эле кыйратып алайынчы дедим.
– Адатта декан десе эле тартипти катуу кармаган, студенттер корккон адамды элестетебиз, сиз кандай декансыз?
– Декандын өзүнүн сүрү бар. Көбү «Асел Алымкуловнанын иш бөлмөсүнө киргенде коркобуз» деп айтып калышат экен. Сиӊдилерим да жумушума келип калганда «декандын маскасын кийип жүрүптүрсүз» деп тамашалап калышат. Чынында, мен атайын деканмын деп каардуу болбойм. Болгону жумушум ошондой мамилени талап кылат, анын үстүнө өзүм да эркек мүнөзмүн. Анан студенттер менен да дос-тааныш катары тамашалашып сүйлөшкөнүм туура эмес. Анткени мугалим менен студенттин ортосунда
субординация деген болуш керек.
– Эркек мүнөзмүн деп калдыӊыз, сиздин көпчүлүк досторуӊуз мырзалар экенин да айткан элеӊиз, алар сизге эмнеси менен жакын?
– Мырзалар менен өзүмдү ыӊгайлуу сезем. Жан дүйнөмдөгү сырларымды айтсам, алар эч качан экинчи же үчүнчү адамга жеткиришпейт, мындайча айтканда, өтө ишенимдүү адамдар. Ошол эле нерсени аял кишиге айтсаӊ, кошумчалап отуруп башкача өӊүттө жайып жиберишет. Негизи, жакын санаалаш курбуларым саналуу эле, Гүлнара Кахарова менен жакшы сырдашам, анан өзүмдүн сиӊдилерим бар.
– Мындан эки жыл мурун 20 жылдык отчёттук концертиӊизди бергениӊизди билебиз. «Чыгармачылык оор жол» деп коюшат, сиз деле кыйынчылыктар менен ушул күнгө жетсеӊиз керек?
– Мен азыркы Асел Турдалиеванын барына кубанам. Менин жашоомдо сахнада өмүр бою каласыӊ же турмушуӊа башыӊды ийип жашайсыӊ деген эки жол бар болчу. Мен турмуштан качып, чыгармачылыкты тандап кеттим. Эгер экинчи жолду тандаганда, азыр такыр башка Асел болмокмун. Мен ошол Аселди элестеткенден корком. Депрессияга түшүп жүргөн убактарда 10-20 жылдан кийин ким болорум көз алдыма тартылчу.
Жолдошум менен бирге жашаган 5 жылдын 1 жылын бактылуу өткөрсөм керек, калган 4 жылында өзүмдү мажбурлап эле жашап жүрдүм. Ал жакшы адам, мен жаманмын дебейм, болгону эки кочкордун башы бир казанда кайнабай калды. Балким, ошондо жигиттерге болгон табитим башкача болсо керек, тандаганды билбептирмин, жашым келди, турмушка чыгышым керек деп эле кете бериптирмин. Көрсө, мен ал адамдын өзүн эмес, сахнада жараткан образдарын эле сүйүптүрмүн. Өкүнгөнүм, ошондо экинчи турмушка чыкпайм деп өзүмө чек коюп койгонум. Көрсө, кесир сүйлөбөш керек экен, кийин жакшы мырзалар бар экенин түшүндүм.
– Маектериӊизде «сүйүктүүм бар» деп эле келесиз, балким, ал адам тууралуу кененирээк маалымат берерсиз?
– Сүйүктүүм бар, пайда болгонуна бир топ жыл болуп калды. Ал азыр чет өлкөдө, ошонусу жакшы да (күлүп).
– «Күчтүү айыммын» деп айтып келесиз, күчтүү болуудан тажаган учурларыӊыз болду беле?
– Ооба, болот, баарынан тажаганда, мышыкка окшоп эркелегим келгенде чет өлкөгө сүйүктүүмдүн жанына кетип калам.
– Кайра турмушка чыгуу тууралуу ойлонуп көрдүӊүзбү?
– Бир күнү кызыма тамашалап «Кызуля, сен алыска окууга кетесиӊ, мен жалгыз калам, турмушка чыгып алсам кандай болот?» десем, «Эмне, бирөө барбы?» дейт. «Бар» десем, «Апалёк, сизге эмне жетпейт? Колуӊуздан баары келет, жыргап эле жашап жатасыз го, күйөөгө тийбей эле коюӊузчу» деп өчүрбөдүбү. Кызым быйыл 11-классты бүтөт, учурда кайсы окуу жайга тапшыртабыз деп баш катырып жүргөн убагыбыз.
– Кинодо дайыма «аркалык» айымдын ролун аткарасыз, ролдорду өзүӊүз тандайсызбы?
– «Түндүктүк келин», «Талак» деген кинолордо түштүк элин жаман көргөн «аркалык» айымдын ролун аткарып калгам. Рысбек Жабировго да «мага душман көбөйтүп эмне эле ушундай ролду бере бересиӊ?» деп айткам. Чынында, бул роль да. Жашоодо мен аткарган каармандай аялдар бар. Кинонун идеологиясында деле апасынын урушканына карабай жаштар үйлөнүп алып жатышпайбы. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл болобу, баары кыргыз деген маанини беришкен. Режиссёрдун чечими ушундай болгондуктан аткардым. Негизи, менин көпчүлүк күйөрмандарым түштүктө, өзүм да патриотмун, бөлүнүүчүлүккө жол бербейм.
– Сахнага жаӊы аттанганда кандай болсоӊуз, азыр деле ошондойсуз. Асел айым мезгилди да баш ийдирип алгандай...
– Жаш көрүнгөнүм генден болуш керек. Аял киши өзүнөн эч нерсе аябай кымбат косметикаларды, крем-маскаларды колдонуш керек экен. Айрыкча 40 жаштан өткөндөн кийин. Тамакты да кылдаттык менен жеш керек. Биз, кыргыздар, түнкү саат экиде туруп беш бармак жеп жатып алабыз го. Азыр чөп-чарларды көп колдонуп калдым, майлуу, куурулган тамактардан качам. Тойго барганда казы-карта көрүп калсам жебейм, жыттап-жыттап алам.
– Жакында Жогорку Кеӊеште бир депутат ырчылар да салык төлөшү керек деген маселени көтөрдү. Буга көз карашыӊыз кандай?
– Артисттерден салык алгысы келген адамдын билими өтө тайкы деп эсептейм. Анда мен дагы «депутаттардын эмгек акысын азайткыла, алар ансыз деле жеп жатышат» деп айтам, мына сөздүн ачыгы. Биз өз эмгегибиз менен таап жатабыз, мисалы, мен айлыгымдан мамлекетке салык төлөйм, ошол жетиштүү.
– Гастролго чыга элегиӊизге канча болду?
– Акыркы жылдары гастролдон аябай алыстап, түйшүгүн унутуп деле калыптырмын. Баягы күнү 2-3 күн гастролго чыга коём деп жүдөдүм. Мурун айлап-жылдап эле гастролдо жүрчүбүз, анан да жаныма 17 бийчини алып чыкканымчы. Кыйналбай 4 бийчини алып кетсем деле болмок да. А мен концерт көрктүү болсун деп баарын шагыратып, алардын тамак-ашын, жолун камсыздап, айлык да төлөп берчүмүн. Бирок концерттерден киреше жакшы түшчү, кээ бир айылдарда залга эл батпай, 2-3 сеанстан концерт берген күндөр болгон. Буюрса, август айында эмгек өргүүсүнө чыксам, Кыргызстанды кыдырып концерт берсемби деп турам. Жетишсем Алматы, Астанага чейин коюп келем.
– Маегиӊизге чоӊ рахмат, турнеӊиз ийгиликтүү өтсүн!
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg