«ЭЛДИК КАБАРДЫН» БАЙГЕСИН СУЗАКТЫК ОКУУЧУ ИЛИП КЕТТИ

SUPER.KG порталынын «Соӊку кабар» бөлүмүндөгү «Элдик кабар» рубрикасынын байгесине коюлган заманбап смартфондун ээси аныкталды! Апрель айы боюнча белекти Жалал-Абаддын Сузак районунан Чынберди Жанышов аттуу окурман утуп алды. Жеӊүүчү деп табылган 10-класстын окуучусу Чынберди өзү окуган Шамши Базарбаев атындагы мектептин кейиштүү абалын жарыялаган. Анда өздөрү окуп жаткан мектептин имараты эскирип, дубалы урайын деп араӊ турганын, өздөрү мектептин ашканасында окуп жатышканын билдирген эле.
21-кылымда Дүйшөндүн мектебин элестеткен билим ордолору бар экенин көрсөткөн мектеп окуучусу Чынберди Жанышовду SUPER.KG`нин редакциялык кеӊеши апрель айынын жеӊүүчүсү деп тапты. Жеӊүүчү мындай кабарды урайын деп калган мектепке өлкө жетекчилигинин көӊүлүн бурдуруу максатында жазгандыгын билдирди. «Оор жагдайга карабай мектептин ашканасында окуп жатабыз. Класстарда окуганга болбойт. Азырынча кулабай турат, бирок көпкө кармалбай бир күнү урап түшөт. Окутуу, окуучулардын билими жакшы эле. Бардык шарты бар жаӊы мектеп курулса, окуучулардын билим деӊгээли мындан да өсмөк. Билим алууга бизге шарт түзүп бергиле деп суранам»,- дейт Чынберди.

Сузак районундагы Шамши Базарбаев атындагы мектептин азыркы абалын сүрөткө тартып, "Элдик кабарга" маалымат жөнөткөн окуучу жеӊүүчү болуп табылды.

Белек ээси борбордон алыста болгондуктан, заманбап смартфонду анын Бишкектеги агасы Абсамат Тажибаев алып кетти.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
mirana9395
2015-05-11 09:16:52
Ооой мынча жакшы куттуктааайм,телефонун жузго,озун минге чык ылайым.
0
Nauca1989
2015-05-11 09:28:43
Оо жердеш куттуктаймын.
0
nurshoola
2015-05-11 10:36:05
Ии мектеп кантет
+1
abai
2015-05-11 11:04:03
Kandaida jenuuchu bolup kaldy?
0
admin_media
2015-05-11 11:07:30
abai,
Саламатсызбы! Толук маалыматты шилтеме аркылуу өтүп окусаңыз болот: http://www.super.kg/kabar/news/107551/
0
Arstan1996
2015-05-11 11:07:30
мен качан утат экем ишениш бар бирок буйруса утам
0
warsaw.
2015-05-11 11:57:34
мектеби малкана го
+1
peki
2015-05-12 17:21:35
warsaw., боорун ооругандын оордуна малкана дейсин да...кайра,ушундай кыйынчылыкта окуган балдар билимдин баркына жетишет, зангыранан мектепте окугандар кыйратып атабы....
+1
suiuktuujar
2015-05-11 12:04:35
Ошо мал кананы мамлекет ондоп бериш керек.Чондорубуз коруп атышат бекен ушуну.
+1
Kroxa
2015-05-11 12:18:20
уят 21 кылымда...1941-жылкы мектепке окшойт
0
mr.amigo
2015-05-11 13:03:30
Бул туздон туз ошол эергиликтуу эл окулдорунун милдети, эгер келечектин муундары мындай мектепте окуп жатканына конул бурулбаса, кандай максат менен шайланган ошол жердин жергиликтуу кызматкерлери.
+1
peki
2015-05-12 17:45:12
mr.amigo, мен да ошону айтамда, мектепти ондоп беруу боюнча ошол жерде жашап жаткан калк кайрылуу керек болбосо аландап акчадан башка эч нерсе корунбрй аткан бийликтегилер балээни кабар алып элдин койгойлуу маселесин чечишмек....
+1
Jamalym
2015-05-11 16:40:29
Азамат жигит экен!Кут болсун!
0
Patriot...kg
2015-05-11 21:45:33
Оу мындай мектеп, мектеп аянтчасы бизде деле бар. Бирок ватсапп көтөргөн телефон жок
0
Nuranna_93_kg
2015-05-11 22:58:38
Азамат!Белегин насип кылсын озуно.21-кылымдагы Дуйшондун мектебин элестеткени жылмайтты мени.
Бакиев маалында канчалаган мектептер,бала бакчалар курулуп озгочо тоолуу райондорго конул бурулуп,мектепке взноско китепке деп акча чогултмай тугул башталгыч класстарга бекер тамак аш берилип пенсиялар,айлык акылар которулуп элдин турмушу кыйла жакшыра тушту эле.А азыркы бийликтегилер бир нерсени кыйратканын деле корбодум.Кудай жалгап мектебинерди жанылап куруп берип калса экен ылайым...
-1
Erniet
2015-05-12 01:16:16
Ошол согуш жылдарындагы имарат катары клип же кино тартканга аябай жакшы экен
0
peki
2015-05-12 17:14:37
Менин жердешим азаматсын! Сузактын атка минээрлери чекеден кырылып калганбы. Бу бийликтегилер иштебеген законун нары бери кыла бербестен ушундай койгойлуу маселелерди чечишпейби.ЖК те жарымы Жалалабаттык депутаттар уят уят шерменде башка созум жок
+1
Syr_sandyk
2015-05-12 19:16:04
Ал мектеп мамлекеттин эсебинде бар болду бекен өзү,же Сузакта жергиликтүү башкаруу дегендер жокпу?Ошондой мектеп кантип болсун, кыймылдашпайбы кичине аракет кылышып.Окуучуларга убал го..
Азамат окуучу экен,тилеги орундалсын!
+1
№ 653, 8-май-14-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан