Коркуу, жинденүү, көӊүл калуу сыяктуу терс эмоциялардын бардыгы – бул биздеги энергиянын бир бөлүгү. Адам эмоцияларды сиӊирип алуучу губка сыяктуу. Сизде бирөөлөрдүн терс энергияcын өзүӊүзгө тартып алып, маанайыӊыз жок жүргөн учурлар көп кездешсе, анда төмөнкү макаладан терс эмоциялардан канткенде коргонууга болорун үйрөнүп алыӊыз.
ТЕРС ЭНЕРГИЯНЫН БУЛАГЫН ТАБЫӉЫЗ
Эмпатия — жанындагы адамдын эмоцияларын өзүнө тартып алуу кубулушу. Эгер элдин кубанычына кубанып, кайгысын теӊ бөлүшкөн Асан Кайгылардын катарына кирсеӊиз, анда сиз эмпатсыз. Бир карасаӊ жумуш күнү жеӊил өттү, бирок кечинде үйгө кайтканда тоону томкоргондой алсырап, жинденип кайтасыз.
Эгер ден соолук керек болсо, эӊ алгач сизди чарчаткан булакты табыӊыз. Тапкан соӊ сизге түздөн-түз тиешеси жок сөздөргө, маселелерге кийлигишпеӊиз.
ДЕМ АЛУУГА КӨӉҮЛ БУРУӉУЗ
Бардык маселеден качып кутула албайсыӊ. Эгер терс эмоциялар баары бир сизди курчап алса, урунарга тоо, урушарга жоо таппай калсаӊыз, өзүӊүздү колго алып, дем алууӊузга көӊүл буруӊуз.
10-15 мүнөт тереӊ дем алып, ошол эле учурда ичиӊизде кайнап жаткан эмоцияларды чоӊ дем менен сыртка сүрүп чыгарууну үйрөнүӊүз. Муну менен сиз башыӊыздагы ашыкча маалыматтардан арылып, токтоо болууга жол табасыз.
ЖАШОО – НЕГАТИВ ЭМЕС
Психологияда өзүмчүлдүк сапат өзүӊдү коргоонун бир жолу катары бааланат. Эгер коомдук транспортто баратканда көӊүлү суз адамдын жанына отуруп калсаӊыз, дароо орун которуӊуз. Антпесе «Эмнеге маанайы жок болду экен? Карасаӊ, ий, байкуш, ыйлагысы келип жатат...» деген ой тизмектери келери шексиз. Анын себебин билсеӊиз жеӊишке жетчүдөй кыжалат болосуз, натыйжада бекер нервиӊиз короп, башыӊыз ооруп чыгат.
Кайда жүрбөӊүз жашоосуна нааразы болгон адамдардан алыӊыздын келишинче оолак болууга тырышыӊыз.
КУЛАКТЫН СЫРТЫНАН КЕТИРИӉИЗ
Айласыздан чогуу отурганда жаныӊыздагылардын сөзүнө кулак түрүп калган учур болот. Ооруканада кезекте турганда же коомдук транспортто. Сүйлөшүп жаткан адамдардын маегине катышпайсыз, бирок сөзүн бөлүп «эй, ал мындай да, ушуну да билбейсиӊби?!» деп жибергиӊиз келет. Бирок унчукпайсыз, ачууланган боюнча каласыз.
Бул учурда сөзгө маани бербегенге аракет кылыӊыз. Болбосо жаман көрүнбөй туруп кетиӊиз, башка учурда келип жумушуӊузду бүтүрөсүз.
ТАБИЯТ – МЫКТЫ ДОС
Ар бирибизде жалгыздыкты самап, ойлорду иретке келтиргибиз келген учур болот. Андайда сейил бак, шар аккан суу, сыдырым жел соккон тоо этеги ишеничтүү курбуга айланып («бузук телефон» болбойт), ичтеги буктун баарын угат.
БАШКАГА ЭМЕС, ӨЗҮӉҮЗГӨ ПСИХОЛОГ БОЛУӉУЗ
Курбуларыӊыз «сен абдан түшүнүктүүсүӊ» деп «ички жүгүн» сизге төгүп беришет. Алар ыйласа сооротуп, кеӊешиӊизди бересиз. Андан кийинки абалыӊыз: ийиниӊизден бирөө баскандай оорлошуп, кабагыӊыз түйүлүп, алсырап отуруп каласыз. Анткени терс эмоцияларды өзүӊүзгө сиӊирип, энергияӊызды соороткон адамга куюп бересиз.
Андыктан «психолог» статусун жоюп, анча-мынча учурда кайдигер болуп койсоӊуз, «буга баары бир» деп кайгы-муӊун төккөнгө башка булак издеп кетишет.
ЭРКИНДИК...
Эркин болуӊуз. Мисалы, конокко бардыӊыз, «жаман көрүп калат, кичине отура турайын» деп өзүӊүз каалабаган компания менен эзилип отурбай, ал жерден кеткиӊиз келдиби, шарт туруп кетиӊиз. Эч кимге көз каранды эмес экениӊизди, кызыкчылыгыӊызды коргой ала турганыӊызды баары түшүнсүн.
ЖАГЫМДУУ МААНАЙДЫ ӨЗҮӉҮЗ ЖАРАТЫӉЫЗ
Атын укканда ууртуӊузда жылмаюу жараткан адамдар менен көп баарлашыӊыз. Ошондой эле тарбиялык мааниси тереӊ китептерди окуӊуз. Гезит-журналдан, интернет, сыналгыдан жаман кабарларды окуп-көргөндөн качыӊыз, кайгылуу кинолорду көрбөй эле коюӊуз. Булардын бардыгы эмоционалдык «ачкачылыкка» алып келет. Депрессия чакырчу музыкаларды өчүрүп, маанай көтөрчү обондорду угуӊуз. Кыскасы, позитивдүү маанайды өзүӊүз жаратыӊыз.
КОРГОНУУ...
Эгерде эмоционалдык оорчулук алып келген адамдардын катарында болуп калсаӊыз, ак баракты элестетиӊиз. Ал ак барак сизге калканч болот. «Негативдүү ойлор бул барактан өтө албайт» деп өзүӊүздү ишендириӊиз. Анан, албетте, жаман ойлорго басым жасай бербей, ар бир учурдун пайдалуу жактарын алганга аракет кылыӊыз.
Асыл Орозбекова
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg