БИР-БҮРКҮМ

  •   7-май күнү президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган Жеӊиш парадына катышуу үчүн Москвага учуп кетти. Ал Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун Волоколамск шаарындагы эстелигинин ачылыш аземине жана Евразиялык экономикалык биримдиктин жыйынына да катышат.
  •   «Катуу сабалып, зордукталды» делген 2 жашар ИБРАГИМ ооруканадан чыгарылды. Аны атасы алып кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаардык медициналык «Тез жардамдын» балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков билдирди.
  •   ОӉ РУЛДУУ АВТОУНАА сатып иштегендер президентке, Жогорку Кеӊешке жана өкмөткө жазып-каттоо мөөнөтүн жыл аягына чейин узартууну суранып кайрылуу жасашты. Учурда каттоодон өтө элек 20 миӊдей оӊ рулдуу автоунаа бар. Өкмөт токтому боюнча каттоо 2015-жылдын 3-июнунда токтотулат.
  •   12-майдан 12-июнга чейин оӊдоо иштерине байланыштуу Бишкекте ЫСЫК СУУ өчүрүлөт. 
  •   ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯГА болгон баа 1-июндан тарта карапайым калк үчүн 84 тыйын, 700 киловаттан ашык колдонулганда 2 сом 20 тыйынды түзгөнү жатат. Бюджеттик жана өнөр жай мекемелерине 2 сом 30 тыйындан берилмекчи. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Нурбек Элебаев маалымдады. 
  •   ЭНЕЛЕР үчүн эӊ ыӊгайлуу мамлекеттердин арасында Кыргызстан 179 өлкөнүн ичинен 107-орунду ээледи. Бул Save The Children эл аралык уюмунун бир катар мамлекеттерде энелер үчүн түзүлгөн шарттарга байкоо жүргүзүүсүнөн улам маалым болду. 
  •   Мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматы боюнча, быйылкы жылы ОРОЗО 17-18-июнда башталат. Бир күндүк айырма орун алышы ыктымал.
  •   Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, быйылкы жылдын алгачкы 3 айында 13 221 КЫЗ-ЖИГИТ баш кошуп, 2073 үй-бүлө ажырашкан. Баш кошкондордун эӊ көбү Жалал-Абад жана Ош облустарында болсо, ажырашкандар Бишкек шаарында көп.
  •   2015-жылдын январь-март айларынын ичинде Кыргызстанга 1002 ЖЕӊИЛ АВТОМАШИНА алынып келинди. Бажы кызматынын маалыматы боюнча, өткөн жылы ушул эле убакыт аралыгында 21 078 унаа алынып келинген болчу.
  •   Быйылкы жылы 11-классты аяктап жаткан БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН саны өлкөдө 65 миӊдин, Бишкекте 5 миӊдин тегерегин түзөт. Анын ичинен 1325 бүтүрүүчү кызыл аттестат алууга талапкер болуп жатат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
tilek-x
2015-05-12 08:20:56
Электр энергиясына болгон бааны дагы кымбататат бекен чота бул бийликтинда тажиясы жакындап калды окшойт биринчи айлыкты которгуло анан котор бананы башы жоктор адамдын канын кайнатасынар кыжыр келтирип.
0
talant87
2015-05-14 09:39:49
мен 1 сом кылсада разы элем бары жок кымбат сивет неге кошулбайт
0
№ 653, 8-май-14-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан