Акыйкатчы Бактыбек Аманбаевдин кулагы коррупциялык иштердин аркасынан көрүнүп баштагандыгын КТРК жар салып чыкты. Коомдук каналдын маалымат берүүсү 2005-2007-жылдары азыркы акыйкатчы телеканалдын жарнамалык бөлүмүн жетектеп турганын, ошол учурда каржылык мыйзам бузууларга баргандыгын, башкача айтканда, Бактыбек Аманбаев жарнамалык бааларды негизсиз төмөндөтүү сыяктуу иштерге аралашып, 49 миллион сомдон ашуун зыян алып келгендигин кенен айтып өттү. Эсептөө палатасы 2008-жылы эле жүргүзгөн аудит иштеринде ушундай мыйзам бузуулар орун алганын маалым кылган. Омбудсмен Аманбаев болсо «бул маалыматтар мени каралоо үчүн таркатылып жатат» деп чыкты.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg