Ички иштер министрлиги Камила Дүйшөбаеванын өлүмү кокустук болушу мүмкүн деген да версия каралып жаткандыгын билдирүүдө. Маалыматка караганда, Камиланын сөөгүн кароо учурунда моюнунда муунтуунун издери болгон, бирок анын катуу сабалганы же зордукталганы аныкталган эмес. Бардык буюмдары да жанында болгон. «Дүйшөбаева көп учурда такси менен жүрчү, кээде анын акчасы жок болуп калып ар кандай кырдаалдар болгон экен. Ошондой учурдун биринде таксист менен Камиланын ортосунда уруш чыгып, таксист кызды шарфы менен муунтуп байкабай өлтүрүп алган деген божомолдор бар»,- дейт министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкектеги Достук кичи районундагы үйүнөн эртеӊ менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соӊ, 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган.
Резонанс жараткан бул кейиштүү окуяда такталбаган жагдайлар толтура. Алсак, Камила Дүйшөбаева жоголуп, сөөгү табылганга чейинки убакыт аралыгында эмне болгону ачыкталган жок. Ошондой эле, жаш кыздын өлүмү саясий оппоненттерге каршы курал катары да колдонулду. Маркум кыздын жүрүм-туруму тууралуу ар кандай сөздөр орун алды. Жогорку Кеӊештин трибунасында ИИМдин жетекчиси бир нече ирет бул жаш кыздын өлүмү боюнча иште жаӊы жагдайлар ачылып жатканын кабарлап, бирок жыйынтык чыкпады.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg