Издөөдө жүргөн Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун 50 жаштагы агасы Кеӊеш Мырзакматов алдамчылыкка шектелип, 2 айга камакка алынды. Камакка алуу чечими Ош шаардык соту тарабынан кабыл алынды.
Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, Кеӊеш Мырзакматов жана дагы төрт адам үй алып беребиз деген шылтоо менен бир катар жарандардан акча алышкан деп шектелүүдө. Жалпы жонунан 132 миӊ доллар, 1 миллион сомдон ашык акчанын изин таппай калган жабырлануучулар акыры милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылышып, Кеӊеш Мырзакматов Бишкек шаарына кетүүгө камынып жатканда кармалган. Бул ишке тиешеси бар деп шектелген 4 адамдын үчөө кармалып, көрсөтмө берүү учурунда акчаны Кеӊеш Мырзакматов алганын айтышканын укук коргоо органдары кабарлашууда. Учурда бул топко карата жыйырмага чукул арыз түшкөнү айтылып жатат.
Айта кетсек, Мелис Мырзакматов кызмат абалынан пайдаланды деген шек менен эл аралык издөөгө жарыяланган. Буга чейин экс-мэр өзүнө карата козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалай турганын билдирип видео-кайрылуу жасаган эле. Агасына байланыштуу иш боюнча ал үн ката элек.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg