БАШ МЫЙЗАМ 9-ИРЕТ ӨЗГӨРТҮЛГӨНҮ ЖАТАТ

5-майда Кыргызстан Конституция күнүн белгиледи. Баш мыйзам деген аты эле сакталбаса, заты буга чейин 8 жолу өзгөргөн. 1993-жылдан берки 22 жылдын ичинде 1994, 1996, 1998, 2003, 2006-жылы эки ирет, 2007-жылы Конституцияга толуктоо, өзгөртүүлөр киргизилип, азыр 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган Баш мыйзам менен жашап жатабыз. Өлкөбүздүн өзөгүн түзгөн бул документ кайрадан көӊүл чордонунда. Анткени, 2010-жылы жалпы республикалык референдумда 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизбөө мыйзамы кабыл алынганына карабай, кайрадан Баш мыйзамды өзгөртүү алдында турабыз.

ФРАКЦИЯ ЛИДЕРЛЕРИ ӨЗ МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮГӨ КЫЗЫКДАР
Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгын бул ирет Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеӊештеги коалиция лидери Феликс Кулов көбүрөөк айтып, демилгечилердин сап башында болушууда. Жогорку Кеӊеш, андагы фракция лидерлери бул ишке өздөрүнүн кызыкчылыгы козголбосо, балким, макулдук беришмек эмес. Акыркы 5 жылдык практика Жогорку Кеӊештеги фракция лидерлерине мандатка ээ болгон депутаттарды көзөмөлдөөдө, башкарууда кошумча рычагдар керектигин көрсөттү. Баш мыйзамга киргизүүгө сунушталып жаткан өзгөрүүлөрдө партия лидерлери үчүн ушундай бийлик берилүүдө. Тактап айтсак, алар фракциядан чыгам деген депутаттарды мандатынан ажырата алышат.
Ооба, бул маселе парламентке өткөн партиянын лидерлери үчүн көкөйгө тийген көк таштай болгону белгилүү. «Ар-намыстан» башталган фракция ичинде өз ара бөлүнүп-жарылуу илдети кийинчерээк «Ата Журт», «Республика», «Ата Мекенге», анча-мынча КСДПга да жуккан. Фракциялардын ыдыроосу депутаттык топтордун түзүлүшүнө чейин жеткирди. Ушундан улам Баш мыйзамга партия лидеринин тилин албаган депутаттан мандатын тартып алып коюу укугу киргизилгени жатат. «Ар-намысчы» депутат Анвар Артыков бул өзгөртүүгө каршы пикирин билдирди: «Силер КПССтин тоталитардык партиялык системин калыбына келтирүүгө аракет кылып жатасыӊар. Демократиялык өлкөдөгү депутат анын мандаты императивдик экендиги менен айырмаланат».
Экинчи эӊ көп сөз болгон толуктоо өкмөт башчыга тиешелүү. Премьердин сөзүн өтүмдүү кылуу жана бийлик укуругун узартуу үчүн жергиликтүү администрация башчыларын дайындоо жана иштен алып коюу укугу берилгени жатат. Ал эми президенттин ыйгарым укуктарын көбөйтүүгө Алмазбек Атамбаев каршы экендигин Феликс Кулов билдирди.
Соттук системди реформалоо үчүн Конституцияны өзгөртүү керек деген алгачкы жүйөө көз жаздымда калып кеткендей. Айланып-тегеренип эле парламент, өкмөт жана президенттин ортосунда бийликти жиликтеп бөлүштүрүү адаты кайра жанданды.

БАШ МЫЙЗАМДЫ УЛАМ ӨЗГӨРТӨ БЕРҮҮ ЭМНЕГЕ АЛЫП БАРАТ?
«Ата мекенчи» депутат Туратбек Мадылбеков: «Юрист катары айтып коёюн, керек болсо миӊ юристтин аргументтерин чогулткула, 2020-жылдын 1-сентябрына чейин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизе албайсыӊар»,- деди. Ал эми Феликс Куловдун айтымында, Убактылуу өкмөт кабыл алган декретке ылайык, Жогорку Кеӊеш депутаттардын 2/3 бөлүгүнүн демилгеси менен азыркы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүүнү демилгелеп чыга алат. Эгерде 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө тыюу салынса, эмне үчүн референдум деген айланма жолду алып калышканы түшүнүксүз.
Жогоруда сөз кылгандай, Аскар Акаевдин тушунда 4 жолу өзгөргөн Конституция бир гана президенттик бийликти бекемдөө үчүн багытталган. Курманбек Бакиевдин мезгилинде деле Баш мыйзамдын айынан ызы-чуу бүтпөй, соӊунда Бакиев өзүнө ыӊгайлаштырып супер президенттик Конституцияга ээ болгон. Бирок бул иштеринин аягы Апрель окуясы жана анын бийликтен куулушу менен жыйынтыкталды.
«Бакубат өлкөдө жашоо үчүн мамлекетти жана бийликтин жергиликтүү органдарын эффективдүү башкаруу керек. Бул маселе боюнча азыр катачылыктар бар. Бирок бул дароо эле Баш мыйзамды өзгөртүү керек дегенди билдирбейт. Эрежелер жазылдыбы, демек, аны сактоо зарыл. Аны улам өзгөртө берсе, Кыргызстанда каалаган убакта баары өзгөрүп кетиши мүмкүн жана өлкөдө туруктуулук болбойт деген түшүнүктү жаратат. Кайсы бир мыйзамды кабыл алып, ага көнүүгө жетише электе кайра ал мыйзамды жокко чыгаруу туура эмес»,- дейт депутат Дастан Бекешев.
Баш мыйзамды улам өзгөртө берүү эгемендүү Кыргызстандын тарыхында жемиштүү жыйынтык бербей келет. Негизги мыйзамды улам бир жакка чоюп өзгөртө берүү коомчулукта мыйзамды сыйлабастыкка, бийлигиӊ болсо өзгөртүп алууга болот деген залалдуу түшүнүккө алып келет. Ошол мыйзамдар аткарылып жатабы-жокпу, мына ушул жагдай баарынан маанилүү.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kara-kulzha
2015-05-17 17:43:35
Баш мыйзамдын өзү мыйзамсыз.
1) Өмүрбек Текебаевге Конституцияны жазганга ким укук берди?
2) Элдер паспорту жок добуш беришти, бул деген элди алдагандык.
1993 жылкы Конституцияны кайра ордуна коюш керек, эң мыкты мфйзам болгон.
0
№ 653, 8-май-14-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан