Куудул САНЖАР БЕРДИБЕКОВ «Жазда жаӊы күлкү», «Жайда жадыраган күлкү», «Күздө күркүрөгөн күлкү», «Кышта кычыраган күлкү» долбоорун баштап, учурда Баткен облусунда гастролдоп жүрөт.
ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВ Жеӊиш майрамына карата «Чек арачылар» деген ыр жаздырды.
Ырчы РОЗА ШАКИРОВА Токтогул жергесинде гастролдоп жүргөн кези.
АЙЖАН АКЫЛБЕКОВА Москва шаарында 16-17-май күндөрү Энелер күнүнө карата «Аалам көркү – аялзат» аттуу «Аруулук» улуттук кийимдер көргөзмөсүн өткөрөт.
«АК ШООЛА» балдар хору Түркияда өтүп жаткан фестивалга катышууда.
2-майда «Кыргыз жергесинин мырзасы-2015» сынагы болуп өттү. Сынакта баш байгени ИЛЬГИЗ БЕКБОЛОТОВ жеӊип алып, күзүндө Нью-Йоркто өтчү «Дүйнө мырзасы-2015» сынагына катышууга жолдомо алды.
Өзбекстандык режиссёр жана сценарист АЛИ ХАМРАЕВ «Ак илбирс» IV улуттук киносыйлыгынын экинчи лауреаты деп табылды.
Ырчы ЧОЛПОНАЙ кайрымдуулук кылып кийим-кече, оюнчуктарды чогултуп, Сокулуктагы балдар үйүнө тапшырды.
«No name» командасынан чыккан тамашоучу Икрам менен Эмил, ырчы KG Эльмурат Бурятияда гастролдоп жүрүшөт.
Ырчы, тигүүчү САЙРА МОМУНБАЕВА дүйнөдөгү эӊ мыкты бизнес-кеӊешчи, миллионер Брайан Трейсиге кыргыз оюулары менен кийим тигип берди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
AFRODITA-89
2015-05-11 11:57:24
Сайра эжекебиз ал кийимди канча акчага тигип берди экен миллионерге...
0
jypar.i
2015-05-12 22:17:59
AFRODITA-89,бирөөнүн акчасын санагандан бизге эмне пайда?Азамат биздин ишмерлер,өз күчтөрү менен аракет кылып, бүт дүйнөгө таанымал болуп атышат
0
jypar.i
2015-05-12 22:20:11
Суперчилер жана окурмандар,Айжан Акылбекованын Бишкекете кийим саткан дүкөнү барбы,болсо кай жерде, жазып койгулачы сураныч
0
Baian
2015-05-13 01:53:29
Супер инфо сиздерден сураныч Айжан Акылбекованын кийим коргозмосу так кайсыл жерде болорун жазып коюнуздарчы.Алдын Ала рахмат
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.