30-апрелде Москвада КВНдин Жогорку Лигасынын чейрек финалы болуп өттү. Кыргызстандан барган «Азия Микс» КВН курама командасы таймашта 6 команданын ичинен жогорку упайларды алуу менен 1-орунга ээ болуп, КВНдин жарым финалына өттү. «Азия Микс» командасы чейрек финалда «Плохая компания» (Красноярск крайы), Мурманск шаарынын курама командасы, Грузия курама командасы, «Горизонт» (Москва), «Приоритет ДГТУ» (Ростов-на-Дону) командалары менен ат салышты. Командалар саламдашуу, триатлон, музыкалык тапшырмалар боюнча күч сынашты.
Команданын мүчөсү Аскат Табалдиев: «Биз үчүнчү жылы катышып жаткандыктан калыстар, көрүүчүлөр жакшы кабыл алышты. Буга чейинки жакшы деп эсептеген тамашаларыбызды долбоордун редакторлору алып салышчу. Бул сапар алар тамашаларыбыздын баарын өткөрүштү»,- дейт. Кыргыздын намысын коргогон жаштарга ийгилик каалайбыз!