Көптөн бери көрүнбөй калган ырчы Иса Өмүркулов «продюсерим Канат Култаев болсо» деген кыялына жетти. Тактап айтканда, продюсер Канат Култаев менен Иса Өмүркулов буга чейин байке-ини катары гана иштешип келишсе, эми 2 жылдык келишимдин негизинде иштеше башташты.
Иса: «Канат байкеге келгениме кубанам, анткени бул жакта көзөмөл, иш тартиби болгондуктан, чыгармачылык менен иштөө жеӊил. Азыр «Сен», «Издеп сени» деген ырларды жаздырып, клип тарттыруудабыз. Буюрса, ар бир 3 айда күйөрмандарга жаӊы ыр, жаӊы клип тартуулаганга аракет кылабыз»,- деп билдирди. Ал эми продюсерге байланышканыбызда: «Иса аты чыгып калган эле ырчы. Эл тааныган ырчыга продюсер болдум деп айтканым уят го. Бирок колумдан келишинче жардам берип, чыгармачылыгына жол көрсөтүп турам»,- дейт.