СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Өзүңө жакса болду да кызым. Алыс болгондо кайсы жерден?
Мен Бактиярдын жердигин айттым. Апам тунжурап катуу ойлонуп калды. Каршы болуп калбагай эле деп чый-пыйым чыгып кетти.
– Өзүбүздө ошончолук жигит жок бекен?
– Билбейм апа, мүмкүн бардыр. Биз... Биз ... Бири-бирибизди жакшы көрөбүз!
Апам бир башкача өзгөрүп кетти.
– Апа, кеп алыс-жакында эмес. Каякта болбоюн бактылуу болсом болду да. Макул, сизге жакын деп турмушка чыгайын. Сүйбөгөн адамым менен жарым мүнөт да бактылуу боло албаймын. Азапта жүргөнүмдү көрүп сиздин да дилиңиз күйөт. Мен эми башканы сүйө албаймын,- дедим.
Апам башка эч нерсе айткан да, сураган да жок. Кечке жуук апам өзүн башкача сезе баштады. Өң алеттен кетип, тунжурап эле отуруп калды. Ар кайсыны дөөрүп капа кылып алдымбы деп кыжалатка түштүм. Бир убакта апам такыр башкача боло баштаганынан чочуп кеттим.
– Апа... Апа-а! Сизге эмне болду?
Апам жооп айтууга чамасы келбей, отурган бойдон дубалга жөлөндү. Эсим кетип апамды кучактай калдым.
– Апа, мени коркутпаңызчы... Апа, бир нерсе айтыңызчы? Сизге эмне болду?
Апам таштай катып, оозу ачылып-ачылбай, көздөрү жумулуп эстеликтен айырмасы жок болуп калган эле. Колумду көкүрөгүнө салып болор-болбос жылуулукту, жүрөгүнүн алсыз кагышын туйдум.
– Жеңе-е!..
Бир топтон кийин оозума кирген сөз ушул болду. Анан анын үйдө жок экенин эстедим. Ошол учурда Кудай жиберген периштедей болуп кошунабыздын келини келип калды.
– Эмне болду?
Ал апамды көрүп чочуп кетти.
– Билбейм... Билбейм... Апа-а!
Менин сүйлөгөнгө да шайым калбай калыптыр.
– Каранкүн ай, мен апаңды карап турайын, сен доктурга чурка.
Эсимди жыйып дарыгерди чакырып келүүгө чуркадым. Дарыгердин үйүнө жетип-жетпей кыйкырдым. Аялы да, күйөөсү да дарыгер болгондуктан, экөө тең чуркап жөнөштү.
Малика ушул жерден сөзүн токтотуп, көпкө ыйлады. Жаныбыздагы эже керебетине жөлөнүп алда качан эле ыйлап алган экен. Мен аларга суу алып келип бердим. Кыйлага чейин ар кимибиз өз оюбуз менен тунжурап отурдук. Малика көзүндөгү жашын аарчып, кайра аңгемесин улантты.
Ошентип, апам бешинчи күнү өзүнө келди. Кыймылдатууга мүмкүн болбогондуктан, ооруканага алпарбай үйдө караганга аргасыз болдук. Дарыгер кан басымы ашыкча көтөрүлүп кеткенин, ошондон улам инсультка кабылганын айтты.
Апамдын абалын уккан бир туугандарымдын баары келди. Агамдын алып келбеген дарыгери калбады. Баары бир ооздон күтүшүбүздү, баары жакшы болорун айтышат. Атамдан айрылып бир капшытым эңшерилип, опол тоодой медеримдин ордун таппай сыйпалап жүргөн чагымда апамдын абалы шилиме бычак сайылгандай эле болду. Ага-эжелерим бар жалгыз эмесмин дечи, бирок алардын өз балдары, өз түйшүгү бар. Буларды байкап, мен алар үчүн ашыкча жүк болорумду сездим.
Атам да көп ооруп, төшөк тартып жатып каза болгон. Кайраттуу, сүрдүү, калыс киши эле. Бизди мөгдүрөтүп эч нерсеге муктаж кылбаган. Тоголок жетим өсүп бар-жоктун, ысык-сууктун азабын таркан неме ушунча бак-дарак, короо-жайды жоктон кураган жан эле. Атам бизди чындыкты бетке айтып, акыйкатка тике караганга үйрөттү.
“Кызым, сүйлөгөндө сөзүң мазмундуу, болоттой курч, көзүң бүркүттүкүндөй өткүр болсун. Жалтактабай адамды тике карап сүйлө. Күнөөлүү, калп сүйлөгөн адам гана көзүн алакачып сүйлөйт. Сен сүйлөгөндө да адамдар кунт коюп уга турган болсун” деп көп айтар эле. Бирөөнүн байлыгына көз артып, бирөөгө теңелгенди түк жактырчу эмес. Баарынан да карыз алуудан, кишинин аманатына кыянаттык кылуудан сак болуубузду кулагыбызга кумдай куят. Ал дайыма “карыз кишини оорулуу да кылат, түйшүккө да салат. Карызга батып байыгандан көрө эски болсо да таза, жамаачы болсо да кийим кийип жүргөн артык. Бул пайгамбарыбыздын хадиси.
Бирөөнүн буюмуна кызыкчу болбогула!” дечү.
Атам мени “эне кызым”, “ширин кызым”, “кенжетайым” деп эркелетип турса да, катуу сүрдөйт элем. Бирок апама өнөрүмдү көрсөтүп ашыкча алчактап эркелеп, ызатымдан ашып кеткеним чын. Биз менен атамдын ортосунда апам “элчи” болуп, өйдө-ылдый басканыбызга уруксат алып берет. Мен эсиме кирип калган учурда бир туугандарымдын баары турмуш күтүп, атам-апам менен жалгыз мен калдым. Кээде турмушуна таарынып, арыз-муңун айтып келип калган эжелериме апам катуу айтып, мындай кылыктарын тарбиясыздык деп баалачу.
– Кийимиң бүтүнбү?- деп сурайт биринчи эле.
Башын ийкеп үнсүз жооп берет, таарынычтуу келгени.
– Ачка калтырыштыбы?
– Жок.
– Анда эмне кемчилигиң бар? Бир күйөөңдүн эбин таппай, кайын журтуң менен тил табышпай калган болсоң эмне кылайын? Арзыбаган нерсеге кыжы-кужуңарды жыйыштыргыла. Эскертип коёюн, сен атаңдын төрүндө коноксуң. Кайын-журтуңда бир маселе чыкса, аны чечүүгө жан дилиң менен кол кабыш кылгын.
Баса, “алыскы туугандан жакынкы кошуна” дейт, андыктан кошунаңар менен алыш-беришиң, мамилең түз болсун. Не жакшылык, не жамандыкта жаныңарда бирин­чи болуп ошолор турат.
Эми бүгүн эс алып, эртең үйүңө кайт.
Апамдын бул сөздөрүнөн кийин башка эжелерим арыз-армандарын ичтеринде катып, оң карап күлүп, тескери калап ыйлап кете берише турган. Мындайда атамдын бир гана сөзү бар:
– Мен силерди төрүмө кайра келсин деп күйөөгө узаткан эмесмин! Бүттү, ашык даттануунун кажети жок.
Бул тарбиялары ар дайым эле жакшы натыйжага жеткизбеди. Бир эжемди бактысыз кылып алышкандары да чын. Ал эжем атам менен апама угузуп-угузбай улуу эжелериме даттанат:
– Атам кайнатам менен өзү жашай тургансып минтип мени турмушка беришти. Күйөөгө беришпей эле кыпкызыл түйшүккө салып коюшканын билишпейт. Экөө жакшы экен, дос болуп эле жүрө беришпейби. Же күйөөм бир акылдуу болсо экен...- деп ыйлактайт. Антсе эжелерим боору ооруп:
– Азыр жашсыңар, түшүнүшүп кетесиңер. Кызык, атам да анын баласы кандай экенин билип туруп “атасына сөз бергем” деп сени берип салды. Апама да кулак салбады. Көрдүм го, апам байкуш сен үчүн күйүп, бербей коюуга аракет кылды. Айла канча, атам чечиминен баш тартпай койбодубу. «Кой, ыйлаба, баары жакшы болот» деп сооротушат. Тилекке каршы, алар үмүт кылгандай баары жакшы болгон жок. Эжемдин балдарынын бактысы үчүн кылган аракети, тарткан азабы текке кетип, баары бир турмуштары бузулду. Акыркы мезгилдерде ката кылганын атам да моюнуна алып эжеме колунан келишинче жардам бере баштаган эле. Кем-карчысын толуктап, күйөө баласына жакшы айтып акылга салууга бүт күчүн жумшады. Чындыгында, өз билгенин бербей төргө айдаса көргө качкан ал эжемди да, өзүн да бактысыз кылды.
Атам ооруп төшөктө жаткан мезгилде эжемди чакыртты.

Жумагүл Жолматова

(Уландысын бир сандан кийин окуй аласыздар)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aijigit
2009-12-29 13:00:07
Толугу м.н бере салбайсыздарбы куттурбой.
0
Lee Min Ho
2010-07-19 16:30:27
ушунусу менен кызыкда айжигит
0
№ 373, 25-31-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан