Сиздердин сурооӊуздарга Бишкектеги шаардык перинаталдык борбордун төрөт бөлүмүнүн башчысы, гинеколог Шайыр Кадырова жооп берет.
«ГИГИЕНАЛЫК КАРАЖАТТАР ЗЫЯНБЫ?»
– Күн сайын колдонулуучу гигиеналык каражаттар (прокладки) зыян, андан көрө чүпүрөктү колдонуу керек деп уктум. Ушул чынбы?
Сами, 24 жашта, Баткен
– Учурдагы гигиеналык каражаттардын үстүнкү катмары целлюлозадан жасалууда. Ал аба өткөрбөйт. Андыктан гигиеналык каражатты ар бир 3-4 саатта алмаштырып турбаса, анда бактериялар көбөйүп, аялдын жыныстык органын сезгендирет (мисалы, вагиноз, кандидоз). Мындан тышкары аялдын жука чурайынын териси дем ала албайт. Эгер аялда суюктук көп бөлүнүп чыкпаса, анда эч нерсе колдонбогон жакшы.
Гигиеналык каражаттардын жыттуу түрлөрү да бар. Аларга жыт берүүчү заттар сиӊирилгендиктен кээ бирлерде аллергия жаратат.
Негизи пахтадан жасалган чүпүрөктү жууп, үтүктөп колдонуп, убак-убагы менен алмаштырып туруу жакшы.
«ЫМЫРКАЙДЫН БОЮ, САЛМАГЫ КАНЧА БОЛУШУ КЕРЕК?»
– Жаӊы туулган баланын салмагы, бою жана канындагы гемоглобини канча болушу кажет?
Эля, 26 жашта, Бишкек
– Убагы жетип, саламаттыгы чыӊ болуп туулган ымыркайдын боюнун узундугу 49-54 сантиметрди, салмагы 2,5-4 килограммды түзөт. 2,5 килограммдан аз болсо, аз салмактагы, ал эми 4,5 килограмм жана андан жогору болсо, чоӊ салмактагы бала болуп эсептелет. Гемоглобини 170-240ка чейин жетет. Анткени бала ичте экенинде кан аркылуу дем алгандыктан гемоглобини көп болот. Төрөлгөндөн кийин ал гемоглобиндер жаӊысы менен алмашып, саны азая баштайт. Кан тамыры мүнөтүнө 120-140 ирет согот.
«ЭТЕК КИР КЕЛГЕНДЕ ДАРЫ ИЧҮҮГӨ БОЛОБУ?»
– Менин этек кирим келген учурда ичим катуу ооруйт. Бул эмнеликтен жана кандай дарыларды ичүүгө болот?
Аяна, 19 жашта, Жалал-Абад
– Этек кир келгенде ичтин аздан оорусу калыптагыдай көрүнүш. Бирок көбүрөөк ооруса, анда кандайдыр бир оорунун белгиси. Мисалы, эндометриоз, миома, эн жумурткаларынын барсылдагы, аденомиоз, гормондордун жетишсиздиги жана башка. Андыктан врачка көрүнүп, оору бар болсо, дарылануу кажет.
Эгер себеби жок эле ич катуу ооруган болсо, анда врач ибупрофен, кетопрофен же мелбек форте дарысын жазып бериши мүмкүн. Таблетканын ордуна дары чөптөрдөн ичсе да болот. Чай чөп (зверобой) менен кургатылган малинанын жалбырагынан 1 чай кашыктан алып, аны 300 грамм кайнаган сууга салып, 15 мүнөт демдеп, аны 3 маал ичүү зарыл.
«ТӨРӨТТӨН КИЙИН ПАМПЕРС КИЙҮҮГӨ МҮМКҮНБҮ?»
– Төрөттөн кийин улам которунуп жүрбөй, чоӊдор үчүн чыгарылган памперсти кийсе болобу? Кан канча күн келет? Жыныстык катнашты качан баштоого мүмкүн?
Жаку, 35 жашта, Ош
– Төрөгөндөн кийин 3-4 күн кан келет. Андан соӊ 4-10 күндөй кан аралаш суюктук, акырында 20-35 күндөй бозомтук суюктук бөлүнүп чыгып турат. Негизи, төрөттөн соӊ 3-4 күн чоӊдорго ылайыкташкан памперсти кийбөө керек. Анткени кан канча кеткени билинбей калат. Мисалы, кокус кан агуу күтүлүп жатса да памперстен билинбей калып, өмүргө коркунуч туулат.
Аялдын жатыны 56 күн дегенде калыбына келет, мына ошондон тартып жыныстык катнашка уруксат. Ага чейин жатын моюнчасы ачык болгондуктан инфекциялар кирип кетип, сезгенүү жаралып, оорулар башталышы мүмкүн.
«АЯЛ ТӨРӨЙ ТУРГАН КҮНҮН КАНТИП ЭСЕПТЕЙ АЛАТ?»
– Менин азыр 6 айлык боюмда бар. Суроом: Аял төрөй турган күнүн кантип өзү эсептеп алса болот?
Света, 28 жашта, Бишкек
– Өз алдынча эсептесе болот. Ал үчүн акыркы этек кир келген датадан артты көздөй 3 ай эсептеп, ал датага 7 күндү кошобуз. Мисалы акыркы этек кирдин келген күнү 3-апрель дейли. Артты көздөй 3 ай санаганда жыйынтык 3-январь болду. 3+7=10. Демек, аял 10-январда төрөйт.
«Адистин кеӊеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеӊешке муктаж болсоӊуз, бизге кайрылыӊыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеӊиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыӊыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg