АТАМДЫН АКЫРКЫ ЧЫНДЫГЫ

– Апам мени жалгыз өстүрдү. Атам менен апам ажырашып кеткенде мен бир жашка толо элек бала экенмин. Эмнегедир атам тууралуу эч ким эч нерсе деп айтчу эмес. Таенем гана кээде «атаң жакшы адам болчу, айланайын” деп ичтен сыза үшкүрүнүп калар эле. Мен эч кимге, атүгүл апама да атам жөнүндө сурап кайрылбагандыктан, алар мени атасы тууралуу таптакыр ойлонбойт деп ойлошчу. Бирок менин атамды ойлобогон күнүм болчу эмес. Кичине кезимде атам мен үчүн баатыр болчу. Ошондон улам башкалар менин ыйык сезимиме, ата деген сыймыгыма тил тийгизип «ал бир байкуш болчу” дедиргим келбей, эч кимден ал тууралуу сурачу эмесмин. Кезигип калсам жүрөгүмө көп жылдар бою сактаган сүйүүмдү, издегенимди айтам деп ойлор элем. Ата, сен да мени издедиң бекен? Жүрөгүң кансырап, «балам бүгүн кайсы күндү көрүп жатат, үстү бүтүн, курсагы ачка эмеспи? Дос-теңтуштары ызалантып койбоду бекен?” деп жүрөгүң мыкчылды беле? Күндө дебейин, бир жумада бир ойлоп койдуң бекен? Бул мен үчүн табышмак эле.
Бир күнү үйгө келсем үйдүн алдында бир ууч болгон, жүдөгөн адам отуруптур. Аңгыча эшик ачылып, апам чыга келди.
– Келдиңби, балам?- деп алып апам мукактана түштү.
– Келдим.
– Бул киши... Бул...
– Канат, мен сенин атаңмын!- деди тиги киши жай гана.
Эчен жылдан бери жүрөгүмө сактап келген элес бул адамга таптакыр окшобой турду.
Жалтаң караган көздөрүн ала качкан аракечтин кейпиндеги адам менин атам эмес эле. Жүрөгүм бул чындыкты кабыл алгысы келбей жатты. Ичим туз куйгандай ачышып, терс бурулдум.
– Балам, тескери бурулба, жаман болсом да атаңмын!- деди калтыраган үн.
– Сиздей атам жок, кетиңиз! -дедим калтыраган боюмду токтото албай.
– Уулум, жаштык кылба, сендей кезде мен да от элем, жалын элем...- деп барып үнү бошоп токтоду.
Бирок мен бурулуп карай албадым.
Ата-бала ушинтип биринчи да, акыркы да жолу көрүштү. Экинчи ал адам мени издеп келген жок, а мен ата деген сөздү көөдөнүмдөн биротоло өчүрүп салдым. Кийин үйлөнүп-жайланып, үч баланын атасы болуп, кызмат ордум бийиктеп өз турмушум менен алек кезимде атамдан кат алдым. Бул анын акыркы белеги, жашоонун чындыгы эле.
«Уулум, сыймыгым менин! Сени өстүргөн жокмун, ошентсе да атаңмын. Алсыздык кылдым, алдыңа барып чындыкты айта албай бул дүйнө менен коштошуп жатам. Уулум,
апаң мен тууралуу эч нерсе айтпагандыр, анткени өзүнүн да ат көтөргүс күнөөсү бар эле. Апаңды өтө катуу сүйүп алгам. Биздин бактылуу турмушубузду бузган апаңдын махабаты болду. Ким билет, балким, апаңдын жүрөгүн багынта албаган мен күнөөлүүдүрмүн. Ток этер жери апаңды башка адам менен кармап алдым. Кийин уксам, алар биз үйлөнө электе эле көңүлү жакын болгон экен, бирок тигинин аялы бар болгондуктан апаңды аялдыкка албаптыр. Намысыма күйүп кетип, ачуум менен тигини өлтүрүп алдым. Балам, ошентип көп жылга камалып кеттим. Түрмөдөн кийин сени издейин деп белсендим, бирок... Күйүтүмдү арак менен баскым келди, эч нерседен жолум болбоду. Учурунда кыйын жигит элем, канатым кайрылып, орто жолдо калдым. Сен мени жек көргөн боюнча калышыңды каалабадым, чындыкты билишиң керек. Кош, уулум!”
Уучумдагы катты бырыштыра кармап көпкө отурдум. Жүрөгүм сыздап, аталап бакырып ыйлап алгым келди. Аттиң, бул кабар жашоомо өтө кеч келди, бирок жашоомдогу эң
чоң белек эле. Эмне үчүн сөзүнө кулак төшөбөдүм деп өкүндүм.
Атаке, атыңдан айланайын. Мени кечир! Сени укпай койгонумду кечир. Ата деп айта албай калдым, кечиктим, ата. Кечир, менин күнөөсүзүм! Апамды да кечир!

Канат
Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
windows.kg
2015-05-11 11:19:11
Окунучтуу.
0
AFRODITA-89
2015-05-11 12:42:46
апанын кылган куноосу куйоосуно тиет, баланын кылган куноосу атасына тиет деген чын экенда апасынын кылган кыянатынын азабын атасы тартыптыр
+1
edil.kg
2015-05-11 21:48:24
ушундай окуяларды окуганда кыз келиндерди жаман коруп кетем
-1
jazgul80
2015-05-12 11:34:41
edil.kg, беш манжа бирдей эмес . Билсен сени торогон апан . эжен . Карындашын да сен жаман коргон кыз келинге кирет .
+1
edil.kg
2015-05-12 12:55:11
jazgul80, ХХХ ХХХ билем мен дагы беш манжа бирдей эместигин
0
admin_media
2015-05-12 14:37:01
edil.kg,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
0
meriana_90
2015-05-12 18:03:40
edil.kg,Эркектер мындай иш кылбагандай жаздыныз го
+1
Shaa-82
2015-05-12 12:41:16
куйоонун кылганы балага тиет аялдын кылганы куйоосуно тиет дейт . адамды ыйлататго бул окуя
+2
albina2010
2015-05-17 21:13:32
ошо атасы апасын кошо ХХХ ХХХ ошондо биржолу конулу тоок кетеберетле
-1
admin_superstan
2015-05-18 17:24:03
albina2010, этика нормаларын сактаңыз!
0
samira8589
2015-06-23 23:47:27
Ыйлатты го
0
mekushka92
2015-07-13 01:27:13
жаашоодо кандай оор тагдырлар бар азыркы жаштар ушундай окуялардан келечекте сабак алсак болот. Кайда калбаган суйуу. Ал эми автор сизге айтарым озунузду эч качан куноолобонуз. Бул да болсо Аллахтын бизге берген сыноосу.
0
№ 653, 8-май-14-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан