ЖАЛБЫЗ ЖҮРӨК ООРУСУН АЙЫКТЫРСА, АТ КУЛАК КАНДЫ КӨБӨЙТӨТ

Дары өсүмдүктөрдү сатып алууга акча коротпостон айлана-чөйрөдөн деле терип алса болот. Алар организмди керектүү витаминдер менен камсыздагандан тышкары ооруган жерлериӊизди айыктырып да берет.

ЖАЛБЫЗ
Медицинада
Жалбыздын (мята) курамында пайдалуу заттар көп болгондуктан бронхит, стенокардия, невралгия, отит жана башка ооруларда колдонулуучу каражаттарга кошулат. Жалбырагы менен тамырынан эфир майы жана ментол алынып, алар медицинада, парфюмерияда, кондитердик азыктарды жасоодо колдонулат.

Элдик медицинада
ЖҮРӨК ЖАНА БӨЙРӨК ООРУЛАРЫ ҮЧҮН ДАРЫ
Жалбызды терип кургатып, майдалап, андан 2 аш кашык алып, үстүнө 0,5 килограмм бал кошуп аралаштыруу кажет. Күнүгө 1 чай кашыктан 3 маал жесе, жүрөк жана бөйрөк ооруларына даба болот. Дарылануу курсу 2 ай.
Тиш ооруганда жана бронхитте кайнатып ичсе, тиш ооруну жана жөтөлдү басаӊдатат.

Ашканада
ЖАЛБЫЗДАН КЫЯМ
Керектелүүчү азыктар:
Жалбыз – 250 грамм
Кумшекер – 1 килограмм
Лимон – 2 даана
Суу – 0,6 литр

Даярдоо ыкмасы:
Жалбыздын жалбырагын жууп, туурайбыз. Лимонду сырты менен майдалап кесебиз. Эми буларды сыр идишке салып, сууну куюп 10 мүнөт жай отто кайнатабыз. Анан 7-8 саат тыныктырып, сүзүп, суусуна кумшекер кошуп 10 мүнөттөй кайнатсак кыям даяр.
Эскертүү: Жалбызды варикоз, төмөнкү кан басым, зарна, бел кубаттын алсыздыгы менен жапа чеккендерге колдонууга болбойт!

АТ КУЛАК
Медицинада
Ат кулактын (конский щавель) курамында хризофан жана аскорбин кычкылдары, K витамини, темир болгондуктан ашказан жана ичеги, өт, геморрой, жүрөк ооруларын дарылоочу каражаттардын курамына кошулат. Кан токтотуучу, табитти ачуучу жана гемоглобинди көбөйтүүчү касиетке ээ.

Элдик медицинада
ӨПКӨ ЖАНА БРОНХИТ ООРУЛАРЫ ҮЧҮН ДАРЫ
Кургатылган ат кулакты майдалап, андан 2 аш кашык алып, үстүнө 300 грамм сары май салуу кажет. Күнүнө 1 чай кашыктан 3 жолудан ичилет. Дарылануу курсу 1 ай.

Ашканада
АТ КУЛАКТАН САЛАТ
Керектелүүчү азыктар:
Ат кулактын жалбырагы – 200 грамм
Капуста – 300 грамм
Болгар калемпири – 2 даана
Сабиз, алма, пияз – 1 даанадан
Ашкөк – 5-6 тал
Өсүмдүк майы – 5 аш кашык
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
Баарын тазалап, жууган соӊ ат кулакты аарчып кургатуу керек. Капустаны, пиязды, болгар калемпирин, ат кулакты ичке таякча кылып туурайбыз. Сабиз менен алманы сүргүчтөн өткөрүп, тууралгандарга кошобуз. Буларга ашкөктү майдалап туурап кошуп жиберебиз. Тузду, майды кошуп аралаштырсак салат даяр.
Эскертүү: Ат кулакты кош бойлуулар, бөйрөк, өт, уйку бези жана боор оорусу барларга колдонууга болбойт!

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Eli75
2015-05-18 11:53:22
Айланабыздагы жашыл аптека, ушул осумдукторду колдонуп турсак, ден-соолугубуз дагы да чын болот. Супер инфо, кызыктуу маалыматынар учун рахмат.
+1
kurmanjan11
2015-05-19 15:36:49
ат кулак ушулбу,ак гул ачабы.ат кулак деп узун узун жалбырагы бар чопту таанычу элем
0
matY
2015-05-19 16:41:23
kurmanjan11, ушул эле просто башкача тартылып калыптыр
жакшылап карасан аттын эле кулагындай чооон болуп турат
0
kachy0212
2015-05-19 19:48:43
Кеебир аймактарда бул чопту кызыл куурай деп атап койушат
0
kachy0212
2015-05-19 19:50:32
Кымыз куйган чаначты ыштайт бизде
0
temirov76
2015-05-20 19:17:00
Жалбыз ошондо бойрок ооруунун кандай туруно дары болуп калат,билгендер айтып коюнуздарчы сураныч?
0
kama_future_millioner
2015-05-23 21:07:54
Ат кулагыңар жакты)
0
№ 654, 15-май-21-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан