ЭМЧЕГИМДИН ҮРПҮНҮН КЫЧЫШКАНЫ ЭМНЕДЕН?

ЭМЧЕГИМДИН ҮРПҮНҮН КЫЧЫШКАНЫ ЭМНЕДЕН?
– Канча убакыттан бери эмчегимдин үр­пү кычышып, жанымды жай алдырбай келет. Бул эмнеден жана кимге күрүнсөм болот? Аэлита, Ош.
– Эмчектин үрпүнүн кычышуусу бир нече себептерден болушу мүмкүн.

  • Үрп кирдеп, микробдор көбөйгөндө үрп сезгенүүгө кабылат да, кычышуу башталат.
  • Эгерде аялдын цитрустардан аллергиясы бар болсо, дене менен кошо эмчектин үрпү да кычышуусу ыктымал.
  • Кычышуу синтетика бюстгальтер кийгенден да болот.
    Айтаар кеңешибиз, диагнозду так билүү үчүн маммологго же дерматологго кайрылып, кеңеш алууңуз зарыл.


ПРОСТАТИТТЕН АЙЫГУУ ҮЧҮН ДАРЫ ЧАЙ БАРБЫ?
– Мен учурда простатит оорусунан дарыланып жатам. Доктурлар сунуштаган дары-дармектен тышкары дары чайды ичүү да жардам берет дешет. Мүмкүн болсо ошондой дары чай боюнча маалымат бе­рип коёсуздарбы? Керим, Токтогул.

– Простатиттен айыгууда кеңири колдоно турган дары чай болуп «Фитопростат» эсептелет. Чай сезгенүүнү жоюуга, ооруган жердеги микробдорду өл­тү­рүүгө, гормоналдык алмашууну калыптандырууга, кан менен жабдууну жакшыртууга салым кошот.
Эскерте кетчү нерсе, аталган дарыны кабыл алуудан мурда дарыгериңиздин кеңешине кайрылууңуз зарыл.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 213, 1-7-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан