«С порывами ветра все гаснут огни,
Я буду скучать, но меня ты не жди»,- деген саптары бар «Знай» деген ырды убагында сиз деле ырдагансыз. 2006-2007-жылдары кыргыз эстрадасына жаш ырчылардын агымы менен жогорудагы ырдын аткаруучусу, ырчы Роза Адилканованын кызы Раллия да чыккан эле. Уккулуктуу ырлары менен күйөрмандардын эсинде калган ырчы учурда кайда, эмне менен алек? Ушул суроолорго жооп издеп, ырчынын өзүнө кайрылдык.
– Салам, Раллия! Кыргызча гезит-журналдарды окуйсуӊбу? Дегеним, ырдаганда кыргызча жакшы ырдайсыӊ, бирок сүйлөгөнгө келгенде кыйналат экенсиӊ?
– Саламатсыздарбы? Негизи эле мен түстүү гезит-журналдарды окуганды жактыра бербейм. Өтө эле кызыгып баратсам, сүрөттөрүн көрүш үчүн барактап коём. Эгер окусам өзүмө керектүү диний китептерди, тарыхый чыгармаларды, хадистерди окушум мүмкүн. Кыргызча адабий тилде сүйлөй албасам да, турмушта колдонулган сөздөрдү билем, оюмду жакшы эле түшүндүрө алам.
Атамдын улуту казак, апам Роза Адилканованын апасы казак, атасы уйгур. Өзүмдү казакмын деп эсептейм, бирок ал тилди деле кыйратып билбейм. Кыргызчаны канча пайыз билсем, казакчаны деле ошончолук билем. Биз үйдө көбүнчө орус тилинде баарлашабыз, чөйрөм да орус тилдүүлөр, балким, ошондон улам да орус тилине көбүрөөк ыктасам керек.
– Акыркы жылдары Арсен, Мирбек Атабеков менен чогуу аткарган дуэттериӊди угуп жүрөбүз, бирок өзүӊ такыр эле көрүнбөй кеттиӊ?
– Мен үчүн музыка өзүмдү сыноого багытталган аракет эмес болчу. Ырчы болууну максат кылгам, кыялдангам десем жаӊылышам. Мага жөн гана ырдаган жакчу, ошондон ырахат алчумун. Эргүү келгенде ырдап коём, болбосо жок. Анан да сахнага чыгууга эч качан умтулган эмесмин. Тескерисинче, сахна мени өзүнө чакырчу.
Бир окуя менин ырдап калышыма себеп болгон. Бир жолу апам экөөбүз Актан Исабаевдин студиясына бардык. Ошондо апам Актан байкеге «кызым ырдайт, ырдатып көрсөӊ» деп калды. Ал учурда өзүмдүн «Знай» деген автордук ырым бар эле. Ырдатып көрүп жактырган. Ушул окуя менин чыгармачылыкка келишиме түрткү болду. Ыраматылык апам менин ырдаганымды өзгөчө сүйчү, ар бир ата-эне үчүн өз баласы көзүнө башкача көрүнсө керек.
– Апаӊдын кайтыш болгону жашооӊду өзгөрттүбү?
– Толугу менен өзгөрттү. Апам биздин үйдүн куту эле, ал көз жумганда үйдөн кут учуп кеткендей эле болду. Биз болсо жашпыз, эмне кыларыбызды билбей чачырап кеттик. Атам куса болуп кайгыга чөгүп кетти. Көп өтпөй эле атам каза болду. Жашоомдо болуп өткөн кайгылуу окуялар мени үй-бүлөлүк мамилени баалаганга үйрөттү. Өзүм үчүн көп сабак алдым. Ата-энемдин өлүмүнөн кийин өзүмдү жоготуп алуудан корктум. Атам каза болгондо өзүмө тез арада турмушка чыгышым керек деп сөз бердим. Сүйүүгө бөлөнүп, татыктуу тарбияда, эрке кыз болуп чоӊойдум. Анан карасаӊ эле мунун баары бир заматта жок болуп кетсе коркот экенсиӊ. Тезирээк турмушка чыгып, үлгүлүү үй-бүлө кургум келди.
– Үлгүлүү үй-бүлө курдуӊбу анан?
– Кудайга ыраазымын, анткени бирин алса, экинчисин берип коёт экен. Ата-энемди менден алып кеткени менен, ордуна жакшы адамдарды жибериптир. Ал менин жолдошум Ислам. Өтө жакшы адам, камкор, ак көӊүл. Исламдын улуту чечен, башында ага турмушка чыгам дегенде көбү «алардын салты катуу, кыйналасыӊ» деп айтышкан. Бирок чынында анчалык деле кыйынчылык көргөн жокмун. Экөөбүз таанышкан соӊ 3 айдан кийин эле үйлөнүп алганбыз. Себеби экөөбүздүн жашоого, үй-бүлөгө болгон көз карашыбыз бир болчу. Алардын салт-санаасын сыйлайм, өзүмдү толугу менен жолдошума арнап, үй-бүлөдө жылуу атмосфера түзгөнгө аракет кылам. Үйлөнгөнүбүзгө 1 жарым жыл болду, учурда тун перзентибизди күтүп жатабыз.
Жараткан жиберген жакшы адамдардын катарында менин күйөө балдарым да бар. Эки сиӊдим Асем менен Мадинанын жолдоштору аябай мыкты жигиттер, алардын кылган мамилесине ыраазымын. Ата-энемдин күйөө балдарынын сыйын көрбөй кеткенине өкүнөм.
– Жакында көз жарсаӊ чыгармачылыгыӊды таптакыр таштайсыӊбы?
– Менин наристем – бул менин демим, жашоомдун маӊызы. Анын жөрмөлөп басканын, биринчи кадамын, тамакты төгүп-чачып жегенин, таттуу тили чыкканын сахнада жүрүп өткөрүп жибергим келбейт. Менин колумда, көз алдымда чоӊоюшун каалайм. Мага таарынбасын, бирок карьера үчүн баласын бала багуучуга каратып, өзү ырдап жүргөн айымдарды түшүнбөйм. Балалык бир эле жолу келет, анан кантип ушундай бакытты коё беришет? Казак элинде «анасы бар адам картаймайды» деген жакшы макал бар. Балага тарбияны энедей эч ким бере албайт.
Чыгармачылык менен оорубайм. Карьера мен үчүн үй-бүлөмдүн өсүшү. Балким, ошон үчүн да репертуарымда бир да клибим жок. Бирок балам чоӊойгондо чыгармачылыкка кайтып келсем болот, анткени өзүмө жаккан жумуш, жолдошум каршы эмес. «Ралли, ыр жазып берчи, бул ырды ырдап берип койчу» деп суранып келишкенде ырдап коём. Учурда «Маx production» студиясында иштейм, ал жактан жаш ырчыларга вокалдан сабак берем.
– Азыр чачыӊ мурункудай сары эмес, кара болуп калыптыр, көчөдө сени таанышабы?
– Жок, көпчүлүгү таанышпайт. Анткени көчөдө жоолук салынып, узун көйнөктөрдү кийип жүрөм. Негизи, күйөөм жанымда болбосо, көчөгө деле көп чыкпайм. Кээде атымды айтчу жерлерден Раллия деп ысымымды айтып калсам, «сиз ырчы Раллиясызбы?» деп үнүмдөн таанып калышат.
– «Жолдошум чыгармачылыгымды колдойт» деп калдыӊ...
– Ооба, жолдошум ырдаганыма каршы эмес. Мени Бейонсе, Уитни Хьюстондон да таланттуусуӊ дейт. Мен анын көзүндө кол жеткис мегажылдыз болсом керек (күлүп). Ал өзү да жакшы ырдайт, гитарада ойнойт, үйдө экөөбүз отуруп алып ырдап калабыз.
– Сахнага алгачкы жолу чыкканыӊды эстеп өтсөӊ?
– Так эсимде жок, 5 же 6 жашта болсом керек, биринчи жолу Казакстандагы «Анши Балапан» деген музыкалык сынакка катышып, Гран-прини утуп алгам. Ал кезде сезимдер кандай болгонун унутуп деле калдым. Биз мен 1-класска киргенге чейин Казакстанда жашачубуз, андан соӊ атамдын каалоосу менен Кара-Балтага көчүп келгенбиз.
– Маегиӊе чоӊ рахмат, аман-эсен көз жарып ал!
Лунара Бекиева
star@super.kg