Учурда өспүрүмдөн саясатчыга чейин селфи тартышат эмеспи. Жөн гана туруп түшкөн же мостойгон сүрөттөрдөн тажадыӊызбы? Эми колуӊуздагы чөнтөк телефон менен өзүӊүздү кандай гана ракурста сүрөткө тартам десеӊиз, мүмкүнчүлүк бар. Болгону кантип туура селфи тартууну үйрөнүп алыӊыз (Самсунг үлгүсүндөгү телефондун мисалында).
Жарыкты туура тандаӊыз. Туура тандалган жарык сиздин жүзүӊүздөгү айрым кемчиликтерди жаап кетет. Караӊгы бөлмөдө же лампанын жарыгында тартылган селфи сизди картаӊ жана чарчаӊкы көрсөтүп коёт. Жарык телефондун камерасына эмес, сиздин бетиӊизге тийиши керек.
Түптүз камераны карап сүрөткө түшүүнү документке калтырыӊыз. Сүрөткө сулуу түшүш үчүн башты 35-40 градуска буруп камераны карабай түшсөӊүз, моюн узун көрүнөт. Эгерде камераны башыӊыздан өйдө кармап тартсаӊыз, мурдуӊуздун чоӊ экени анча билинбей калат. Мындай ракурста көз дагы чоӊ көрүнөт. Эгерде жүзүӊүз тегерек болсо, чачыӊыз менен бир жак бетиӊизди жаап койсоӊуз, бет сүйрү көрүнөт.
Телефондун камерасына линза кийгизип коюу менен сүрөтүӊүздү оригиналдуу кыла аласыз. Линза сүрөттү алыс-жакын, тегерек-сүйрү формада тартуу үчүн колдонулат.
Сүрөткө өзүӊүздү эле эмес, жакындарыӊызды да батырып тартууга атайын телефон үчүн штатив ойлонуп табылган. Телефонду штативге орнотуп, камераны алыстатып тартсаӊыз, кадрга баарыӊардын батуу мүмкүнчүлүгүӊөр бар.
Аба ырайынын өзгөрүшүнө, караӊгы-жарыкка жараша камеранын «баланс белого» кызматын колдонуп, өзүӊүз каалагандай кылып өзгөртө аласыз.
Жакшы фонду тандоо да ийгиликтүү сүрөт жаратат. Өзүӊүздү тартып жатып артыӊызда мурдун чукуп турган адамды кадрга тартып алышыӊыз мүмкүн. Андыктан сүрөттүн артындагы кызыктуу фонду ойлоно жүрүӊүз.
Телефонуӊуздун камерасынын «серийная съёмка» кызматын пайдаланып, бир эле учурда бир нече сүрөт тартууга болот. Ал сүрөттөрдүн арасынан өзүӊүзгө жакканы сөзсүз чыгат.
Сүрөт сапаттуу болсун десеӊиз, смартфонуӊуздун камерасынын бетин тазалап туруп тартыӊыз. Ошондой эле кол калтырап кетпеши жана жасанып-түзөнүүгө үлгүрүү үчүн таймер колдонсоӊуз болот.
Селфи – өзүӊүзгө эксперимент жасоого жакшы жол. Фенди бирөөгө карматып, чачты үйлөтүп туруп тартсаӊыз, сүрөт оригиналдуу чыгат. Бойду узун кылам жана сымбаттуу көрүнөм десеӊиз, күзгүнү колдонуӊуз.
Сүрөттү дагы көркүнө чыгарам десеӊиз, телефонуӊуздагы же компьютердеги мүмкүнчүлүктөрдү колдонуӊуз. Сүрөттү кесип, фон коюп, фотошоп менен иштесеӊиз да болот. Даяр болгон сүрөтүӊүз сизди көпкө кубандырат деп ишенебиз.
Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg