УЛУТТУН ЖҮЗҮ – УЛУТТУК ВАЛЮТА

Ар бир экономикалык системде акча эӊ маанилүү элемент катары бааланат. Тилекке каршы, жүгүртүүдө жүргөн банкноттор акырындык менен жарактан чыгып, өзүнүн сатыкта жүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Акчанын керектен чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок анын накталай жүгүртүүдө жүрүү мөөнөтүнүн узартылышы ар бирибиздин акчага карата кылган мамилебизден көз каранды. Улуттук валютага аяр мамиле жасоо, эскирген, жыртылган банкнотту же кертилген монетаны кайда алып барып өткөрүү керек деген маселе боюнча Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын кассалык операциялар бөлүмүнүн башкы экономисти Салтанат Аубакирова менен маектештик.

– Саламатсызбы?! Акчага карата аяр мамиле жасоо талабы бүгүнкү күндө канчалык деӊгээлде актуалдуу?
– Саламатчылык! Ар бир өлкө өз улуттук валютасынын сырткы келбетине кам көрүп, ага аяр мамиле жасап турушу зарыл. Бул бир гана банкноттун же монетанын сырткы келбетинин сапатын, жасалгасын, коргоо чараларын гана эмес, акчаны колдонуу мөөнөтүн узартып, ага элдин аяр, сый мамиле кылуусуна дагы байланыштуу. Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу муктаждыгы менен биргеликте, бүгүнкү күнү ар бир атуулду акчага карата аяр мамиле кылууга үйрөтүү талабы турат. Анткени көпчүлүк убакта акча капчыкка эмес, чөнтөк же баштыкка салынып колдонулгандыктан айрылып, бүктөлүп, тоголоктолуп, булганып калып жатат. Мындай мамиле жасоо менен биз купюранын жашоо мөөнөтүн кыскартып, жаӊы акча чыгаруу үчүн мамлекеттик чыгымдарды көбөйтүп жатабыз.
– Кандай болгон учурда жарактан чыккан купюралар жаӊысына алмаштырылат жана кандай болгондо алмашпайт?
– Улуттук банкта Кыргыз Республикасынын атуулдары үчүн жарактан чыккан акчаны жаӊысына алмаштыруу боюнча атайын алмаштыруучу кассалар уюштурулган. Мындай кассалар Кыргызстандын ар бир аймагында жана Бишкек шаарында иш күндөрү саат 9:00дөн 12:00гө чейин акысыз ишке ашырылат. Ошондой эле Кыргызстандын бардык коммерциялык банктарынан жарактан чыккан акчаны алмаштырып алууга болот. Канча суммадагы жараксыз акчаны же тыйынды алмаштырасыз ага да чек коюлган эмес. Банкнотторду алмаштыруу үчүн анын жарактуу нак аянты банкноттун көлөмү менен барабар 200 ячейкадан турган атайын торчого (палетки) салынып аныкталат. Зыянга учураган банкноттун аянтынын 50 пайызы же андан ашыгы жарактуу деп табылса, анда жарактуу банкнотко алмаштырылат. Ал эми 50 пайыздан аз аянты сакталган болсо, алмаштырылбайт.
– Ал эми монеталарды алмаштыруунун жолдору кандай?
– Ошондой эле Улуттук банктан банкноттордон тышкары монеталарды да алмаштыра аласыз. Болгону монетанын аверс жана реверс деп айткан арткы жана алдыӊкы беттери сакталып, салмагынын 80 пайызы бар болсо, анда 100 пайыз өз наркына алмаштырылат. Ал эми 80 пайыз салмагын сактабаган монеталар алмашууга жатпайт. Андыктан эл жараксыз, эскирген акчаларды кайра-кайра чаптап же тытылганча колдо кармап жүгүртүүгө айланта бербей алмаштырып турса болот. Эӊ негизгиси, акчага аяр мамиле жасап, улуттук байлыгыбыз болгон сомду пайдалануу маданиятыбызды жогорулатсак деп кайрылгым келет.
– Акчанын эскилиги канчалык деӊгээлге жеткенде Улуттук банкка тапшырса болот? Анын критерийлери барбы?
– «Эскирген банкнот» жана «жарактан чыккан монеталар» категориясын так аныктоо максатында аларды сорттоп жатканда кассирлер таяна турган атайын критерийлер
бар.

Эскирген банкноттор деп төмөндөгүлөр аталат:

  • Тешилсе, жыртылса, бурчтары жана четтери жок болсо, ошондой эле экиге бөлүнүп жана чапталган банкноттор;
  • боёкторго малынып, май же турмуш тиричиликтеги реагенттер менен булганган, баштапкы өӊүн өзгөрткөн;
  • жуулган;
  • күйгөн же өрттөлгөн;
  • басылып чыгуудагы даана кемтик;
  • эскирген жана кирдеген;
  • максаттуу түрдө өзгөртүүгө жасалган аракеттер же болбосо текстке, цифрага жана башка сүрөттөргө деталдарды кошуу;
  • бир нече жазуу, чийимдер жана булганган, банкноттогу басылган сүрөттөрдүн эскирип же өчүп калышы;
  • мөөрдүн туура эмес басылышы, укук коргоо органдары тарабынан ар кандай атайын операцияларды жасоо үчүн ультра кызгылт нурунда көрүнүүчү атайын эн белгилердин болушу.

– Ал эми монеталарга кандай критерийлер коюлуп, жараксыз же эски деген аныктама берилет?
– Тыйындар деле жогорудагыдай себептерден улам жүгүртүүдөн алынат. Баштапкы формасын, калыбын өзгөртүп кетилген, эритилген, ийилген, кесилген, металлды жок кылууга аракеттенүүдөн улам калган тактар, кемтиктер болуп, бирок, аверс жана реверсте сүрөтү толук сакталгандар алмаштырылат. Ошондой эле жогорку температурадагы издер, тактар жана агрессивдүү кемтиктер эритүү, өӊүн өзгөртүп жиберүүсү, басып чыгаруучунун кемчилиги бар монеталар жараксыз деп эсептелинет. Булар дагы алмаштырылат.
– Жараксыз банкноттор менен тыйындарды алмаштыруунун убаракерчилиги кандай? Ал үчүн кандайдыр бир арыз жазып, акча төлөө керекпи?
– Мен жогоруда айтып кеткендей эле акчаларды алмаштыруу Кыргызстандын бардык коммерциялык банктары менен Улуттук банкта бекер, акысыз ишке ашырылат. Ошондой эле канча суммадагы жараксыз акчаны же тыйынды алмаштырасыз ага дагы чек коюлган эмес. Болгону эгерде төлөмдүгүн аныктоо керек болсо жана шектүү банкнот же монета болуп калса, экспертиза жүргүзүү үчүн арыз жазылышы керек.
Эгерде экспертизанын жыйынтыгы акчалардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн жана аныктыгын тастыктаса, анда кардарга мурда алынган банкноттун же монетанын суммасы кайтарылып берилет. Эгерде төлөө күчүн жоготту деген жыйынтык чыкса, анда андай банкноттор же монеталар кабыл алынбайт жана алмаштырылбайт. Төлөө күчүн жоготту деп – аянтынын 50 пайызынан азы сакталып калган банкноттор жана салмагынын 80 пайызынан азы сакталып калган монеталар саналат. Жасалма банкнот же монета аныкталган учурда, алар укук коргоо органдарына териштирүүгө өткөрүлүп берилет.
– Эгерде сиз айткан кемчиликтер болуп, эскирип, жарактан чыккан банкноттор менен монеталарды качан жана кайда алмаштырса болот?
– Эгерде колуӊуздагы банкноттун 80 пайыздан ашык көлөмү сакталса, анда Кыргызстандагы бардык эле коммерциялык банкка барып аны 100 пайызга өз наркына алмаштырсаӊыз болот. Ал эми аянтынын 50 пайыздан 80 пайызга чейинкиси сакталган банкнотту Улуттук банктын мекемелеринде алмаштырууга болот. Бул жерде белгилеп кетчү нерсе – банкноттун 51 пайыздан кем эмес көлөмү сакталса, анда банкноттун өз номиналына алмаштыра аласыз, банкноттун 50 пайыз көлөмү сакталса, анда банкнотту 50 пайыз номиналында алмаштырса болот. Мисалы, сиздин колуӊузда 1000 сомдун жарымы эле болсо, аны 500 сомго алмаштыра аласыз. А эгер акчанын 50 пайыздан кем көлөмү гана калса, ал банкноттор алмаштырылбайт.
– Айтмакчы, сиздин элди акча кармоо маданиятына үндөгөн чакырыгыӊызга кайрылсак. Дегеле, биздин өлкөдө элдин акча колдонуу маданияты барбы? Мисалы, Европа өлкөлөрүндө биздикиндей тешилген акчаларды жүгүртүүдөн көрбөйсүӊ. Элди кантип акчага аяр мамиле жасоого көндүрүүгө болот?
– Сиз туура байкадыӊыз. Европада жана башка өнүккөн өлкөлөрдө акча кармоонун маданияты жогору. Биз азырынча андай жогорку деӊгээлге жетише элекпиз. Бирок биздин эл дагы улуттук валютабыз – бул улуттун байлыгы деп аяр, сый мамиле жасарына ишенем. Ал үчүн ар бирибиз, үйдө же коомдук жайларда акчаны кор кармабай туура пайдалануубуз керек.
Эӊ биринчи кезекте, банкноттун жашоо мөөнөтүн узартуу үчүн аны бүктөп, тоголоктоп, чөнтөк же баштыкка салбай, дайыма капчыкка салып кармоо керек. Ал эми монеталарды капчыктын чөнтөгүндө кармоо ыӊгайлуу. Бул жөнөкөй эрежелер сакталса эле улуттук валютабыз узагыраак жүгүртүүдө болуп, элге кызмат кылмакчы. Кырсылдаган, боёк жыттанган жаӊы акчаны кармоо кандай жакшы таасир калтырат. Элдин акча кармоо маданиятынын төмөндүгүнөн Улуттук банк жылына 40 тоннадай эскирген, керектен чыккан акчаларды жок кылып, анын ордун жаӊы акчалар менен алмаштырып турат. Бул өлкөбүзгө өтө олуттуу чыгым алып келүүдө. Андыктан улутубуздун сыймыгы болгон сомубузга татыктуу мамиле жасап, анын колдонуу мөөнөтүн узарталы. Сомдун тагдыры ар бирибиздин колубузда. Элибизде сөз бар эмеспи, «эмнени кор кармасаӊ, ошого зар болосуӊ» деген, ошондуктан акчабызга аяр мамиле жасайлы. Ал эми эскирген, керектен чыккан акчаларды жаӊы акчага алмаштыруунун артында бир топ адамдын түйшүктүү эмгеги, анан да Улуттук банктын ага короткон чыгымдары турат. Андыктан ар бир жаранды акчага аяр, сый мамиле жасоого чакырабыз.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 654, 15-май-21-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан