Аида Касымалиева, журналист, алып баруучу: «ТҮЗ ЭФИР – БУЛ ДРАЙВ. СЕНИ КАДИМКИДЕЙ ТИРИЛТЕТ»

«Эртеӊ менен туруп медитация кылам, анан үч беттей күндөлүк жазам. Бул процессте мээде топтолгон маалымат таштандысынан суурулуп чыгып, ойлорум ачыкталып, сергип калам. Түнт адаммын, сырларым күндөлүктөн орун табат да, кийин баары өрттөлөт. Аз эле болду, 15 дептеримдин күлүн көккө сапырдым. Күндөлүк толтуруудан кийин Эркиндик бульварында сейилдейм. Таӊкы маал мен үчүн эӊ бактылуу мезгил. Күн ичиндеги пландарыӊды гана ойлонбостон, бүткүл жашооӊо көз саласыӊ...»
Көрүнүктүү журналист, илинери менен жүздөгөн лайк топтогон посттордун ээси Аида Касымалиева өзүнө таандык стилде кызыктуу маек куруп берди.

1984-жылы 7-августта Ош шаарында төрөлгөн.
2005-жылы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Эмгек жолун 2004-жылы «Азаттык+» жаштар берүүсүндө редактор болуп иштөө менен баштаган.
Учурда «Ой ордо» берүүсүнүн алып баруучусу.

– Аида, сизди адегенде «Азаттык+», «Ыӊгайсыз суроолор», эми «Ой ордо» ток-шоу программасынын алып баруучусу катары көрүп жатабыз. Эфирди сагыныптырсызбы?
– Ооба, эфир ушундай бир драйв жана энергия берет, өзүӊдү кадимкидей тирүү сезесиӊ. Сен атактуу болуп же сени өлкөнүн башкы телеканалынан көрсөтүп жаткандыгы драйв тартуулабайт. Бул экинчи катардагы маселе. Москва, Прага, эл аралык журналистика жана эл аралык уюмдарда иштеген соӊ КТРКдагы жумушка башкача карап калат экенсиӊ. Бой көтөрүп кароо эмес, сен болгону ишиӊди профессионалдык деӊгээлде аткаргыӊ келип калат. Түз эфир сыйкырдуу аянтча сыяктуу. Бардык дарманыӊды алып, сага андан да чоӊ бир күчтү кайтарып берет. Түз эфирде ар бир секунд колуӊда болот, сен ал убакыт аралыгына өзгөртүү киргизе аласыӊ, андай мүмкүнчүлүгүӊ кийин болбойт. Эфирге кайтуу – бул жан дүйнөмдөн чыккан импульс жана үн болсо керек. Ал телеканалды башкарууга Илим Карыпбеков келгенде жаралды.
Супер командага туш болдум. «Ой ордо» ынтымактуу жана эмгекчил топ деп айткым келет. Эфирдин экинчи аптасында эле кичинекей сыноо күтүп турган экен. Техникалык маселелерден улам эфирге чыгуу убактысы чукул өзгөрүп кетиптир. «Интерньюстун» кеӊсесинде отургам, продюсер чалып «50 мүнөттөн кийин эфирге чыгасыӊ» деди. КТРКга учуп жетип бардым. Мени шаша-буша боёп жатышты, редакторлор суроолорду карматып, ассистенттер туфлисин кийгизип, продюсер кара пиджагын берсе, Алмаз Касымалиев валерьянка карматты. Эӊ башкысы, эфир сонун өттү. Баарынан кызыгы, мындай окуялар ТВда дээрлик күн сайын болуп турат.
– Билишимче, азыр үч жумушту бирдей аркалап жатасыз. Кантип үлгүрөсүз?
– Журналисттерге жардам берген «Интерньюс» эл аралык уюмунда, укук жана өнүктүрүү боюнча IDLO эл аралык уюмунда медиа-консультант болуп иштейм. Жаш журналисттер үчүн тренингдерди өткөрүп турам. Иш канчалык көп болсо, ошончолук баарына үлгүрүп-жетишүүм да күчөйт. Каттарга дароо жооп берем, бүгүн кыла алчу ишти эртеӊкиге калтырбай, колуӊдан келбей турган жумушка жок деп айтып, керексиз жолугушуулардан баш тартам. Күнүнө 6-7 саат уктайм, эс алуу күндөрүм дээрлик жок. Өмүрүмдө көп кызыктуу адамдарды кезиктирип, алардан жаӊы маалымат жана тажрыйба алам. Мага ушундай жашоо өткөрүү жагат.
– Орусияда «патриоттордон» запкы жеген Сапаргүлдүн окуясын биринчилерден болуп көтөрүп чыктыӊыз эле. Москвадагы иш тажрыйбаӊыздан калган кайсы элести эч качан унутпасам керек дейсиз?
– Ооба, Сапаргүлдү унутпайм. Анын байланыштарын да жоготуп алдым, азыр издеп жатам. Ошондой эле Москванын аянтында фашисттерге каршы акцияга чыккан күнүм эстен чыкпайт. Ошол күндөгү эрктүү жана баарына кол шилтеп койбогон кыз менен сыймыктанам. Бүгүн да мен ошондой баатырдыкты көрсөтө алат белем, билбейм.
– Жазуучулукту сүйгөндөрдүн чөйрөсүндө таанымалсыз. Фишкаӊыз – ой-толгоолоруӊуздан турган посттор. Жазууларыӊыз тууралуу кандай кептерди угасыз? Китебиӊиз даяр болоюн деп калдыбы?
– Чоӊ рахмат. Жаныма чейин басып келгендер мени Фейсбуктагы постторумдан улам таанып билишет. Көбүнчө саясатчы сыяктуу олуттуу адамдар ар бир жазуумду чыдамсыздык менен күтүшөрүн айтышат. Постторум алар үчүн да маанилүү экендигин, ошол эле сезимдерди башынан өткөрүп жатышкандыгын айтып, ыраазычылык билдиришет. Биз баарыбыз адамбыз жана сезимталбыз. Мен да жазуу меники экенин түшүнөм. Жазуу мен үчүн эмгек же атайын деле эмес, ырахат алуу. Кимдир бирөө үчүн да эмес, жөн гана эргүү келгенде жазып турам.
Китепке келсек, аталышы – «Кара кыз». Китеп сүйүү жана аялдын тагдыры тууралуу. Ушуну гана айта алам. Аны басып чыгарууга батынышым керек болуп жатат. Ушуга чейин оӊдоо киргизүү менен убарамын, чыгармам өтө жаман жазылгандай туюла берет.
– «Балалыктын «орус жөө жүрүшү» деп аталган жазууӊуздун каарманы болгон кызыӊыз Берметтин айынан мигранттардын балдарына катуу кейигенбиз... Ал эмнеге кызыгат?
– Кызым 9 жашта. Сүрөт тартат, комуз чертет. Кээде эртеӊ менен көзүн ачып алып эле комуз чертип кирет. Мен кызым менен гана калкыбыздын өнөрлүү экенин, сөз мененжеткире алгыс лирикалык обондорубуз бар экенин түшүндүм.
– Туулган жериӊиз Ош шаарына барып калганда биринчи кай жакка шашасыз?
– Ата-энемдин үйүнө шашам. Алар менен чогуу жашаган, мени дайыма күткөн агамдын балдарына. Апам эӊ жакшы төшөктөрүн төшөп, жеӊем эӊ даамдуу тамактарын бышырып күтүп алат.
Ош – менин ата-тегим. Жаш өткөн сайын түп-тамырыӊды издеп, туугандар менен катышты бекемдейт экенсиӊ. Балалыгымда Кара-Кулжадагы жайлоодо көп убакыт өткөргөм. Дайыма Калинин (азыр Сары-Булак) айылына баргым келе берет, таза абадан жутуп, таятам менен таенем тосуп алып, кой союп берген күндөрдү сагынам. Алардын кайтыш болуп кеткенине көп болду, ошентсе да түшүмө көп киришет.
– Биринчи тапкан акчаӊызды эмнеге короттуӊуз эле?
– 12 жашымда жайкы каникулда атам менен Оренбургга бардым, биз соодагер болчубуз. Атам «Дордойдон» товар ташыса, мен аны сатчумун. Колумдан бул иш жакшы келчү, сатуу боюнча рекорд коёр элем. Кийинки жылы да бардым. Сентябрь жакындаганда атам «акча чогултсак, сени үйгө жөнөтөбүз» деди. Бирок сентябрга жакын соода кызыйт эмеспи. Анан эле августта Орусияда дефолт болуп, тапкан акчабыздын баары үч эсеге азайып калды. Ага Волга 3110 сатып алдык. Мен ошол Волганы карап алып, биз мындан үчтү алмакпыз деген ойго батып, кейий берчүмүн.
Азыр акчаны өтө жакшы көрбөйм. Сарамжал да эмесмин. Жакында эле ак эмгегим менен тапкан акчама, айлыгыма үй сатып алдым. Эми кызымдын окуусуна жана саякат кылууга акча топтоп баштасам керек.
– Өзүӊүздү башкаларга үлгү катары санайсызбы?
– Жок, ар бир адамдын өз жолу жана тажрыйбасы бар. Ал тажрыйба көбүнчө башкаларга жукпайт. Ар бир адам өзү үчүн үлгү болуп жашашы зарыл го. Башкаларга өзүмдү салыштыруудан да алысмын, баарыбыз уникалдуубуз.
– Кайсы тарыхый инсан сизге кызыктуу?
– Курманжан датка. Балдарын, өмүрлүк жолдошун жоготкондо, оор кырдаалда чечим кабыл алып жатканда Курманжан эмнелерди ойлоду экен? Жакшы көрбөгөн күйөөсүнөн качкандачы? Баары бүтүп, карыганда айрым чечимдери үчүн өкүндү бекен, өкүнсө, өзүн кантип сооротту? Бул суроолорго жоопту китептерден да, Садык Шер-Нияз тарткан тасмадан да таба алган жокмун. Мен тарыхый жана саясий инсандын эмес, жөнөкөй аялдын ички сезимин билгим келет.

"Азаттык+" программасында иштеп жүргөнүмдө. Жанар Акаев жана башкалардан турган командабыз менен көптөгөн кызыктуу берүүлөрдү даярдадык".

Эльвира Караева
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
perichte
2015-05-18 21:35:34
Азаматсын,ийгилик каалайм!
+1
sekelek96
2015-05-19 00:25:17
Видеосу жокбу?
0
admin_media
2015-05-19 11:41:33
sekelek96, саламатсызбы! Тилекке каршы жок.
0
Umar01
2015-05-19 02:27:44
Супер классташ!!!
0
ROZI
2015-05-19 11:52:28
Жакшы журналист! 555+!!!
+1
bazarkyl
2015-05-19 13:36:31
Ынгайсыз суроолор программасынан т эки чиновникти уруштуруп коюп карап турганда.
0
Orozbek
2015-05-19 16:33:35
Ийгилик эже, сиз баскан жерге озу чоп чыгат...
0
historic
2015-05-19 16:57:56
Аида Касымалиева менен Супер инфонун кабарчысы Эльвира Караеваны аябай окшоштура берем. Ой жугуртуусу, жазгандары, муноздору, баары окшоштой. Маек берген жана маек алган адамдар бири-бирине топ келишип, мыкты маек болуптур! Ийгилик экоонорго тен!
+2
Adilet93
2015-05-19 20:17:35
Аааайй ииийй жаш кездеги чач кантет я)))
-1
gumi94
2015-05-20 14:17:20
Жакшы интервью бериптир
+2
jypar.i
2015-05-20 21:42:43
Азаматсың Аида сиңдим, сага көптөгөн ийгилик каалайм, жана бар бол,бактылуу бол. Менин силердин берүүңөргө кайрылгым келип жүргөн,кантип байланышсам болот
0
april
2015-05-21 10:34:14
Аида эже Сиздин твиттердеги твиттеринизди дайыма окуйм, жонокой создор менен жазылып оной окулат.
0
april
2015-05-21 10:36:16
Курманжан датка энебиз боюнча ой толгоонуз жакты, ар бир эле адам мынчалык ой жугуртпосо керек. Чыгармачылыгынызга ийгилик!!!
0
NASIKA96
2015-05-22 17:20:09
Маек жакшы болуптур.
0
men_da_kattaldym_xexe
2015-05-24 13:09:33
Кыргыздын сыймыктанчу кыздарынын бири!
0
bakyt9
2015-05-25 07:50:34
Студияга келген коногуна суроо берет дагы жооб бергиче кайра оозунан созду жулуп алат. Ой ордону алпарганыда жакпады гейлердинижактоочусу болуп алыптыр.
0
№ 654, 15-май-21-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан