Келбети жапжаш, кыздары менен курбалдаштай көрүнгөн, учурда «Сармерден» көрсөтүүсүнүн көркүн ачып жүргөн Гүлбү Ороскул кызынын үйүнө бардык. «Конок тоскондон ырахат алам» деген ырчы бизди кучак жая тосуп алды.
ЧАЙ МАЕК
– Гүлбү эже, бул үйдү өзүӊүз алдыӊыз беле же мурунку жолдошуӊуз кыздарыӊызга таштап кеткенби?
– Кайдан, ажырашканда мен үйдү Элмирбекке таштап, кыздарымды эле алып чыгып кеткем. Жанталашып тигүү цехин иштетип жүрүп 7 жыл мурун ушул үйдү алгам. Аларым менен дароо оюмдагыдай оӊдоп-түзөө иштерин жасап, кир кургатуучу жерди да кошуп өзүнчө бөлмө кылып койгонбуз. Ал жерде менин концерттик формаларым, тигүүчү машинем орун алган.
– Үй тандаганда эмнесине карадыӊыз эле?
– Мен эӊ эле биринчи кыздарымдын мектебине жакындыгын эске алгам. Анан 106-сериядагы үйлөр кенен болот эмеспи. Ошондой эле үйдүн аурасы мени өзүнө тартып алды десем болот.
– Чын эле батириӊиз кенен экен, куда тоссоӊуз да кыйналбайт турбайсызбы?
– Ооба, кыздарым бой жетип калды, куда тосчу күн да жакындап калгандай. Учурда кыздарыма арнап, шаардын четирээк жагына чоӊ 2 кабат үй салып жатам. Өзүм сыртымдан назик көрүнгөнүм менен, анча мынча эркектерге салыштырмалуу эркегирээкмин. Үйдө эркекке тиешелүү жумуштарды өзүм эле бүтүрүп салам, мык кагып, ток улап дегендей.
– Ошондуктан көп ийгиликтерди жаратып жатсаӊыз керек. Алдыдагы концертиӊизди ойдогудай өткөрүп алыӊыз!
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg