«2-РОТА» ЖЫЛДЫ ЧЕМПИОНДОРЧО АЯКТАДЫ

Күлкү – ден соолуктун мүлкү

19-20-декабрда Спорт Ордосунда “Тамашоу” лигасынын кезектеги оюну өткөрүлдү. Салт боюнча чейрек финал дагы 2 курмандыгын тандап алды. Ошентип, быйыл сезонду жарым финалдан 10 команда улантмакчы.

СЮРПРИЗДЕН “ТАМАШОУ” ДА КУРУ ЭМЕС
Биринчи күн күтүлбөгөн жаңылык менен башталды. Оюнду ачып жатып алпаруучу Эрмек Нурбаев: “Даярдыгы начар болуп калгандыктан, КМКТАУнун “Весёлый строитель” командасы бүгүн оюнга катышпайт. Алар сезондон учуп кетишти”,- деп билдирди. Андыктан бул күнү оюндун башында эле калган 5 команда автоматтык түрдө жарым финалга жолдомо алышты. Алар жолдомо үчүн эмес, күйөрмандар үчүн гана сонун оюн коюшту.
Ал эми 2-күнү айыгышкан күрөш жүрүп, таш боор чейрек финалдын курмандыгына Тоо-Кен институтунун “Алтын кен” командасы айланды. 1-күнү жеңүүчү деп учурдагы чемпион “2-рота” командасы табылса, экинчи күнү 1-орун “Жигиттер” командасына буюрду. Ошентип, “Тамашоунун” быйылкы сезонунун жарым финалына төмөнкү 10 команда жолдомо алышты. Эми биз күткөн тамашаны март айында көрө алабыз.

“Юристтер“, “Ак-Өргө city”, “Саяктар”, “Достук”, “Ак Кеме”,
“Не дай бох”, “2-рота”, “Чез”, “Юрский период”, “Жигиттер”

МЫКТЫ ТАМАШАЛАР:

“Ак-Өргө city”
Нурлан Мотуев менен Алькамиль “Кош жылдыз” теледолбоорунда чогуу ырдап чыгышты. Ыр аткаруу учурунда Мотуев Алькамилди басып жыгылган. Учурда Нурлан Мотуев дарыканада. Алькамилди карап жатат.

“Саяктар”
Нарынга сапар алган учактын учкучу жүргүнчүлөргө кайрылып жатат: “Эскертүү: Салондун ичинде тамеки чегүүгө, арак ичүүгө жана кой союуга тыюу салынат!”

“2-рота”
– Эгерде «Тамашоучулардан» команда куралып, футбол ойношсо кандай болмок?
– Анда “Ак-Өргө city” командасынын жигиттери чабуулда ойношмок. Алар атаандаштарын “болевой-солевойго” тартып, “прогив-срогивге” салып, көтөрүп чаап оңой эле гол киргизишмек. Ал эми коргонууга “Саяктарды” коюш керек. Анткени аларга кой союп бермейинче дарбазасына эч кимди жолотушпайт. Дарбазага болсо “Юристтерди” койгон оң. Аларга гол киргенин “попробуй, докажи”. “Чездин” орду – жарым коргонуу. Бирок топту алар кайда тебишет, “чёрт его знает” (“Чез”).

РАЗМИНКАДА ЖАРАЛГАН ТАМАШАЛАР:

“Саяктардан” суроо: – Кыргыз кыздарынын жашоосунда 2 гана суроо болот: Биринчи мен кантип турмушка чыгам? Жана ушул “сыволуч” менен кантип жашайм?
“Чез”: – Ушул кызды алган жигиттерде 1 гана суроо болот: “Эмне үчүн мен?”
“2-рота”: – Биз дагы бир суроо ойлоп таптык. Нарындыктар тажаганда “о, Кудайдын кудурети, кудагыйдын портрети” дешет.
“Юристтерден” суроо: – Жаңы жыл күнү түнкү саат 12де свет өчүрүлөбү?
“Ак-Өргө сity”: – Ак-Өргөдө «по-любому» өчүрүлөт.
“Саяктар”: – Свет? Свет деген эмне, ыя?
“Ак кеме”: – Мен оштукмун, Бишкекте төрөлгөнмүн. Улутум ким? Эми суроо: Кыргызстанды эмне үчүн башка улуттар Киргизия дешет?
“Юрский период”: – Сен оштуксуң, Бишкекте төрөлгөнсүң, улутуң кыргыз, жооп болсо жок.
“Не дай бох” (Владимир деген жигити чыгып): – Досум, капаланба, орустар айта беришет.
“Юрский период”: – Алты киши отурган, бири упай санаган. Биринин чачы саксайган, бири БМВ айдаган. Бирөө кино көп тарткан, дагы бирөө рэп айткан. Бирөө бозо ичпеген... Мунун баары ким экен?
“Не дай бох”: – “Ак жол” партиясы.
“Достуктан” суроо: – Учурда кризис. Жумуш табуу кыйын. Айткылачы, бай болуш үчүн канча бөтөлкө чогултуу керек?
“Юрский период”: Калыстар тобуна: – Урматтуу калыстар, суусундуктарды ичип бүткөндөн кийин бөтөлкөлөрүн берип койгулачы, мобул байкушка.

Базарбек Абдураимов
tamasha@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 373, 25-31-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан