«НЕБЕРЕМДИ ӨЛТҮРҮП, АСЫП КОЮШКАН»

«...Баарынан да аскер жетекчилигинин «ата-энеси ажырашкан балдардын тагдыры акыры баары бир ушундай бүтмөк» деген сөзү менин каӊырыгымды түтөтүп, сиздерге кайрылуума аргасыз кылды. Неберемди аскер кызматын өтөп жүргөн жеринен белгисиз бирөөлөр асып кетишип, азыркыга чейин күнөөлүүлөр табылбай жатат». 18 жашында көз жумган катардагы жоокер Кубаныч Ногойбаевдин чоӊ энеси Замира Ногойбаева бирде ыйлап, бирде ачууланып жалгыз медерин жоктоп отурду.

«БИР КҮН МУРУН ПАСПОРТУН СУРАП ЧАЛГАН»
– Уул-келиним неберем Кубаныч 1-класска барганда ажырашып кетишкен. Неберем өзү каалап апасын ээрчибестен биздин колдо чоӊойду. Ал мектепти аяктаган соӊ «аскер кызматын өтөйм» деп калды. Анан бат эле аскер комиссариатына барып, кызмат өтөөгө тизмеге жазылып келиптир. Ошентип 2014-жылдын 25-октябрында Бишкектен Оштогу 2024-аскер бөлүгүнүн «Төө-Моюн» чек ара тозотуна кызматын өтөөгө кетти. Жаӊы жылдын алдында байланышып, «1000 сом бериӊиздер, акча керек болуп жатат» деп калды. 10-январда да телефон чалып, «апа, паспортумду салып жибергиле, бул жактан биометрикалык маалыматтарды тапшыргыла деп жатат» деди. Себеби ал аскерге туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен эле кеткен болчу. Эртеси күнү, 11-январда паспортун салып жиберели деп жатсак аскер бөлүгүнөн эртеӊ мененки саат 8:30да телефон чалып, «балаӊар күзөттү таштап кетип дайынсыз болууда, таппай жатабыз» дешти. Кандайча?! Кечинде эле мага паспортту салып жибериӊиз деди эле го деп ызы-чуу түшүп калдык. Саат 15:00гө жакын так дарегибизди сурап дагы чалышты.

«ЧҮРПӨМДҮН КАЙТЫШ БОЛГОНУН УГУЗУШТУ»
– Көп өтпөй Свердлов райондук аскер комиссариатынан, домкомдон кишилер келип неберемдин кайтыш болгонун угузушту. Муунуп калыптыр, экспертизадан өткөрүүгө уруксат бергиле дешти. Макул деп кол коюп бердик. Баламды эртеси күнү, 12-январда саат 10дордо Оштон алып келишти. Оштон эксперттер текшерип, «асынганга чейин денесине эч кандай оор залал келтирилген эмес» деген бүтүм чыгарышыптыр. Бул чечимге макул эместигибизди билдирип, көз карандысыз эксперттерди жалдадык.
Неберемдин сөөгүн алып келгенден кийин аскер бөлүктөгүлөр «түштөрдө, 11лерде чоочун бир үйдүн дааратканасынан таптык», «талаадагы бир бакта асылып турган жеринен таптык» деп ар кайсыны айтып жатышты. Атасы Ошко барып ошол жактагы күбөлөрдөн сураса, талаанын четиндеги бакта тизеси бүгүлүп, желкесинен асылып турган жеринен 11-январь күнү эртеӊ мененки саат 8 жарымда көрүшүп, чек ара тозотуна билдиришкенин айтышыптыр.

«ЭКСПЕРТТЕР ЭКИ БӨЛӨК ЖЫЙЫНТЫК ЧЫГАРЫП БЕРИШТИ»
– Ошентип Бишкектеги көз карандысыз эксперттердин жыйынтыгы чыкты. Алар асылганга чейин эки саат мурун башына туюк нерсе менен сокку урулганын аныкташты. Баланын кокосунда эч кандай жиптин изи жок. Буту жерге тийип, бүгүлүп турган экен. Ал эми моюну артка кетип, башы чалкалап, асынган жиби желкеси аркылуу өткөндүктөн ошол желкесине жип матырылып калыптыр.
Бул окуядан кийин аскер гарнизону өздөрүн акташ үчүнбү билбейм, неберемдин бир кыз менен сүйлөшүп жүрүп, ошол кызынын айынан асынып алгандыгын айтып чыгышты. Бул версия дагы чындыкка дал келбей койгондонбу, кайра «баланын ата-энеси ажырашып кетиптир, ошого капа болуп асынып калды» дешти. Айтор, түрдүү версияларды айтып чалынышты.
21-февралда бул окуя боюнча эч кандай кылмыш иши козголбогондугун, Кубанычтын өлүмүнө эч ким себепкер эмес жана шектүүлөр да жок экенин айтып, аскер прокуратурасынан кат жөнөтүштү. Кантип кылмыштын курамы жок? Кечээ эле биометрикалык каттоодон өтөм деп паспортун сурап жаткан балага жарым күндө эле эмне болуп кетти деп акыйкаттык издей баштадык. Окуя массалык маалымат каражаттары аркылуу элге тарады. Атүгүл Бакыт Жылтыров аттуу чек ара кызматынын жетекчилеринин бири маалымат жыйын өткөрүп жатканда неберем тууралуу «Ал баланын ата-энеси ажырашып кеткен экен. Ошого арданып муунуп алыптыр. Ата-энеси ажырашкан балдардын тагдыры акыры жүрүп ушинтип аяктамак» деп жатпайбы. Мындан улам гарнизон кызматкерлерине аябай ачуум келди.

«ЧЕЧИМГЕ МАКУЛ ЭМЕСПИЗ!»
– Акыры Бакыт Жылтыровдун биздин үй-бүлөгө шек келтирип, ушундай келжирек сөздөрүн айткандыгы үчүн, экспертиза сабалгандыгын жашырып, өзү муунган деп чыгарып бергендигин, аскер прокуратурасы окуяда кылмыштын курамы жок деп ишти жаап салгандыгы үчүн Бишкектеги аскер прокуратурасына жана башкы прокуратурага арыз жаздык. Жообун күтүп жатабыз.
Кылмыш ишин жашыруу үчүн неберемдин өлүмүнө себепкерлер ар түрдүү аракеттерди жасагандыгын байкоого болот. Чөнтөгүнөн эскирген кагазга башка эле бирөөнүн кол жазмасы менен жазылган сүйүү тууралуу ырларды, Кыргыз Республикасынын Гимнин жана маки таптык деп беришти.

«АРЫЗДЫ ЭКИНЧИ ИРЕТ КАРАП ЖАТАБЫЗ»
Ош гарнизонунун аскер прокурору Өмүрбек Эрматов окуя тууралуу буларды билдирди:
– Биз бул арызды экинчи ирет карап жаткан чагыбыз. 2015-жылдын 11-январында №2024-аскер бөлүгүнүн «Төө-Моюн» чек ара тозотунун аскер кызматкери, катардагы жоокер Кубаныч Ногойбаев асынып алды деген маалымат келип түшкөн. Биздин ыкчам топ окуя болгон жерге барып, чек ара тозотунан 3 чакырым алыстыкта жайгашкан талаада асылып турганын көрүшкөн. Маркумду чечип, тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзгөн соӊ күбөлөрдүн катышуусу менен тинтүү жүргүзүп, сөөктү жакындарынын уруксаты менен Ош шаардык соттук-медициналык экспертизасына текшерүүгө бердик. Алар жоокердин бирөөлөр тарабынан эмес, өзүн-өзү асып алгандыктан каза тапкан деген жыйынтык чыгарышкан. Кубаныч Ногойбаев менен бирге кызмат өтөгөн бир нече катардагы аскерлердин түшүнүк каттарынын жана соттук-экспертизанын жыйынтыгынын негизинде окуяда кылмыштын курамы жок деп таптык.
Кылмыш ишин козгоодон баш тартылгандыгы тууралуу жакындарына да кайрылуу жөнөткөнбүз. «Күбөлөр сөөктү саат 8де көргөн, саат 11де араӊ бизге чалды» деген туугандарынын нааразычылыктарын төмөнкүчө түшүндүрсө болот. 10-январь түнү катардагы жоокер Ногойбаев күзөт нөөмөтүндө турган. 11-январь күнү таӊкы саат 7де анын күзөт ордунда жок экенин байкашкан. Өз алдынча издеп таппай коюшкан соӊ ата-энесин окуя тууралуу кабардар кылалы деп Бишкекке байланышышкан. Ал учурда Ногойбаевдин асынып турганын талаада иштеп жүргөн айыл тургундары байкап, тозоттун зардалдарынын телефон номерлерин таап, кабар бергиче убакыт өтүп кеткен. 11:00 чамасында биздин кызматкерлер окуя болгон жерге жетип, тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүп, ата-энесине чалып, сөөктү алып баруу үчүн дарегин тактап жатышты. Анын үстүнө суук кабарды жакындарына угузуу оӊой эмес, бул үчүн жергиликтүү аскер комиссариатынан кызматкерлерге байланышып, анан алар угузушту. Азыр окуя боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат. Ага убакыт керек.
Аскерде кызмат өтөө учурунда мындай окуялардын канчасы болуп жатат дейсиз? Жогорудагыдай окуялар Кыргызстанда аскер кызматын өтөө өтө кооптуу деген ойду күчөтүүдө. Бир куту чылым, бир насыбай үчүн улуу чакырыктагы аскерлер кичүүлөрүн тепкилеп, кордук көрсөтүп, түрдүү ыкмалар менен кыйнап келишери көпчүлүккө дайын. Айтор, чек араны бекемдеп, өлкөнүн тынчтыгы үчүн даяр болчу аскерлерибиз кызматка барып эр жүрөктүккө үйрөнбөй эле, кыйноого салган ур-токмоктон коркуп жатып, тескерисинче, жүрөктүн мизин кайтарып келишеби деп кооптоносуӊ.

Көз карандысыз эксперттер маркум каза тапканга чейин токмоктолгондугун аныкташкан.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Аскерден неберемди өлтүрүп, сөөгүн салып жиберишти"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
AIZAD
2015-05-19 13:48:40
Дагы комускодо калбаганына супер инфого рахмат!
0
mirlaane
2015-05-19 17:02:48
кайтар дунуйо ким кимди ызылдатса озу ызылдайт ойлонуп иш кылалы адам баласы!
+2
mani
2015-05-19 23:28:56
Азыр женил болуп калды служба биз служба кылган учурда 2003-2005 жылдары ужас ошолмалда болчу. Дембилдер гержовой отук менен баштан ары чапканда мээн тескери айланып калчу. Азыр берса
0
Perijan
2015-05-20 02:50:31
Жумушунан бошотулду дейби, эмне деген кеп бул (((Жазаны ким алат, аларды да убада менен бошотсо керек, сен чыгып тур башка болумго которуп коем деП. Армия десе балдарын, ата -энелердин журогу чыгат, армияга барбаса ким коргойт, кантип олкобуз онолот... Ошондуктан да онолбойбуз, ушундай кесепеттердин айынан, тартип, чындык жок. Озундон башкага ишенбей турган заман болуп калды
+1
chanel11
2015-05-20 17:43:06
Perijan,армия да өлкону коргогонду уйротпой калды го кантип зөөкур адам болуш керек ошого тарбиялап калышты .
+1
ALBIKA
2015-05-20 02:55:33
Аскер кызматын отоодо бир Гана ал жердегилердин куноосу эмес,кызмат отоп жургон аскерлердин озундо да куноо бар го.Эмне дедовщина деп эле озунон кичилерди олтургончо кордой бергени акмакчылык го.Эмне алар сага душманбы,же атан-апандын очун алып аткандай кордой бергенден кимге пайда.Кыргыздар бири бирибизди тукум курут кылабыз го,мындай кылыктарыбыз токтобосо.Оо биздин колго кичине бийлик тийсе адамдык сапаттан чыгып кетебиз го...Бийликтегилерибиз баш болуп...


0
KGstan81
2015-05-20 13:41:02
Тоо-Моюн чек ара тозоту Араван р-нунда жайлашкан.Озбекстан м-н чектешет.Атамбаев м-н Жолдубаева тез ара ичинде куноолурду жоопко тартышы керек.Жыл сайын аскерлерибиз ич ара чатактан олуп жтышат ал эми кунокорлор куносуз калып жатышат.Эгерде бул энебиз пусть говорятка кайрылса Атамбаевтин,Жолдубаеванын абройлору тушуп кетет.
+1
KGPRESIDENT
2015-05-20 15:21:54
АЛЛАХЫМ сизге жардам берет.
0
chanel11
2015-05-20 17:32:07
Мындай окуяларды коруп олтуруп АРМиЯнын кереги деле жок болуп калды окшойт деп ойлойсун .ал жакта канди адамды уруп согуп анан асын акырында комп койгондон башканы уйротпой калыштыго
0
chanel11
2015-05-20 17:35:50
кантип адамды ТУУРА АСКАНДЫ да жакшылап уйротуп койушпаптыр мунусунда окшошпой калыптыр баланын бутужерде турат ко анан ошондой абалда кантип олду деп тан каласын .ошон ушун эми балдарды тутура асканды да уйротуп койсонор озунор кийин кыйналбайсынар зоокурлор
-1
chanel11
2015-05-20 17:38:15
ГУлмира Борулбаева дегени кыргызча суйлой албай калыпппы .ххх же чачын сарыга бойосо эле кыргызча суйлогонду унутуп калат бекен
0
Nuranna_93_kg
2015-05-21 02:42:17
Мындайларды коруп ким армияга жиберет балдарын?!Жакында эле иним барам деп тополон кылганынан коптоп урушуп жибербей койдук.
Байкуш чон энесине эле кыйын болуптур,эрезеге жеткирип эми кызматын короор маалда...(((
0
4ok4oloi
2015-05-21 17:21:36
Эненин коз жашын коруп журогум ушунчалык эзилди башка соз жок
0
Dalil
2015-05-22 22:18:55
Азыр онуккон заманда жашап жатабызго. Баарында эле телефон бар. Суротко тартып алса керек ошол эксперттер. Корсот ошол суротторду деп талап кылыш керек эле. Моюнунан асылганбы же желкесиненби анык корунмок
0
taalai.torkent
2015-05-23 11:01:57
закондун иштевегени бул жерде экспертизасыле эки башка чыкканы ойду болот
0
men_da_kattaldym_xexe
2015-05-24 13:39:32
карга карганын козун чукубайт болбой ким кылганын таап козун чукуп койсо адилет болмок, эми ошол кылмыш кылган адам эмес аны жашыргандарга да кудай жазасын берсин!
0
№ 654, 15-май-21-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан