ЧОКМОРОВ БАШКЫ РОЛДУ ОЙНОГОН "ЖЕТИНЧИ ОК" ТАСМАСЫН КӨРСӨТҮҮГӨ ӨЗБЕКСТАНДА ЭМНЕГЕ ТЫЮУ САЛЫНГАН?

«Кыргыз өӊү Чокморовдун өӊүндөй» деп келбетине таланты жуурулушкан инсанга суктанып айткан акындардын сөзү бекеринен эмес. Али Хамраев тарткан «Жетинчи ок» фильминде башкы образга алынып калышына биринчи кезекте Сүймөнкулдун келбети роль ойногонун кинорежиссёр жашырбайт. «Аны биринчи жолу «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» фильминен көрүп, чыныгы эркектик келбетти, сейрек кездешүүчү талантты байкадым, ошондон кийин башкы ролго чакырдым», - дейт Хамраев. Төмөндө «Жетинчи ок» тасмасы жана аны тарткан Али Хамраев туурасындагы сөз орун алсын.

Жанры – Боевик, вестерн
Режиссёру – Али Хамраев
Сценарийин жазгандар – Андрей Кончаловский, Фридрих Горенштейн
Оператору – Александр Панн
Тарткан өлкө – СССР, «Өзбекфильм» киностудиясы
Тартылган жылы – 1972-жыл
Ролдордо – Сүймөнкул Чокморов, Дилором Камбарова, Хамза Умаров, Нурмухан Жантурин, Талгат Нигматулин, Болот Бейшеналиев жана башкалар

СЮЖЕТИН ЭСКЕ САЛАБЫЗ
Советтик доор келиши менен Орто Азияда басмачылар менен кармаш катуу күч алган. Кинорежиссёр Али Хамраевдин кыргыздын кайталангыс таланттуу уулу Сүймөнкул Чокморов башкы ролду ойногон «Жетинчи ок» тасмасы мына ошол жылдарга барып такалат. Райондун борборунан келген отряддын командири, милиция кызматкери Максумов кол алдындагылардын баарынын басмачы Хайрулла тарапка өтүп кетишкенин көрөт. Отряд жайгашкан жерге келсе, жалгыз гана Хашимов калган. Аӊгыча паранжы жамынган Айгүл аттуу жаш кыз жакында Хайруллага аял болорун, аны беш-алты адам келип алып кетерин, куткарып калуусун өтүнүп Максумовго келет. Кыз кеткен соӊ командир тапанчасына алты ок салып, жетинчисин Хайруллага багыштап фуражкасынын ичине катып алат. Андан соӊ отрядын куткаруу максатында Хайрулланын колуна түшүп берет. Отрядына кайрылып, басмачылардын күнү жакында бүтөрүн айтса, ага ишенбегендер командирин баса калып тепкилешет. Ошентип Максумов достору Исмаил, Хашимовдун жардамы менен душмандарын талкалап качып чыгат. Биринчи аялы менен качып бара жаткан Хайрулланы командир чын эле катып койгон жетинчи огу менен жайлайт. Эӊ өкүнүчтүүсү, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек Айгүлгө да ок жаӊылат.

РЕЖИССЁР КИНО ТУУРАЛУУ...
«Жетинчи ок» шедеврин жараткан кинорежиссёр Али Хамраевге 16-майда Бишкекте өтчү «Ак илбирс» улуттук киносыйлыгынын тапшыруу аземинде «Дүйнө кинематографиясына кошкон салымы үчүн» сыйлыгы тапшырылат. Бул күндү утурлай биз кинорежиссёр менен интернет аркылуу байланыштык. Баарлашуу ары кызыктуу, ары динамикалуу болду. 78 жаштагы режиссёрдун Түркиянын, Орусиянын аэропортторунан кат жазууга үлгүрүп жатканын, алдыда дүйнөнүн ар бурчунда жасай турган иштери пландалганын, жаштардай эле интернет айдыӊында активдүү экенин билип, ыраазы болдум.

– «Жетинчи ок» фильмин көргөндө оюӊузга эмне түшөт?
– Ал кинону карап отуруш мен үчүн оор. Башкы ролду ойногон Сүймөнкул Чокморов, Болот Бейшеналиев, сценарийин жазган Фридрих Горенштейн азыр жок. Бир кездеги жоро-жолдошторду эскерип, улутунуп алам. Ошол эле учурда сүйүндүргөнү – алар экранда өмүр бою жашашат.
– Ал кинону азыр тартсаӊыз кандай болот эле?
– Америкалык мыкты каскадёрлорду алып келмекмин. Фильмди тартып жатканда менде 3 гана каскадёр бар болчу, алар деле жыргатышкан эмес, дайыма мас абалда жүрүшчү. Бардык мушташтарды өзүм койгом. Анда менин жалындаган жаш курагым, жаӊычылдык киргизгим келип, изденүүдөн чарчачу эмесмин.
– «Чокморов трюктарды өзү аткарчу» дешет, ошондойбу?
– Ооба, ал дублёрдун аткарганына ыраазы болчу эмес. Бардык трюктарды өзү аткарган. Жадакалса Сүймөнкул минип киного тартылган аты да ага көнүп алган, дайыма жанында жүгөнсүз жүрө берчү. Кино тартылып бүткүчө Сүймөнкул экөөбүз эски үйдө чогуу жашадык. Короодо жылдыздардын алдында бир топко сүйлөшүп, анан уктачубуз. Эртеӊ менен сууга түшүп келип, ысык тандыр нан менен чай ичип алып съёмкага жөнөчүбүз. Съёмкада кичинекей уулу Бактыгул да чогуу жүрдү.
– «Тартуу учурунда Чокморовду массовка катуу тепкилешкен, ошондон улам оорусу күчөп кеткен» деген имиштерге кошуласызбы?
– Катуу сабалган дегенге кошулбайм, гриммдин жардамы менен ошондой образ көргөзгөнбүз. Бул съёмкадан он жыл өткөндө көз жумду. Сүймөнкул экөөбүз бир туугандай элек. Ал катуу ооруп калганда мен Италиядан ар кандай дары-дармек салып жиберип турдум. Анын бул жарыктан эрте кетиши мен үчүн орду толгус жоготуу болду. Анткени ал менин далай фильмдеримде башкы ролду ойношу керек эле. Сүрөтчү катары да мыкты талант болчу.
– Эмне үчүн Тажикстанда тартылган?
– Мен ага чейин Исфарада жети кино тарткам. Ал жерде мага керектүү чөл, талаа, кызгылт тоолор көп болчу.

  • Фильм Тажикстандын Исфара шаарында тартылган.
  • Тасмага казак, тажик, өзбек, түркмөн, кыргыз актёрлору катышкан.
  • Сүймөнкул Чокморов «Жетинчи ок» тасмасына чейин 1969-1970-жылдары Али Хамраевдин «Өзгөчө комиссар» фильминде башкы ролду ойногон.
  • Айгүлдүн ролун аткарган Дилором Камбарова «Жетинчи ок» тасмасынан кийин атактуу болуп кеткен.
  • Фильм акыркы жылдары Мексика, Голландия, Түркия, Норвегия, Польша, Францияда да көрсөтүлүп жатат.
  • Тасманы Орусия телеканалдары тез-тез көрсөткөнү менен, Өзбекстанда таптакыр тыюу салынган. Анткени жергиликтүү эл «коммунисттердин колуна мылтык карматып, биздин мыктыларды атышкан» дешет.
  • Өзбекстанда басмачылардын башчысы Хайрулланын эстелиги бар.

КИНОРЕЖИССЁР ТӨРӨЛГӨНДӨН КИЙИН АТАСЫ КАМАЛЫП КЕТКЕН
Белгилүү советтик режиссёр 1937-жылы 19-майда Өзбекстандын Ташкент шаарында жарыкка келген. Эки улуттун өкүлүнүн ортосунан жаралган талант десек болот. Атасы тажик, апасы украин. Апасы Анастасия «актриса болом» деп ак эткенден так эткени менен, ою ишке ашпай калган экен. Атасы тажик-өзбек элинин актёру, сценаристи, кинодраматургу болгон. Бир нече тасмаларда башкы ролдорду жараткан.
Режиссёр төрөлгөндөн кийин эле атасы 1937-жылы репрессиянын учкундары менен камакка алынып, эки жылдан соӊ бошотулган. Камактан чыккандан кийин деле көп жашаган эмес. 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон. Ал мезгилди өзү мындайча эскерет:
«Апам кара кагаз алганда такыр ишенген жок. Биз кыйынчылыкта жашадык. Үйдөгү буюм-тайымдарыбыздын баарын нан алыш үчүн сатып жаттык. Бирок атамды келет деген апам анын пальтосун, шляпасын, костюмун сатпай, шкафта сактачу».

УЧУРДА ИТАЛИЯДА ЖАШАЙТ
Ошентип канында актёрлук таланты бар Хамраев 1961-жылы ата-энесинин жолун жолдоп ВГИКти аяктап, Ташкентке келип «Өзбекфильм» киностудиясында иштеп калган. «Апапак илегилектер» («Белые, белые аисты») тасмасынан кийин колунан иш келерин байкаган жетекчилик революция тууралуу ленталарды тартууга ишеним көрсөтүп, «Жетинчи ок» («Седьмая пуля»), «Жан сакчы» («Телохранитель»), «Өзгөчө комиссар» («Чрезвычайный комиссар») деген тасмаларды биринин артынан экинчисин тарткан. Учурда Италияда жашайт. Италияда жашап жараткан эмгеги катары 1998-жылы тартылган «Бо Ба Бу» тасмасын атоого болот.
Союз тарагандан кийин Микеланжело Антонионинин чакыруусу менен баатыр Тамерландын тарыхын экрандаштыруу үчүн Италияга сапар алат. Темирлан туурасындагы тасма тартылбай калган, бирок ошондон кийин Италияда жашоону туура көргөн.
Италияда жашаган кинорежиссёрго баары бир Орто Азия жакын. Ташкент, Астана, Дүйшөмбү, Бишкек шаарларында өзүн жакшы сезет.
Эки кызы, бир уулу бар. Жубайы Кытайда төрөлгөн уйгур кызы, кинорежиссёрдун бир нече фильмдерине тартылган.
«Ак илбирс» улуттук киносыйлыгын алууну толкундануу менен кабыл алган кинорежиссёр мурун үй-бүлөсү менен эс алганы Ысык-Көлгө көп каттаганын айтат. Ар бир келишинде достору Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Болот Бейшеналиев беш бармак жасап тосуп алып, майрамга айлантышканын мактануу менен эскерет.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
basyz-kaman.
2015-05-22 09:38:36
Ал ак чачтар кара болчу көмүрдөй,
Жаркын талант чайпалбай да төгүлбөй.
Элестелип бүт дүйнөгө таркады,
Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй.
+7
Eli75
2015-05-23 15:04:01
Мага жаккан эн сонун кинолордун бири. Мурда мектеп окуучуларына ушундай кинотасмаларды клубда корсотуп турчу. Суймонкул Чокморов улуу талант, анын ролдору дайым эсте.
0
BAXA08
2015-06-19 20:21:11
жетинчи ок киносун кошуп коюнуздарчы сураныч
0
№ 654, 15-май-21-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан