Шайырбек Абдырахман уулу, журналист: «МЕЗГИЛ СЫНООСУНАН ӨТКӨН «АТА МЕКЕНДИН» СУНУШУНАН БАШ ТАРТУУНУ ТУУРА КӨРБӨДҮМ»

Журналистиканын казанында кайнап, коомдогу болуп жаткан окуяларды чагылдырып, «кыргыз эле, кыргыз!» деп ураан салган Шайырбек Абдырахман уулу аттуу журналистти тааныбагандар аз. Эфирден көптөн бери көрүнбөй жүргөнүнүн жайы Москвадан билим алып жатыптыр. Кесибинин арты менен калк жашоосун жакшы түшүнгөн журналист дипломатияны да кылдат өздөштүрүптүр. Чоӊ секирик жасап, эл өкүлү болом деп теминген Шакени кепке тарттык.

  • 1976-жылы 27-сентябрда Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган.
  • 1994-2000-жылдар аралыгында Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинде билим алган.
  • 2001-2008-жылдары КТРКда эмгектенген.
  • 2009-жылдан тарта ЭлТР каналында эмгек жолун уланткан.
  • 2010-2013-жылдары «ЭлТР» КТРКсынын башкы директору болгон.
  • Чыӊгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын, президенттин Ардак грамотасынын ээси.
  • Учурда Москвадагы Дипломатиялык академиянын магистранты.
  • Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы.

– ЭлТР каналынын башкаруу тизгинин тапшыргандан кийин Москвадан билим алууга бел байладыӊыз. Журналисттик ишмердүүлүгүӊүздү экинчи планга жылдырууга эмне түрткү болду?
– Биринчиден, журналисттик кесипти экинчи планга калтырган жокмун. Өз кесибимди тереӊ билип, ардактап сүйгөнүм үчүн кеттим. Журналист күндө окуп, билим алып, көптү билиш керек экен. Анткени бул кесип өтө тереӊ изилдөөнү, анализдөөнү, көп нерседен кабардар болуп, чоӊ ойду көтөрүп жүрүүнү талап кыларын түшүндүм. Быйыл Москвадагы Дипломатиялык академиянын магистратурасын бүтүрөм. Факультетим эл аралык мамиле, анын ичинен эл аралык коопсуздук бөлүмү.
– Жаӊылбасам, факультетиӊиз дүйнөлүк экономика эле. Эл аралык коопсуздук бөлүмүнө өтүп кетүүӊүздүн себеби эмнеде?
– Башында экономика факультетине өткөм. Бирок эл аралык коопсуздук тармагы менин журналисттик жан дүйнөмдү тартып, аталган факультетке которулдум. Бул бөлүмдөн маалыматтык, экономикалык жана башка коопсуздуктун түрдүү багытынан билим алдым.
– Чет жерде окуп жатасыз. Кыргызстандын экономикалык болобу, маданий жактанбы алдыга жылуусуна тоскоол болуп жаткан жагдайлар эмнелер экенине көзүӊүз жеткендир...
– Кайсы тармакта болбосун алдыга жылып, өсүп-өнүгүү үчүн билим керек. Билимди сөзсүз эле чет жерден алып келүү максат эмес. Жөнөкөй тил менен айтканда, биринчи өзүбүздү өзүбүз тарбиялап, жеке маданиятыбызды жогорулатышыбыз абадай эле зарыл. Ааламга, коомго, мамлекетке болгон көз карашыбызды, ички дүйнөбүздү өзгөртүшүбүз керек. Эгер биз өзүбүздү өзүбүз өнүктүрбөсөк, коомубуз эч качан өнүкпөйт.
– Күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынын катарында барганы жатасыз. Эмне үчүн башка партиялар эмес, «Ата Мекен»?
– Коомго көз чаптырсаӊ, бизде партиялар көп. Айрымдарын байкасаӊ эртеӊ менен ойгонсоӊ эле лидерлеринин биригип жатканын көрөсүӊ, эртеси күнү ойгонсоӊ кайра айрылышып жатканына күбө болосуӊ. Кээ бирлери күндүн чыгышына, батышына, аба-ырайынын өзгөрүшүнө карап позицияларын, аталыштарын өзгөртүп жиберишет. Мага башка партиялардан дагы сунуш түшкөн. Бирок мезгилдин сыноосуна туруштук берип, далай ашууларды ашып, толкундардан өткөн, тарыхы, позициясы, келечекте көздөгөн планы бар «Ата Мекен» партиясынын чакыруусунан баш тартууну туура көрбөдүм.
– Партияны мурда сыртынан билсеӊиз, азыр ички саясатына аралашып баштадыӊыз. Эмне айырмачылыкты байкадыӊыз?
– Көпчүлүк «Ата Мекен» партиясы дегенде Өмүрбек Текебаев, Болот Шерди элестетип, партиянын саясатын алар калчайт дешет. Мен аралашып жүрүп көп нерсеге ынандым. Партияда кары-жашы дебей кеӊешип чечим чыгарышат экен. Өмүрбек Текебаевдин «келечекте партияны жаш муунга, башка лидерге өткөрүп берем» дегенин уктуӊуздар. Партиянын өткөн тарыхын улантып алып кетчү идиректүү, билимдүү, акыл топтогон, түшүнүгү жогору, мыкты сапаттары бар жаштардын жоон тобу бар экенин байкадым. Ушундай чөйрөгө келип кошулганыма сыймыктандым. Зирек жаштар биригип Кыргызстандын келечеги үчүн барандуу иш кылабыз деп ой жоруп, ошондон канагат алып калдым.
– Акыркы учурда партияга бир идеяга сугарылган командалар кошулганы байкалып жүрөт. Сиз дагы бир топтун курамында болсоӊуз керек?
– Садык Шер-Нияз баштаган чоӊ команда менен келип кошулдук. Баам салган кишиге маданият, адабият чөйрөсүндө топтолгон адамдардын аралчасы болчубуз. Ошол арал бүгүн «Ата Мекен» деген чоӊ материкке кошулду.
– Илгери эрезеге жеткен кыргыздын эр жигити кылыч чапканды үйрөнүп, элин жоодон коргоого аттанчу. Азыр мыкты чыкма эр жигиттин баары саясатка аттанат. Сиз эмнени көздөп саясатка баратасыз? Максатыӊыз эмне?
– Бир пикирдеги, сынакы адамдар менен Кыргызстанга адал кызмат кылуу.
– Бизге берген маегиӊизде «саясатка аралашкым келип, аны менен ооруган инсан эмесмин. Саясатчы болууга тырышып, умтулбайм деле» деп жооп берген элеӊиз. Саясат илдети качан пайда болду?
(Күлүп) Саясатка кызыгам, бирок ал илдеттен азырынча алысмын деп айтканым эсимде. Жаш курак келгенде үзөӊгүлөш адамдар менен биригип эл-жер үчүн татыктуу эмгек кылып, оорун колдон, жеӊилин жерден алайын деген ой болот экен. Азыр ошол ойду туу тутуп жүрөм. Кыскасын айтканда, отуз жашта орок орчубуз, кыркыбызда кылыч чабар мезгил келди.
– 13 депутатка каршы кылмыш иши козголду, спикер крим төбөлдөр менен тыгыз байланышка шектелип, креслосун бошотту, фракция лидерлери соттолду, бет канжалаткан мушташтар болду... Айтор, жалпы коомчулук Жогорку Кеӊештин 5-чакырылышынын ишмердүүлүгүнө байкоо салып, көбүнчө сынга алып турду. Бул чакырылышка сиздин бааӊыз кандай?
– 5-чакырылыш тууралуу ак же кара деп баа берүү эрте. Келечекте тарых өз баасын берет. Эл өкүлдөрү текши эле карасанатай эмес. Мекен үчүн билек түрүп, жан үрөп иштегендери да бар. Ошон үчүн тигиндей-мындай дегенден алысмын.
– Тил менен элди муютуп, өзүнө имерип алуу чанда гана адамдарда болчу өнөр. Мындай касиет сизге кимден өткөн?
– Бала кезимде чоӊ энем менен таенемдин талканын көп жеп калдым. Жогорку окуу жайында болсо филология факультетинде окуп, курчап турган чөйрөм сөздүн гүлүн терип сүйлөгөн инсандар болду. Студент кезимде Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Ашыралы Айталиев аталарыбыздын кешигин ичип чоӊойдум. Мына ушул факторлор, жашоомдо болуп өткөн көктөмдөр көркөм сүйлөөгө тарбиялады.
– «Тилинен да, колунан да келет» деген кеп бар. Тилиӊизден го көп нерсе келет. Кара күч менен эмне жасай аласыз?
– Айылда чоӊойгондуктан дыйканчылыкка жакынмын. Тамеки эгип, аны тизип, мал кайтарып, жаӊгак терчүбүз. Чөп чаап, боолоочубуз. Атам там салса жардамдашып ылай ташып, ылай тебелеп эле чоӊойгом. Кара жумушту колумдан келишинче жасайм.
– Балалыгыӊызда короз уруштуруп, аӊчылык кылганга маш экениӊизди айтканыӊыз бар. Азыр эмне кылуудан ырахат аласыз?
– Балык уулоодон азыр деле ырахат алам. Мындан сырткары аудиокитептерди угуп канагат алам.
– Москванын кыйма-чийме жолдору, бийик имараттарынын арасында жашап жүрөсүз. Кусалануу жеӊебизге көбүрөөк болобу же Ала-Тоогобу?
– «Мекенин сагынбас эр, үйүрүн сагынбас тулпар, туурун сагынбас шумкар болбойт» деген кеп бар. Үй-бүлөмдү, жакындарымды сагынам. Аны менен катар эле манасчыларды, акындарды сагындым. Күзүндө жалбырагы жайнап турган жаӊгак токоюн, Суусамырдын жайыгында унааны айдап, музыка угуп бараткан күндөрүмдү сагындым.
– Үй-бүлөлүк башкарууга катышып турбаса таасир тайчу эле. Балдарыӊызды жеӊем тарбиялап жатса, желекти алдырып ийбедиӊизби?
– «Кеӊешип кескен бармак оорубайт» дегендей, үй-бүлөдө акылга салып, макулдашып иш жасаган жакшы. Жеӊеӊ менден желек деле талашпайт (күлүп). Үйдөгү иш, балдарды кароо анын милдети болсо, мен аларды багып, тарбиялап келем.
– Маегиӊизге рахмат. Эл-жер деп күйгөн демиӊизден тайбай, мекен үчүн кызмат кыла бериӊиз!

– Сизге мансап жакынбы же «Манаспы»?
– Көбүнчө ички сезимди улуу көрөм. Мансапты барктасаӊ да, бааласаӊ да бир күнү жоголот.
– Бийликте капчыктуу болгон жөнбү, кадырлуу болгонбу?
– Бийликтеги инсан эл алдында кадырлуу болуш керек.
– Санга карайсызбы же сапаткабы?
– Сапатка карайм.
– Айфон же Самсунг?
– Самсунг
– Көкбөрү же футбол?
– Экөө теӊ бирдей.

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Kara-kulzha
2015-05-19 11:32:37
Ата Мекенге кетиптирда.
0
zoro21
2015-05-19 23:50:29
Журналист деп эсептечумун,бирок....эми.....оюм озгорду!!!!ашанын адамы болупсузда ака((((
0
Kamil_
2015-05-21 01:59:00
Идиреги бар адам экени эфирге алгачкы жолу чыгып жургондо эле байкалчу. Созду таап суйлоп, чондорду каап суйлоп анда-санда кысымдарга дагы кабылган жайы бар. Копту коруп, копту тааныган билими, иш тажрыйбасы менен элине ак кызмат кылууга бел байлаган инсанды колдоого алганыбыз жаны муунду жаратат деп ойлойм.
0
admin_superstan
2015-05-22 10:46:06
aitysha-91, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! 2 күн БАН!
0
Sayragul
2015-05-22 19:39:32
Соз багып суйлоп,элге таанылып, Эми дагы билимин оркундотуп жаткан, озу кучтуу эрк кармаган уком, дайыма ийгилик коштоп, уй-булондо ырыскы-ынтымак болсун.Сени менен сыймыктанган Кара Жыгачтык эжен.
0
nusichka
2015-05-23 00:08:44
Сиз менен иштеп калганыма сыймыктанам. аракетчил, чынчыл, созуно бекем турган инсандардын катарын толуктайсыз. уй булонузго бакыт, ишинизге ийгилик, ден соолук, узун омур каалайм. ОшАСКдан НУРЗАТ
0
№ 654, 15-май-21-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан