РОСИНБАНК ЖЕӉИШ КҮНҮН ӨЗГӨЧӨ ТОСУП АЛДЫ

«Росинбанк» ачык акционердик коому Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгынын урматына өзгөчө саамалык өткөрдү. Анда «Росинбанктын» жаш адистери кан күйгөн согушта от кечип, каармандык көрсөтүп келген Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушуп, алардын эскерүүлөрүн угуп, ардагерлерге бүгүнкү тынчтык үчүн ыраазычылык билдирип, белектерин тапшырышты. Буга катар «Росинбанктын» бардык филиалдарында Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган атайын ишембиликтер өткөрүлдү. Ишембиликке «Росинбанк» ачык акционердик коомунун Директорлор кеӊешинин башчысы Улан Сарбанов, Башкаруу төрагасы Евгений Немеринский баштаган аталган мекеменин адистери жана Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү катышышты.

Ишембилик учурунда «Росинбанктын» Башкаруу төрагасы Евгений Немеринский уюштурулган саамалыктар тууралуу кенен айтып берди:
– Биринчиден, Улуу Жеӊишти алып берген муун – бул өзгөчө муун экенин белгилеп кетким келет. Алардын эрдиги эч качан унутулбайт. Ардагерлерди эстеп, аларга ыраазычылык билдирүүчү бул күндү 9-Май деп гана кабыл албашыбыз керек. Аларга күн сайын көӊүл буруп турушубуз зарыл. Ансыз да алар күндөн-күнгө азайып бара жатат. Биздин банк ардагерлерди ар бир майрамда куттуктап турууну салтка айлантып келе жатат. 8-Март, Нооруз күнү жана башка белгилүү даталарда жаш адистерибиз ардагерлер менен жолугушуп, алар менен сүйлөшүп отуруп белектерди тапшырып кайтышат. Адегенде 12 ардагерди сыйлап, куттуктоодон баштаганбыз. Учурда 30 ардагерге дайыма колдоо көрсөтүп турабыз. Жалаӊ жаш адистерди жөнөткөнүбүздүн да жөнү бар. Жаштар элге тынч асманды, бүгүнкү бейпил жашоону камсыздаган тирүү каармандар менен баарлашып, алар көргөн азап-тозокту сезип, баркын билсе, тарыхты унутпаса деген тилек. Адистерибиз ардагерлерге белек тапшырып эле кетип калышпайт. Алар менен чай ичип, кайсы майрам болбосун баарлашып отуруп кайтышат. Ырас, адегенде ардагерлер менен жолукканда жагдай бир аз башкача болчу. Бирок ардактуу карыларыбыз өткөнүн эске алып, өзгөчө сөз куруп бергенде жаштардын көзүндө учкун пайда болгон. Эми майрамдарда жаштарыбыз ардагерлерди куттуктаганга шашышат.
Белгилей кетүүчү жагдай, ишембилик өзгөчө жылуу маанайда өттү. «Росинбанктын» Директорлор кеӊешинин төрагасы Улан Сарбанов кесиптештери менен айлана-чөйрөнү тазалап, карагай көчөттөрүн отургузуп жатып ардагерлерге эӊ башкысы көӊүл керектигин айтып отурду:
– Ардагерлерди жөн эле барып куттуктап, анан кетип калган болбойт. Билесиздерби, аларга көӊүл керек, алардын өткөн-кеткенин, жакшы жаӊылыктарын, көйгөйлөрүн угуп отуруу кажет. Колдон келсе өзгөчө белек менен сүйүнтүп коюуга эмне жетсин?! Биз да ардагерлерди кантип сүйүнтүп, алардын көӊүлүн алсак деп ойлондук. Анан белектерди атайын аскердик баштыктарга салып барууну чечтик. Аларды орусча «вещмешки» деп коюшат. Аны аскерге баргандар билишет. Ардагерлерге мына ошол аскер баштыктарына белек салып барсак аябай кубанышты. Себеби ошол жөнөкөй баштыктар алардын өткөнүн эске салган тарыхтын бир үзүмү да. Аскер баштыктарын кармалап жүздөрүндө жылмаюу пайда болгонун көрүп, биз да кубандык.
Өткөн тарыхты, Улуу Ата Мекендик согушта келечек муундун эркиндиги үчүн жан аябай согушуп жеӊишке жеткен ардагерлерди сөз кылып, алардын эрдиктерин эскерүү менен өткөн ишембилик муундар ортосундагы өзгөчө байланышты пайда кылгандай болду.
«Росинбанктын» бул ишембилигине Бишкек шаарынын вице-мэри Алтынай Өмүрбекова да катышты. Ал ишембиликке чакырган «Росинбанкка» ыраазычылык билдирип:
«Бул саамалыктар ардагерлерди эскерүүгө арналган биздин колубуздан келе турган эӊ жөнөкөй нерсе. Аларга ар дайым көӊүл буруп, кубаныч тартуулап турууга милдеттүүбүз. Мэрия мындай иш-чараларды колдоп берүүгө даяр. Биз «Росинбанк» ачык акционердик коомунун бардык филиалдарында дайыма тазалык жана сулуулук болуп турушуна тилектешпиз»,- деп кошумчалады.
Жыйынтыгында ишембилик жылуу маанайда аяктап, катышуучулар жылмаюу менен коштошушту.


Мирлан Өмүралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 654, 15-май-21-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан